Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн

Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн

Үй-бүлө менен талкуулоо үчүн

Бул сүрөттө эмне жетишпейт?

Марк 1:9—11-аяттарды окугула. Эми сүрөттү карап көргүлө. Эмне жетишпейт экен? Төмөндөгү бош орундарга жообуңарды жазгыла жана сүрөттү боёп, жетишпеген бөлүктөрүн тарткыла.

1...

2...

ТАЛКУУЛОО ҮЧҮН:

Исанын жолдоочулары кандай себептерден улам чөмүлтүлүшөт?

ЖАРДАМ. Окугула: Марк 8:34; 1 Петир 2:21; 3:21.

Чөмүлтүлүү үчүн адам канча жашта болушу керек деп ойлойсуңар? Эмне үчүн минтип жооп бердиңер?

ЖҮЙҮТ ИСКАРИОТ ДЕГЕН ЭЛЧИ ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ БИЛЕСИҢЕР?

3. Жүйүт башка элчилерде болбогон кандай сыймыктуу жоопкерчиликке ээ болгон?

ЖАРДАМ. Окугула: Жакан 13:29.

4. Жүйүт кандай азгырыкка алдырып койгон?

ЖАРДАМ. Окугула: Жакан 12:6.

ТАЛКУУЛОО ҮЧҮН:

Жүйүт эмнеден улам ушундай кылмыш кылган деп ойлойсуңар? Ушу сыяктуу азгырыкка качан туш болушуңар мүмкүн? Жүйүттүн мисалы жөнүндө ой жүгүртүү силерге туура иш кылууга кандайча жардам берет?

БУЛ САНДА:

Суроолорго жооп берип, калтырылып кеткен аяттарды жазгыла.

8-БЕТ Эмне кылуу көбүрөөк бактылуу кылат? Элчилер 20:________

9-БЕТ Исанын шакирттерин эмне айырмалап турат? Жакан 13:________

19-БЕТ Кудайдын тынчтыгы эмне кыла алат? Филипиликтер 4:________

20-БЕТ Жахаба кимдерге жакын? Забур 34:________

Жооптору

1. Чөмүлдүрүүчү Жакан. 2. Көгүчкөн. 3. Акча салынуучу кутучага жооптуу болчу. 4. Акчаны алгысы келип, уурдап алган.