Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Эмне үчүн ушуга барышат?

Эмне үчүн ушуга барышат?

Эмне үчүн ушуга барышат?

ИСПАНИЯДА жашаган Косеба эмне үчүн экстремисттик топко кошулуп кеткенин мындай деп түшүндүрөт: «Ошол маалдагы кысым, адилетсиз мамиле адам чыдагыс болуп кеткен. Мен жашаган Бильбао деген чоң шаарда полиция кызматкерлери үйлөргө кирип келип, адамдарды уруп-сабап, кармап кетишчү».

Ал сөзүн андан ары улап: «Бир жолу полиция кызматкерлеринин кылган ишине нааразычылыгымды билдиргеним үчүн, мени кармап кетип камап коюшту. Ошондо аябай ачууланып, адилеттик орнотуш үчүн баарына, керек болсо, киши өлтүрүүгө да даяр болуп калгам»,— дейт.

Кысым жана өч алуу

Ыйык Китеп зордук-зомбулукту жактабайт. Ошентсе да анда «кысым акылдууну акылсыздык кылууга түртүшү мүмкүн» экени айтылат (Насаатчы 7:7, «ЖД»). Көптөр өздөрүнүн расасына, туткан динине же улутуна ырайымсыз мамиле жасалгандыктан ушундай иштерге барышат.

Мисалы, өткөн макалада сөз кылынган Хафени мындай дейт: «Биздин жерибизди мыйзамсыз түрдө тартып алышкан. Жан-жаныбарлар деле байырлаган жерин коргойт эмеспи, ошондуктан мен жерибизди, өз укугубузду коргоп согушканыбызды туура деп ойлочумун». Бир гезитке бир жан кечтинин өлөр алдында: «Менин элимди бомбалаганыңарды, газ менен уулантканыңарды, түрмөгө камаганыңарды жана эзгениңерди токтотпосоңор, биз да согушканыбызды токтотпойбуз», — деп айткан сөздөрү басылып чыккан.

Диний себептер

Экстремисттик топтор кан төгүүгө ар кандай себептен улам барышса да, ушундай иштерди көбүнчө диний себептерден улам кылышат. Экстремисттик топтун өкүлү мамлекеттик бир жетекчиге факс аркылуу мындай сөздөрдү жөнөткөн: «Биз акылынан айныгандардан же бийликти сүйгөндөрдөн эмеспиз. Биз Кудайдын эркин аткарып жатабыз, ошондуктан көз карашыбызды өзгөртпөйбүз».

Дэниел Бенжамин менен Стивен Саймондун китебинде: «Дүйнөдөгү адамдар абдан динчил болуп баратышат. Негизги диндердин да, ар кандай секталардын да мүчөлөрү кан төгүүнү Кудайга берилгендикте кылган кызматынын бир бөлүгү деп эсептешет»,— деп жазылган. Дагы бир изилдөөчү өзү «жер бетин дүрбөткөн террорчулук» деп атаган чабуулдардын бир нечесин изилдегенден кийин мындай деген: «Диний экстремисттер кылган иштерибизди Кудай колдойт, атүгүл бардыгын Кудайдын эрки менен кылып жатабыз деп ишенишет».

Бирок диний экстремисттик топтордун көбү туткан дининин окууларынан жана баалуулуктарынан кескин айырмаланган көз караштарга карманышат.

Кан-жанына сиңип калуу

Жогоруда айтылган Косебаны кармап кеткендер ага ырайымсыз мамиле кылышкан. Ал мындай дейт: «Алар катаал мамиле кылып жатса, аларды жек көргөнүм туура деп ойлочумун. Жагдайды өзгөртүш үчүн өлгөнгө да даяр болуп калгам, муну арзырлык иш деп эсептечүмүн».

Көбүнчө экстремисттердин кан төгүшүнө аларды үйрөткөн топтогулар да себепкер болот. «Качкындардын лагеринде болгон чогулуштарда ак түстөгү адамдар кара түстөгү адамдарга үстөмдүк кылуунун жолун издешет деген сөздөр айтылчу»,— дейт Хафени. Анын натыйжасы кандай болгон?

«Ак түстөгү адамдарга болгон жек көрүү сезимим уламдан-улам күчөй берди,— дейт Хафени.— Алардын бирине да ишенчү эмесмин. Акыры, ошентип отуруп чыдай албай калдым. Анан биздин муун бир нерсе кылышы керек деген чечимге келдим».

Бактыга жараша, Косеба да, Хафени да кан-жанына сиңип калган жек көрүү сезиминен арыла алышкан, ошондой эле башкаларга ишеним артууга үйрөнүшкөн. Алардын ой жүгүртүүсүнө, жүрөгүнө эмне таасир эткен? Бул туурасында кийинки макалада сөз болот.

[6-беттеги кыстырма]

«Алар катаал мамиле кылып жатса, аларды жек көргөнүм туура деп ойлочумун. Жагдайды өзгөртүш үчүн өлгөнгө да даяр болуп калгам, муну арзырлык иш деп эсептечүмүн» (Косеба).