Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өспүрүм куракка чейинки балдарды тарбиялоо

Өспүрүм куракка чейинки балдарды тарбиялоо

Өспүрүм куракка чейинки балдарды тарбиялоо

«Балаңар мектепке барганга чейин үйдө, силердин жаныңарда өзүн коопсуз сезип, бейкапар жүрөт. Дал ушул маалда аны жакшы сапаттарды өрчүткөнгө үйрөтүү жеңилирээк. Бирок алар мектепке бара баштагандан тартып башкалардын өзүн башкача алып жүргөнүн жана башкача сүйлөгөнүн көрө баштайт, бул балага терс таасир этиши мүмкүн» (Валтер, Италия).

БАЛДАР чоңойгон сайын көп нерсеге кызыга баштайт. Алар көп адамдар менен, алсак, чогуу ойногон, чогуу окуган балдар менен жана бир туугандары менен мамилелешүүгө үйрөнөт. Жогоруда өз ою менен бөлүшкөн Валтер айткандай, балдар кичинекей кезинде бардык нерсени ата-энесинен үйрөнөт, бирок чоңойгон сайын алардын жашоосуна ата-энеси эле эмес, башкалар да таасир эте баштайт. Андыктан так ушул маалда балаңарга тил алуунун канчалык маанилүү экенин түшүнгөнгө жана жакшы сапаттарды өрчүткөнгө жардам берүү зарыл. Ошондой эле эмне туура, эмне туура эмес экенин үйрөтүү абдан маанилүү.

Балдар бул нерселерге дароо эле үйрөнүп кетишпейт, ошондой эле бул нерселер өзүнөн өзү пайда болуп калбайт. Ошондуктан ата-энелердин Ыйык Китепте айтылган: «Окутуу чеберчилигин колдонуп, чыдамкайлык менен ашкереле, эскерт, үндө»,— деген кеңешке ылайык иш кылышы кажет (2 Тиметей 4:2). Байыркы учурда жашаган ысрайылдыктарга Кудай: «Аларды балдарыңа үйдө отурганыңда да, жолдо баратканыңда да, жатканыңда да, турганыңда да кайра-кайра айтып үйрөт»,— деген буйрук берген (Мыйзам 6:6, 7). Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, ата-энелер балдарын дайыма үйрөтүп-тарбиялашы зарыл.

Балдарды тарбиялап, чоңойтуу көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолот. Анда эмесе, келгиле, алардын айрымдарына токтололу.

Унчукпай турган убак

Ыйык Китепте «унчукпай турган убак» жана «сүйлөй турган убак бар» экени айтылат (Насаатчы 3:7). Балдарыңарды башкалар, анын ичинде силер сүйлөп жатканда, кунт коюп укканга кантип үйрөтө аласыңар? Мунун бир жолу — үлгү көрсөтүү. Башкалар же балдарыңар сүйлөп жатканда, силер кунт коюп угасыңарбы?

Балдар бир нерселерге алаксый беришет. Андыктан алар менен сүйлөшкөндө силерден чыдамкайлык талап кылынары шексиз. Ар бир баланын кулк-мүнөзү ар башка болгондуктан, баамчыл болуп, балаңар менен кантип сүйлөшкөнүңөр жакшы болорун аныктап алгыла. Мисалы, Улуу Британияда жашаган Давид мындай дейт: «Кызыма жаңы эле айткан сөздөрүмдү кайра кайталаттырчумун. Натыйжада кызым чоңойгон сайын кунт коюп уга баштады».

Иса пайгамбар шакирттерин окутуп жатканда: «Кандай угуп жатканыңарга көңүл бургула»,— деп айткан (Лука 8:18). Балдарыңардын башкаларды кунт коюп угууга үйрөнгөнү абдан маанилүү.

«Бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле»

Ыйык Китепте: «Кимдир бирөөңөрдө башка бирөөгө нааразы болууга себеп болсо да, көтөрүмдүү болуп, бири-бириңерди айкөлдүк менен кечиргиле»,— деп жазылган (Колосалыктар 3:13). Балдарды башкаларды кечиргенге үйрөтүш керек. Ан үчүн эмне кылсаңар болот?

