Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өспүрүм балдарды эр жеткен куракка даярдоо

Өспүрүм балдарды эр жеткен куракка даярдоо

Өспүрүм балдарды эр жеткен куракка даярдоо

СИЛЕР жаңы эле жылуу жерден жайы-кышы муз менен кар кетпеген суук жерге келдиңер дейли. Машинеден түшөр замат кычыраган суукту сезесиңер. Ушундай катаал климатка көнүп кете аласыңарбы? Ооба, бирок ал үчүн көп нерсеге ылайыкташышыңар керек.

Балдарыңар өспүрүм куракка келгенде, ушул сыяктуу жагдайга туш болосуңар. Ошол учурда силерге «климат» бир заматта өзгөрүп кеткендей сезилет. Бир кезде жаныңардан чыкпаган балаңар силерге караганда өзү курактуу балдарга көбүрөөк жакын боло баштайт. Сурабасаңар деле уккан-көргөнүн төкпөй-чачпай айтып берген кызыңар болсо көп сүйлөбөй, сурооңорго кыска эле жооп берип коёт.

— Окууларың кандай? — деп сурасаңар,

— Жакшы — деп эле коёт.

— Эмнени ойлонуп жатасың? — деп сурасаңар,

— Эч нерсени — деп жооп берип, унчукпай калат.

Эмне үчүн ушундай болуп жатат деп ойлойсуңар? Мурун балаңардын ички дүйнөсүндө эмне болуп жатканын беш колдой билчүсүңөр, акыркы маалдарда болсо ичиндегисин айтпай калды. Силерге айтпаган нерсесин кээде башкаларга айтат. Андыктан силерге балаңардын чоңоюп жатканын жөн гана карап тургандай сезилет.

Ортоңордогу мамилеңердин өзгөрүп кеткенине кол шилтеп коюшуңар керекпи? Албетте, жок. Силер балаңар менен анын өткөөл курагында да ынак мамиледе боло аласыңар. Ан үчүн кубаныч тартуулаган, ошол эле учурда көптөгөн кыйынчылыктар менен коштолгон өткөөл куракта алардын жашоосунда кандай өзгөрүүлөр болорун билип алганыңар маанилүү.

Өткөөл курак

Окумуштуулар баланын мээси бала беш жашка чыкканда толугу менен өрчүп бүтөт деген ойдо болуп келишкен. Азыр болсо мээнин салмагы беш жаштан кийин деле кичине өзгөрөрүн, ал эми функциясы бир топ өзгөрөрүн айтышат. Жыныстык жактан жетилип жаткан убакта өспүрүмдөрдүн гормондору өзгөрө баштайт. Бул алардын ой жүгүртүүсүнө таасир этет. Мисалы, балаңар кичинекей кезинде бир кырдуу эле ой жүгүртсө, азыр терең ой жүгүртүп, ар бир нерсенин себебин түшүнгүсү келет (1 Корунттуктар 13:11). Ошондой эле кандайдыр бир нерсеге бекем ишенгендиктен, оюн ачык айткандан тартынбайт.

Өспүрүм баласынын кандай өзгөргөнүн байкаган италиялык Паоло мындай дейт: «Уулум кээде кичинекей бала эмес эле, чоң кишидей сезилип кетет. Ушул куракта алардын организми эле эмес, ой жүгүртүүсү да өзгөрөт экен. Уулумдун кандайча ой жүгүрткөнү мени аябай таң калтырат. Өзүнүн оюн айткандан жана аны жактагандан тартынбайт».

Силер да өспүрүм балаңардан ушул сыяктуу нерселерди байкап жатасыңарбы? Балким, ал кичинекей кезинде кандай айтсаңар, ошондой кылчу. Эмне үчүн ошондой кылышы керектигин сураганда: «Айтканды айткандай кыл»,— деп айтып койгонуңар эле жетиштүү болчу. Азыр болсо ал кайсы бир нерсени эмне үчүн айтып жатканыңардын себебин түшүндүрүп беришиңерди талап кылат, атүгүл үй-бүлөңөр менен карманган нерселерге да каршы чыга башташы ыктымал. Ал өзүнүкүн жактаган учурларда ээн баш болуп бараткандай сезилет.

