Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4-ачкыч: Саламаттыгыңарды сактагыла

4-ачкыч: Саламаттыгыңарды сактагыла

4-ачкыч: Саламаттыгыңарды сактагыла

«Акылдуу адам кырсыкты көрүп жашынат» (Накыл сөздөр 22:3). Саламаттыкты сактоо үчүн жумшалган жөнөкөй эле кадамдар көптөгөн оорулардан, азап-кайгыдан тышкары болууга жана убакытты, акчаны үнөмдөөгө өбөлгө түзөт.

◯ Өздүк гигиенаны сактагыла. «Колду жуу инфекциянын таралышына бөгөт койгон жана сак-саламатта болууга шарт түзгөн бирден бир маанилүү чара болуп эсептелет»,— деп билдирет АКШнын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору. Ал борборлор инфекциялардын 80 пайызы кир кол аркылуу жугарын маалымдайт. Андыктан колду күнү бою бат-баттан жууп туруу маанилүү. Өзгөчө, тамактануунун, тамак жасоонун алдында, жараатты таңарда же кармаарда, ошондой эле жаныбарларды кармагандан, дааратканага баргандан же баланын астын которгондон кийин колду жуу зарыл.

Колду суу менен самындап жуу спирттин негизинде жасалган дезинфекциялоочу каражаттардан алда канча натыйжалуу. Ата-энелер балдарын колдорун жууганга жана оозун, көзүн кармалабаганга үйрөтүшсө, алардын дени сак болот. Күнүгө жуунуу жана кийим-кечекти, шейшепти таза сактоо да сак-саламатта болушуңарга шарт түзөт.

◯ Жугуштуу оорулардан сактангыла. Суук тийген же тумоолоп калган киши менен кол алышуу, кучакташуу сыяктуу карым-катнаштан же аны менен бир идиштен тамактануудан качкыла. Анткени оору алардын шилекей тамчылары жана мурун суюктугу аркылуу жугушу мүмкүн. Гепатит В, С жана КИВ/ЖИКС сыяктуу кан аркылуу тарай турган дарттар, негизинен, жыныстык катнаш, баңгизатты вена аркылуу кабыл алуу жана кан куйдуруу аркылуу жугат. Эмдөө айрым инфекциялардын жолун бөгөшү ыктымал, бирок жугуштуу оору менен ооруп жаткан киши менен мамилелешүүгө туура келсе, баары бир коопсуздук чараларын көрүү акылдуулукка жатат. Андан тышкары, чымын-чиркей, курт-кумурскалардан коргонгула. Желимчи чиркей жана башка инфекция ташуучу чымын-чиркей, курт-кумурскалар өзгөчө жанданып турган учурда эшикте эч кандай коргоосуз отурбагыла же уктабагыла. Аларды качыра турган каражаттарды жана торду колдонгула, бул, айрыкча, балдарды коргоо үчүн маанилүү *.

◯ Үйүңөрдү таза кармагыла. Үйдүн ичин да, тышын да тыкан, таза кармоо үчүн бардык аракеттерди көргүлө. Желимчи чиркейлер көбөйбөшү үчүн, суу туруп калган жерлердин болбошуна кам көргүлө. Таштанды, акыр-чикир, үстү жабылбаган тамак-аш жана анын калдыктары микробдорду ташып, ооруларды жуктуруучу чымын-чиркейдин, курт-кумурсканын жана чычкан-келемиштин көбөйүп кетишине себеп болот. Үйдө даараткана жок болсо, айлана-тегеректи булгабаш үчүн, сыртка жөнөкөй даараткана жасап койгула. Даараткананы көз инфекцияларын жана башка илдеттерди ташыган чымын-чиркейлер кирбегидей кылып жасагыла.

◯ Жаракат алуудан сактангыла. Иштеп жатканда, велосипед тепкенде, мотоцикл же машине айдаганда коопсуздук эрежелерине кармангыла. Унааңар айдоого коопсуз экенине ынангыдай болгула. Коргоочу көз айнек, баш кийим, бут кийим, кулакчын жана коопсуздук куру сыяктуу коргоочу жабдыктарды жана кийимдерди колдонгула. Узак убакыт бою күндө жүрүүдөн качкыла, себеби бул ракка жана теринин эрте карышына алып келет. Тамеки чексеңер, таштагыла. Азыр таштаганыңар жүрөк ооруларына, өпкө рагына жана инсультка чалдыгуу коркунучун бир топ төмөндөтөт *.

[Шилтемелер]

^ 5-абз. «Ойгонгула!» (ор.) журналынын 2003-жылдын 22-майындагы санына чыккан «Чымын-чиркейлер — оору тараткычтар» деген катар макалаларды карагыла.

^ 7-абз. «Ойгонгула!» журналынын 2010-жылдын июль—сентябрындагы «Тамекини кантип таштаса болот?» деген санын карагыла.