Жогоруда айтылгандай эле, өзүңөр үлгү көрсөтүшүңөр керек. Балдарыңарга кечиримдүү экениңерди жана кечирүүгө даяр экениңерди көрсөткүлө. Орусияда жашаган Марина ушундай кылганга аракет кылат. Ал мындай дейт: «Балдарыбызды башкаларды кечиргенге, макул боло билгенге жана таарынбаганга үйрөтүү үчүн өзүбүз жакшы үлгү болгонго аракет кылабыз. Ошондой эле ката кетирип алганымда балдарыман кечирим сурайм. Аларды да башкаларга ушундай мамиле кылганга үйрөткүм келет».

Балаңардын келишпестиктерди чече билгени жана кечиримдүү болгону эр жетип бараткан маалда абдан керек болот. Аларды башкаларга кам көргөнгө жана туура эмес иштери үчүн өзүн жооптуу сезгенге үйрөткүлө. Ушундай кылуу менен балдарыңарга чоңойгондо абдан керек боло турган баалуу белек берген болосуңар.

«Дайыма ыраазы болгула»

«Өзгөчө оор» болгон азыркы маалда адамдардын көбү өзүмчүл болуп баратышат (2 Тиметей 3:1, 2). Ошондуктан балдарыңар кичинекей кезинде аларды башкаларга ыраазычылык билдиргенге үйрөткүлө. Ыйык Китепте Пабыл: «Дайыма ыраазы болгула»,— деп жазган (Колосалыктар 3:15).

Балдар кичинекей болсо да, сылык-сыпаа болуп, жакшы мамиле кылганга жана башкалардын камын ойлогонго үйрөнө алышат. Кантип? «Ата-энелер» деген журналда психиатр Кайл Прюэт: «Үйдөн дайыма бири-бириңерге ыраазычылык билдирүү менен балаңарды да ошого үйрөтө аласыңар»,— дейт. Ошондой эле: «Бул башкалардын жардамына жана кам көргөнүнө канчалык ыраазы экениңерди дайыма билдирип туруу дегенди билдирет... Бул көп күч-аракетти талап кылат»,— деп кошумчалайт («Parents»).

Улуу Британияда жашаган Ричард ушундай кылганга аракет кыларын билдирип мындай дейт: «Аялым экөөбүз бизге жакшы мамиле кылгандарга, мисалы мектепте иштеген мугалимдерге же чоң-ата, чоң-энелерибизге, таята-таенелерибизге ыраазычылык билдирип турабыз. Кимдир-бирөөнүкүнө конокко барсак, ыраазычылык билдирип, ыраазычылык кат жазып коёбуз, балдарыбыз болсо колун коюп же сүрөт тартып коюшат». Балдарыңардын жакшы мамиле кылганга, дайыма ыраазычылык билдиргенге үйрөнгөнү аларга кийин жакшы досторду тапканга жардам берет.

«Жазасыз калтырбагыла»

Балдар туура эмес иш кылса, сөзсүз кесепетин тартарын жакшы түшүнүшү зарыл. Аларга кичинекей болсо да, үйдө эле эмес, мектепте жана башка жерде жүргөндө да тил алып, баш ийиши маанилүү экенин үйрөтүш керек. Аларга Ыйык Китептеги: «Адам эмнени сепсе, ошону орот»,—деген сөздөрдүн калетсиз экенин түшүнгөнгө жардам бере аласыңар (Галатиялыктар 6:7). Ал үчүн эмне кылсаңар болот?

Ыйык Китепте: «Баланы жазасыз калтырба»,— делет (Накыл сөздөр 23:13). Эгер балаңарга туура эмес иш кылса, жазалай турганыңарды айтсаңар, сөзүңөргө туруп, сөзсүз жазалагыла. Аргентиналык Норма: «Бала туура эмес иш кылганда, сөзсүз жазалаш керек. Бирде жазалап, бирде жазалабай койсо, балдар ошондон пайдаланганга үйрөнүп алышат».