Бирок балаңар силер баалаган нерселердин баарын четке кагып жатат деп шашылыш жыйынтык чыгарбагыла. Болгону, ал силер баалаган нерселерге карата силердикиндей көз карашта боло албай, жашоосунда алар үчүн «орун» таппай, кыйналып жатышы ыктымал. Муну төмөнкү мисал менен түшүндүрүүгө болот. Силер башка үйгө көчүп бардыңар дейли. Жаңы барган үйүңөргө бардык оокаттарыңарды алып бара албайсыңар, анткени ал үйдө баарына орун болбошу мүмкүн. Бирок ошол үчүн эле баалуу буюмдарыңарды ыргытып жибербей турганыңар анык.

Өспүрүм балдар өз алдынча жашоого даярданып жатканда ушундай жагдайга кабылышат (Башталыш 2:24). Алар азыр эресеге жете элек. Балким, өз алдынча жашоого кадам шилтей турган күнгө али көп бардыр. Бирок алар кандайдыр бир деңгээлде өз алдынча жашоого даярданып жатышат деп айтууга болот. Алар үйдөн үйрөнгөн нерселерин ушул куракта талдап көрүшөт жана кайсыларына карманып жашоону чечишет *.

Балаңардын силер үйрөткөн нерселердин кайсынысына карманып, кайсынысына карманбай турганын өз алдынча чечери силерди чочулатышы мүмкүн. Бирок балаңар эресеге жеткенде өзү баалуу деп эсептеген нерселерге гана карманарын унутпагыла. Андыктан балаңар силер менен жашап жаткан маалда келечекте карманып жашай турган принциптерди өз алдынча талдап көрүшү керек (Элчилер 17:11).

Өспүрүм балаңардын ушундай кылганы пайдалуу. Анткени ал силер койгон эреже-талаптарга ойлонбостон, кыңк этпей эле баш ие берсе, кийин да башкалардын эреже-талаптарына ошондой эле баш ийип калат (Чыгуу 23:2). Ыйык Китепте «акылсыз» болгондуктан жаман ишке оңой эле азгырылып кеткен бир жаш жигит жөнүндө айтылат. «Акылсыз» деген сөз кыраакы эмес дегенди да билдирет (Накыл сөздөр 7:7). Өзүнүн жеке көз карашы болбогон жаштар «адамдардын митаамдыгы, айла-амал аркылуу ар кандай окуулардын шамалына айдалып, толкун сыяктуу ары-бери чайпалышат» (Эфестиктер 4:14).

Балаңарды ушундай нерседен коргош үчүн эмне кылсаңар болот? Аларга төмөнкү үч нерсени үйрөтүү маанилүү.

1. ОЙ ЖҮГҮРТКӨНГӨ ҮЙРӨТҮҮ

Кудайдын байыркы убактагы Пабыл деген кызматчысы «рухий жактан жетилген адамдар» «акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырарын» жазган (Еврейлер 5:14). Балким, силер: «Балама жаман менен жакшыны ажырата билгенди мурун эле үйрөтүп койгом»,— дешиңер мүмкүн. Ушундай кылганыңар балаңарга көп пайда алып келгени жана аны өспүрүм куракка даярдаганы шексиз (2 Тиметей 3:14). Бирок, жогорудагы сөздөрдөн көрүнүп тургандай, адамдар «акылын жакшы менен жаманды айырмалай билүүгө машыктырышы» керек. Кичинекей балдарга эмне жаман, эмне жакшы экенин үйрөтүү зарыл болсо, өспүрүмдөргө «ой жүгүртүү жагынан жетилген кишилердей болууга» жардам берүү маанилүү (1 Корунттуктар 14:20; Накыл сөздөр 1:4; 2:11). Өспүрүм балаңардын силер айткан үчүн эле эмес, өзү ой жүгүртүп, айтканыңарды толук түшүнүп баш ийишин каалаарыңар шексиз (Римдиктер 12:1, 2). Ага бул жагынан кантип жардам бере аласыңар?

Балаңарга өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк бергиле. Сүйлөп жатканда, сөзүн бөлбөгүлө, атүгүл силерге жагымсыз болгон нерсени айтса да, ачууланып кетпегиле. Ыйык Китепте: «Ар бир адам укканга даяр болсун, ал эми сүйлөгөнгө, ачууланганга шашпасын»,— делет (Жакып 1:19; Накыл сөздөр 18:13). Ошондой эле Иса пайгамбар: «Адамдын жүрөгү эмнеге толсо, оозу ошону сүйлөйт»,— деп айткан (Матай 12:34). Эгер өспүрүм балаңарды кунт коюп уксаңар, аны эмне тынчсыздандырып жатканын аныктай аласыңар.

