Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Мүйүз куйруктун жумуртка салгычы

Мүйүз куйруктун жумуртка салгычы

Өзүнөн өзү пайда болгонбу?

Мүйүз куйруктун жумуртка салгычы

● Ургаачы мүйүз куйрук жумурткаларын кызыл карагайларга таштайт. Анын жумуртка таштоо ыкмасы окумуштууларды мурункудан да коопсуз жана натыйжалуу хирургиялык зонддорду ойлоп табууга түрткү берди.

Көңүл бурсаңар: мүйүз куйрук кызыл карагайды жумуртка салгычы — ийне сымал түтүкчөсү — менен тешет. Ал түтүкчө бири-бирине бириккен жана тескери караган тишчелери бар эки жебеден турат. Биринчи жебенин тиштери жыгачка кирип, илинет да, жумуртка салгычтын жыгачка бекем орношун шарттайт, ошонун аркасында экинчи жебе бир аз алдыга жылат. Алдыга жылгандан кийин экинчи жебенин тиштери жыгачка кирип, бекигенде, биринчи жебе дагы алдыга жылат. Жебелери тездик менен алдыга-артка кыймылдап, улам бири туруктуулукту камсыз кылып, башкасы алдыга жылганынын аркасында жумуртка салгыч ийилип да, сынып да кетпей, аз эле күч менен карагайдын кабыгын 20 миллиметрге чейин теше алат.

Ургаачы мүйүз куйруктун жумуртка салгычы илимпоздорго ошол эле принцип менен иштеген нейрохирургиялык зонддорду ойлоп чыгарууга түрткү берди. Кремнийден жасалган ал ийне алдыга-артка кыймылдаган жана микроскоптук тишчелери бар эки жебеден турат. Ал мээнин терең жерлерине аны көп жабыркатпай кире алат. Бирок ал шайман дагы бир өзгөчөлүккө ээ болот деп күтүлөт. «Ал азыркы хирургиялык зонддордон айырмаланып, мисалы, операция учурунда мээдеги өтө кооптуу жерлерден кыя өтүп, эң эле коопсуз жолго түшкүдөй ийилчээк болот»,— деп түшүндүрүлөт «Нью сайентист» журналында. Мындай зонддор организмдин жетүүгө кыйын болгон жерлерине ткандарды көп кеспей эле жетүүгө да өбөлгө түзөт.

Кандай деп ойлойсуңар? Ургаачы мүйүз куйруктун жумуртка салгычы өзүнөн өзү пайда болгонбу? Же Жараткандын колунан бүткөнбү?

[25-беттеги схема]

(Текстти толугу менен көрүү үчүн адабиятты кара)

Биринчи жебе жыгачты тешип киргенде, экинчиси алдыга жылып, тиштери менен туруктуулукту камсыз кылат

Жыгач

Алмак-салмак иштеген күчтөр

[25-беттеги уруксат менен коюлган сүрөт]

Wasp: David R. Lance, USDA APHIS PPQ, Bugwood.org; diagram: J. F. V. Vincent and M. J. King, (1996). The mechanism of drilling by wood wasp ovipositors. Biomimetics, 3: 187-201