Балдар ата-энесинин тилин албай койсо, жазаланарын түшүнгүдөй болушу кажет. Ал эми ата-энелер балдарын кандайдыр бир туура эмес иш кылып алганы үчүн кечке эле уруша бергенден качышы керек. Эгер балдар үйдөгү эрежелерди жана аларды бузса эмне болорун жакшы билсе, ошондой эле туура эмес иш кылганы үчүн сөзсүз жазаланарын жакшы түшүнсө, ата-энесинин тилин алат.

Бирок балдарды жазалаганда ачууга алдырбаш керек. Ыйык Китепте: «Ар кандай жаалдан, ачуудан, каардан, кыйкырыктан, кемсинтерлик сөздөрдөн, ошондой эле бардык зыяндуу нерселерден арылгыла»,— деп айтылат (Эфестиктер 4:31). Жазалоо деген балдарды көңүлүн чөгөргөн кемсинтерлик сөздөр менен тилдөөнү жана ырайымсыздык менен уруп-сабоону билдирбейт.

Балдарыңар ачууңарга аябай тийгенде, ачууга алдырбаш үчүн эмне кылышыңар керек? «Бул оңой эмес,— дейт Жаңы Зеландияда жашаган Питер,— бирок балдар ата-энеси ачууга алдыргандыктан эмес, тил албаганы үчүн жазаланып жаткандыгын түшүнгүдөй болушу керек».

Питер аялы экөө балдарын туура эмес иш кылганы үчүн жазалаганда, аларга аны экинчи кайталабаганга жардам берүүгө аракет кылышат. «Балдарыбыз аябай жаман иш кылса да, алар менен сүйлөшүп, кандай адамдардан болушу керектигин түшүндүрүп бергенге аракет кылабыз»,— дейт Питер.

«Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун»

Кудай өзүнүн элин кантип жазалай тургандыгы жөнүндө: «Мен сени... чени менен жазалайм, жазасыз калтырбайм»,—деген (Жеремия 46:28). Ата-энелер балдарын адилеттүүлүк жана чени менен жазалашса, натыйжасы жакшы болот. Ыйык Китепте: «Эстүүлүгүңөр бардык адамдарга белгилүү болсун»,— деп жазылган (Филипиликтер 4:5).

Эстүү болуу балдардын кадыр-баркын түшүрбөгүдөй жазалоону да камтыйт. Италиялык Санте мындай дейт: «Мен балам менен кызымды басынтпаганга аракет кылам. Тескерисинче, эмне себептен туура эмес иш кылгандыгын аныктап, аны экинчи кайталабаганга жардам берем. Балдарымды бирөөнүн көзүнчө, атүгүл башка баламдын көзүнчө жазалабайм. Элдин көзүнчө да, өзүнчө болгонубузда да кемчиликтерин айта бербейм».

Жогоруда айтылып өткөн Ричард да эстүү болуунун акылдуулукка жатарына кошулуп, мындай дейт: «Баланы катасы үчүн жазалагандан кийин, ал дагы туура эмес иш кылса, мурда кылган ишин да, кийинки кылган ишин да кошуп, мурункудан да катуураак жазалоо туура эмес. Жазалагандан кийин анын кылган катасын кайра-кайра айтып, эсине сала бербеш керек».

Бала тарбиялоо жан-аябастыкты талап кылат, бирок зор баталарды алып келет. Орусияда жашаган Елена ушундай экендигине толук кошулат. Ал мындай дейт: «Уулум менен көбүрөөк убакыт өткөрүш үчүн жарым күндүк жумушка орношком. Бул көп күч аракетти талап кылат, акча-тыйын жагынан да бир аз кыйналасың. Бирок балама көбүрөөк убакыт бөлгөнүм ага кубаныч тартуулап, бири-бирибизге аябай ынак болгонго жардам бергендиктен бул курмандыкты арзырлык деп эсептейм».

[11-беттеги сүрөт]

Балдар башкалардын камын ойлогонго үйрөнө алышат

[12-беттеги сүрөт]

Балаңарды жазалаганда сезимин эске алгыла