Аны менен сүйлөшүп жатканда орой сүйлөгөндөн качкыла, анын ордуна, суроо берип, сөзгө тарткыла. Иса пайгамбар шакирттеринин эле эмес, анын сөздөрүн укпагандардын да оюн билиш үчүн кээде алардан: «Кандай деп ойлойсуңар?» — деп сурачу (Матай 21:23, 28). Силер да, балаңардын ою силердикине каршы келген учурларда да, Исадай болуп, суроо бергиле. Мисалы:

Өспүрүм балаңар: «Мен кээде Кудайдын бар экенине ишенбей кетем»,— десе,

— Ишенбей кетем дегениң кандай? Биз кенедей кезиңден бери эле Кудай бар деп үйрөтүп келбедик беле — дегендин ордуна,

— Эмне үчүн минтип ойлоп жатасың? — деп сурап көргөнүңөр оң.

Өспүрүм балаңардын оюн билүү эмне үчүн маанилүү? Анын айтканын уксаңар да, эмне деп ойлоп жатканын билишиңер зарыл (Накыл сөздөр 20:5). Кеп балаңардын Кудайдын бар экенине шектенгенинде эмес, Кудайдын осуяттарын аткаргысы келбегенинде болушу мүмкүн.

Мисалы, балаңарды Кудайдын мыйзамдарын бузууга азгырышканда, аларга кармангысы келбегендиктен Кудай жок дей башташы ыктымал (Забур 14:1). Ал: «Эгер Кудай жок болсо, Кудайдын мыйзамдарын аткарбай деле койсом болот»,— деп ой жүгүртүшү мүмкүн.

Эгер силердин балаңар да ушундай ойдо болуп жаткандай сезилсе, ага: «Кудайдын мыйзамдары боюнча жашоо чынында эле пайда алып келеби?» — деп ойлонуп көрүүгө түрткү бергиле (Ышая 48:17, 18). Эгер балаңар Кудайдын мыйзамдары пайда алып келерине ишенсе, аны ошол мыйзамдарга бекем карманып жашоого үндөгүлө (Галатиялыктар 5:1).

Өспүрүм балаңар: «Силер туткан динди мен да сөзсүз тутушум керекпи?» — десе,

— Сен биздин балабызсың, биз эмнеге ишенсек, сен да ошого ишенишиң керек — дегендин ордуна,

— Мейли, биз ишенген нерсеге ишенбей эле кой, анда эмнеге ишенесиң? Кайсы мыйзамдарга карманып жашоо туура деп ойлойсуң? — деп сурап көргөнүңөр оң.

Өспүрүм балаңардын оюн билүү эмне үчүн маанилүү? Балаңарга ушундайча ой жүгүртүүгө түрткү берүүнүн аркасында өзүнүн көз карашын талдап көргөнгө жардам бере аласыңар. Ошондо ал силер ишенген эле нерселерге ишенерин, болгону, аны тынчсыздандырган нерсе чынында башкада экенин түшүнүшү мүмкүн.

Мисалы, балаңар Кудайга ишенгендиктен жаман иштерди кылбай турганын башкаларга кантип түшүндүрүп берерин билбей кыйналып жаткандыр (Колосалыктар 4:6; 1 Петир 3:15). Же башка динди туткан бирөөнү жактырып жүргөндүр. Андыктан көйгөйдүн тамырын аныктап, балаңарга да көйгөйдүн себебин түшүнгөнгө жардам бергиле. Аны ой жүгүртүүгө канчалык жакшы үйрөтсөңөр, ал эр жеткен куракка ошончолук даяр болот.

