Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Экинчи бет

Экинчи бет

Экинчи бет

Балабызга канткенде жакшы тарбия бере алабыз?

Жаңы эле төрөлгөн кызыл эт ымыркайын карап турган ата-эне бул жөнүндө ойлобошу деле мүмкүн. Бирок бала чоңоюп, эресеге жетип, уядан уча турган күн келет. Бул Кудайдын ой-ниетине ылайык, анткени Ыйык Китепте: «Эркек ата-энесин калтырат»,— деп жазылган (Башталыш 2:24). Кыз бала жөнүндө да ушуну айтууга болот.

Ошентсе да бойго жеткен уулу же кызы өз алдынча жашоого аттанганда, ата-энелер тынчсызданбай койбойт. Алар: «Балама туура тарбия бере алдымбы? Ал бойго жеткенде өз алдынча иштеп, үй-жай күтүп, тыйын-тыпырын үнөмдөп жашай алабы? Мындан да маанилүүсү, биз берген баалуу кеп-кеңештерибизди жашоосунда колдонобу?» — деп ойлонушат (Накыл сөздөр 22:6; 2 Тиметей 3:15).

«Ойгонгула!» журналынын атайын чыгарылган ушул санынан Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуу ата-энелерге балдарын чоңойтууда кандайча жардам берерин көрө алабыз.