Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жаштардын суроолору

Башкалар жакшы ойдо калышы үчүн, эмне кылсам болот?

Башкалар жакшы ойдо калышы үчүн, эмне кылсам болот?

«Жумуш берүүчү менен болгон маегим жакшы болду окшойт. Ал өзүмдү эркин алып жүргөн жигит экенимди байкады болуш керек. Босогону аттаарым менен эле ага атынан айтып кайрылдым. Мени жумушка алары турган иш!»

«Жанагы жакшы резюме жиберген бала ушубу? Муну кантип жумушка алам? Жумушка кире электе эле ушинтип жатса, кийин эмне болот?»

Сүрөттү карап, жогорудагы сөздөрдү оку. Жумушка орношкону келген бала кандай үч ката кетирген?

  1. ․․․․․

  2. ․․․․․

  3. ․․․․․

Жооптору төмөндө

1. Ылайыксыз кийим кийип алган. 2. Теңтушу менен сүйлөшкөндөй өтө эле эркин сүйлөшкөн (жумуш берүүчүгө атынан айтып кайрылган). 3. Турган турпаты менен сыйлабаганын көрсөткөн.

КАЙСЫ БИР тамакты биринчи жолу ооз тийип жатканыңды элестетсең. Анын сага жаккан-жакпаганын аныктаганга канча убакыт кетет? Ал тамакты кийин дагы жейсиңби, жебейсиңби, атүгүл алдыңда турган табактагыны түгөтөсүңбү же жокпу, бир жолу ооз тийгениңде эле айкын болушу мүмкүн.

Кимдир бирөө менен жаңы таанышуу да ушу сыяктуу. Бир нече мүнөттүн ичинде эле ал тууралуу кандайдыр бир ойдо болуп каласың. Ошол эле учурда ал киши да сен жөнүндө кандайдыр бир ойдо болуп калат.

Балким, жумуш, дос же өмүрлүк жар издеп жүргөндүрсүң. Ийгилигиң башкалардын сени бир көргөндө эле кандай ойдо калганынан көз каранды. Кел анда, башкалардын сен жөнүндө жакшы ойдо калышына жардам бере турган үч нерсеге токтололу.

1. Сырткы көрүнүшүң

Балким, муну адилетсиздик деп эсептейттирсиң, бирок башкалардын сени бир көргөндө эле кандай ойдо каларына адегенде эле сырткы көрүнүшүң таасир этет. Ошондой болсо да көптөр буга маани бере беришпейт. 20 жаштагы Клариса *: «Ресторанга барганда адамдардын расмий жолугушууга бара тургандай же үйдө жүргөндөй кийинип алганын көрүп, таң каласың»,— дейт.

Кандай кийим киериң жагдайга ылайык болушу керек. Мисалы, көлгө түшкөнү барганда кие турган кийимиңди жумушка орношкону барганда кийбейсиң да, чынбы? Бирок кандай кийингениң ылайыктуу болорун билбей жатсаңчы? Андайда өзүңө ашыкча көңүл бурдуруп, таң калтыра турган кийимдерди кийүүдөн качканың эстүүлүккө жатат. Эгер чечимиңдин тууралыгына шектенип жатсаң, анда элден айырмаланбагыдай, адептүү кийин.

ЭСИҢДЕН ЧЫГАРБА. Рентген кагазынан ички органдардын абалы көрүнгөндөй эле, кийген кийимиңен, сырткы көрүнүшүңөн ички дүйнөңдүн кандай экени көрүнүп турат.

«Достук жолугушууларга барганда бир кызыктай кийинип алгандарды көрсөм, алар менен сүйлөшүп-мамилелешкенден качам. Алардын сырткы көрүнүшүнөн эле кандай адамдар экени байкалып калат» (Дайан).

Ыйык Китепте «уят-сыйыттуулук жана акыл-эстүүлүктү» көрсөткөн «тыкан кийим» кийүү керектиги кеңеш кылынат (1 Тиметей 2:9).

Ойлонуп көр. Кийимим тыкан, адептүүбү же сырткы көрүнүшүмө шалаакы мамиле кыламбы? Жумуш берүүчү, дос болгум келген же өмүрлүк жарым болушун каалаган киши кийген кийимимден мен тууралуу жаман ойдо болуп, «акыл-эстүүлүк» жетишпейт окшойт деп ойлоп калбайбы?

Кеңеш. Сен сыйлаган, жакшы, жарашыктуу кийинген кимдир бирөөдөн кеңеш сурап көр.