2. ЧОҢДОР МЕНЕН ДОСТОШКОНГО ҮЙРӨТҮҮ

Айрым психологдор өспүрүмдөрдүн «бороон-чапкындуу өткөөл куракты» басып өтөрүн айтышат. Бирок айрым жерлерде балдар өспүрүм курагында ушундай кыйынчылык менен кездешет деген түшүнүк дээрлик жок. Изилдөөчүлөр байкагандай, андай жерлердеги балдар балалыктын даамын татпай, жаштайынан эле чоңдор тарткан түйшүктү тарта башташат. Алсак, чоң кишилер менен аралашып иштеп, алар менен мамилелешип, чоңдор аткара турган милдеттерди аткарышат. Ушундай жерлерде жашаган элде «жаштардын жашоосу», «өспүрүмдөр арасындагы кылмышкерлик» жана «өспүрүмдөр» деген сыяктуу сөздөр кездешпейт.

Ал эми башка жерлерде жаштар чоңдор менен такыр аралашпай, чогуу окуган өзү теңдүү балдар менен гана мамилелешет. Үйүнө келсе — үйүндө эч ким жок. Атасы менен апасы жумушта. Туугандары болсо алыс жашайт. Ошон үчүн алар курбу-курдаштары, теңтуштары менен гана мамилелеше алышат *. Бул канчалык кесепеттүү деп ойлойсуңар? Алар жаман адамдарга кошулуп кетиши ыктымал. Ал эле эмес, изилдөөчүлөрдүн айтымында, атүгүл тартиптүү жаштар да, эгер чоңдор көзөмөлдөп турбаса, туура эмес иштерге барышы мүмкүн.

Байыркы убакта Кудайдын кызматчылары балдарын чоңдордон бөлүп коюшчу эмес. Мисалы, Ыйык Китепте өспүрүм курагында Жүйүт элине падыша болгон Узия жөнүндө айтылат. Узияга ошондой милдетти аткарууга эмне жардам берген? Кыязы, мында Закарыя деген пайгамбардын салымы чоң болгон. Ыйык Китепте Закарыя элди «чыныгы Кудайдан коркууга үйрөткөн» киши болгону айтылат (2 Жылнаама 26:5).

Өспүрүм балаңардын силер ишенген улуураак достору барбы? Балаңарга жакшы таасир эткен ушундай адамдардан аны кызганбагыла. Анткени алар балаңарга туура иштерди кылганга түрткү бере алышат. Ыйык Китепте: «Акылдуулар менен достошкон акылдуу болот»,— деп жазылган (Накыл сөздөр 13:20).

3. ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ БОЛГОНГО ҮЙРӨТҮҮ

Айрым өлкөлөрдүн мыйзамы боюнча, жаштарды жумасына белгилүү бир сааттан көп иштетүүгө жана кайсы бир жумуштарды кылдырууга тыюу салынат. 18—19-кылымдарда болгон өнөр жай төңкөрүшүнөн кийин чыккан мындай мыйзам балдарды алардын ден соолугуна зыян келтире турган жумуштарды кылдыруудан коргоо максатында кабыл алынган.

Балдардын укугун коргогон мындай мыйзамдар балдарды эзүүдөн, зордук-зомбулуктан коргогону менен, алардын жоопкерчиликсиз болуп калышына себеп болууда. Бул, бир китепте белгиленгендей, көптөгөн өспүрүмдөрдүн «каалаган нерсени күч-аракет жумшабай эле алганга укуктуумун деген ойдо болуп калышына алып келүүдө». Ал китептин автору «жаштардан эч нерсе талап кылынбаган, тескерисинче, жалаң гана көңүл ачууга үндөгөн дүйнөдө жаштардын ушундай көз карашта болушу таң калыштуу деле эмес» экенин айткан («Escaping the Endless Adolescence»).

Ал эми Ыйык Китепте жаш кезинен эле чоң жоопкерчиликтерди аркалаган жаштар жөнүндө айтылат. Буга 1-кылымда жашаган Тиметей деген бала мисал боло алат. Ал Кудайга кызмат кылган Пабыл менен жолукканда, кыязы, өспүрүм болчу. Ал аны көп нерсеге үйрөткөн. Бир жолу Тиметейге: «Кудайдан алган белегиңди оттой жалындатып турушуң керектигин эсиңе салам»,— деген (2 Тиметей 1:6). Ошол учурда Тиметей 20 жаштарда эле болсо да, үйүн калтырып, алыс жакта жашаган элдерге Кудай жөнүндө айтыш үчүн Пабыл менен сапарга чыккан. Ал Пабылга жыйналыштарды уюштурууга жана ишенимдештерин бекемдөөгө жардам берген. Элчи Пабыл ондогон жылдар бою Тиметей менен кызматташкандан кийин Кудайдын Филипи шаарында жашаган кызматчыларына ал жөнүндө: «Аныкындай маанайга ээ болгон жана силерге чын жүрөктөн кам көрө турган башка эч кимим жок»,— деп жазган (Филипиликтер 2:20).

Адатта, жаштар кубаныч тартуулаган, жашоосун маңыздуу кылган жана башкаларга пайда алып келе турган иштерди кылганга ынтызар болушат. Мунун аркасында алар келечекте жоопкерчиликтүү адамдардан эле болбостон, азыртадан эле колунан келген иштерди кылганга умтулушат.

Жаңы «климатка» көнүү

Эгер өспүрүм балаңар болсо, силер да, макаланын башында айтылгандай, аба ырайы кыйла айырмаланган жерге баргандагыдай сезимде болуп жаткандырсыңар. Жаңы климатка көнүп кеткендей эле, балаңар чоңоюп келаткан убакта боло турган ар кандай өзгөрүүлөргө ылайыкташып кете аларыңарга толук ишенсеңер болот.

Балаңар өсүп жетилип бараткан убакта аларды: 1) ой жүгүрткөнгө; 2) чоңдор менен достошконго; 3) жоопкерчиликтүү болгонго үйрөтүүгө аракет кылгыла. Ушундай кылсаңар, өспүрүм балаңарды эр жеткен куракка даярдай аласыңар.

[Шилтемелер]

^ 15-абз. Бир китепте өспүрүм курак «узакка созулган коштошууга окшош» деп таамай айтылган. Көбүрөөк маалымат алуу үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Күзөт мунарасы» журналынын 2009-жылдын июль—сентябрындагы санынын 10—12-беттерин карагыла.

^ 36-абз. Көңүл ачуу тармагы көбүнчө өспүрүмдөргө «жаштардын өздөрүнүн жашоосу бар, чоңдор жаштарды такыр түшүнбөйт» деген ойду таңуулоо менен аларды өзү курдуу жаштар менен гана мамилелешүүгө үндөйт.

[20-беттеги кутуча/сүрөт]

«АТАМ МЕНЕН АПАМДЫ АЯБАЙ ЖАКШЫ КӨРӨМ»

Жахабанын Күбөлөрү балдарын Ыйык Китептеги мыйзамдарга ылайык жашаганга үйрөтүшөт. Алар сүйлөгөн сөздөрү менен да, жүрүм-туруму менен да балдарына жакшы үлгү көрсөтүшөт (Эфестиктер 6:4). Бирок балдарын ошол мыйзамдар боюнча жашаганга мажбурлашпайт. Анткени алар балдары бойго жеткенде кайсы принциптерге карманып жашай турганын өздөрү чечиши керектигин жакшы түшүнүшөт.

18 жаштагы Эшлин ата-энеси ага кичинекей кезинен бери үйрөтүп келген принциптерге бекем карманат. Ал мындай дейт: «Мен Кудайдын мыйзамдарын аткарууга олуттуу карайм. Эмне кылбайын, кайсы жерге барбайын, кандай чечим чыгарбайын, дайыма Кудайдын принциптери боюнча иш кылганга аракет кылам. Мисалы, кимдер менен достошууга, кандай китептерди окууга, билим алууга байланыштуу чечим чыгарарда Ыйык Китептеги кеңештерди эске алам».

Эшлин жакшы тарбия бергени үчүн ата-энесине аябай ыраазы. «Атам менен апамды аябай жакшы көрөм,— дейт ал.— Мага Кудайга ишенгенге, анын жолунан чыкпаганга жардам бергени үчүн аларга абдан ыраазымын. Алардын тарбиясы мага өмүр бою жетекчилик берерине толук ишенем».

[17-беттеги сүрөт]

Өспүрүм балаңарга оюн айтканга мүмкүнчүлүк бергиле

[18-беттеги сүрөт]

Балаңар улуураактар менен достошсо, жакшы нерселерге үйрөнөт

[19-беттеги сүрөт]

Кубаныч тартуулаган, пайда алып келген жумуш өспүрүмдөргө жоопкерчиликтүү болгонго көмөк кылат