2. Сүйлөгөн сөзүң

Сүйлөгөн сөзүңөн момун же бой көтөргөн, жайдары же көңүл чөгөттүккө жакын киши экениң көрүнүп турат. Карама-каршы жыныстагы адамдын сен жөнүндө бир көргөндө эле жакшы ойдо болушун кааласаң, ушуну эсиңден чыгарба. «Мен балдар менен сүйлөшкөндө, алар өзү жөнүндө эле сүйлөй беришсе, кыжырым келип кетет»,— Валерия деген кыз. Анан: «Бирок кээ бир балдардын сен жөнүндө дароо эле баарын билгиси келе бергени да жакпайт. Ошондой балдар менен сүйлөшкөндө эмне кылышты билбей, өзүңдү оңтойсуз сезесиң»,— деп кошумчалайт.

ЭСИҢДЕН ЧЫГАРБА. «Адамдын өзүн билгиң келсе, сөзүн тыңшап көр»,— деген макал бар эмеспи. Андыктан башкалар сен жөнүндө жакшы ойдо калышы үчүн сүйлөгөн сөздөрүңө көңүл бурганың маанилүү.

«Мага балдардын өзүн эркин, табигый алып жүргөнү жагат. Жаңы таанышкан учур өзгөчө маанилүү. Эгер алар ар бир сөзү жөнүндө ойлонуп, ашыкча эле тынчсыздана беришсе, жасап сүйлөп жаткандай сезилет» (Селена).

Ыйык Китепте: «Көп сүйлөгөн адам күнөөгө батпай койбойт. Тилин тыйган адам — акылдуу адам»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 10:19).

Ойлонуп көр. Башкалар менен маектешип жатканда такыр эле ооз ачпай койбош үчүн же өтө эле көп сүйлөй бербеш үчүн кантип тең салмактуулукту сактай алам? Башкаларды таң калтыргыдай же аларга катуу тийгидей сүйлөбөймбү?

Кеңеш. Башкалар менен сылык-сыпаа, жакшы маектеше алгандарга көңүл бур. Алар маекти улап кетиш үчүн эмне кылышат? Аларды туурап, алар кылгандай кыла аласыңбы?

3. Иш-аракетиң

Сүйлөгөн сөзүңө караганда, кылган ишиң салмактуураак болот. Мисалы, сылык-сыпаа болсоң, кылган иштериңден башкаларды урматтап-сыйлаарың көрүнөт. Бул өмүрлүк жар издеп жүргөндөр эске алыш керек болгон дагы бир нерсе. «Эшикти ачып бергенинен жана башка ушул сыяктуу майда-чүйдө нерселерди кылганынан адамдын башкаларга урмат-сый менен мамиле кылары көрүнөт,— дейт Кари.— Айта берсе, сылык-сыпаалыкты билдирген ушундай нерселер көп».

ЭСИҢДЕН ЧЫГАРБА. Иш-аракеттериңди ички дүйнөңдүн кандай экенин көрсөтүп турган маалымат тактасына салыштырууга болот (Накыл сөздөр 20:11). Кылган иштериң сен жөнүндө эмнелерди айтып турат?

«Уга билүү аябай маанилүү деп ойлойм. Зарыл болбосо, сүйлөп жаткан адамдын сөзүн бөлбөгөнүң адептүү экениңди көрсөтөт» (Наталия).

Ыйык Китепте: «Башкалардын өзүңөргө кандай мамиле жасашын кааласаңар, силер да аларга ошондой мамиле жасагыла»,— делет (Лука 6:31).

Ойлонуп көр. Башкаларга сылыктык менен мамиле кыламбы? Аларга чын ыкластан көңүл бөлөмбү? Ишеничтүүмүнбү? Такмынбы?

Кеңеш. Күтүлбөгөн жагдайлар болуп калса да, кечикпей келиш үчүн болжошкон жерге, жок дегенде, 10 мүнөт эрте келгенге аракет кыл. Башкалар сени бир көргөндө эле «бул дайыма эле кечигип жүргөн неме окшойт» деп ойлоп калбагыдай болсун.

Эскертүү: башкалар сен жөнүндө жакшы ойдо калышы үчүн аракет кылуу чынында кандай адам экениңди жашырышың керек дегенди билдирбейт. Анткени мындай кылганың алдамчылыкка жатып калмак (Забур 25:4). Адегенде кандай сапаттарга ээ адам катары таанылгың келерин аныктап ал, андан соң ошол сапаттарды өрчүт (Колосалыктар 3:9, 10). Ушундай кылсаң, өз аброюңду өзүң көтөрөрүңдү унутпа. Сырткы көрүнүшүңө, сүйлөгөн сөзүңө, кылган иштериңе олуттуу көңүл буруу менен башкалардын бир көргөндө эле сен жөнүндө жакшы ойдо болушуна өбөлгө түзө аласың. Мунун аркасында алар сен жөнүндө дайыма жакшы ойдо болушат.

 

^ 15-абз. Макаладагы айрым ысымдар өзгөртүлүп берилди.