Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Балдарды тарбиялоо

Балдарды тарбиялоо

Ыйык Китепте эмне делет?

Балдарды тарбиялоо

БАЛАҢАРДЫН кандай адам болуп чоңоюшун каалайсыңар?

А. Так өзүңөрдөй болушун.

Б. Каршы чыга берген ээн баш.

В. Туура чечим чыгарган, жоопкерчиликтүү адам болушун.

Айрым ата-энелер балдарынын туура чечим чыгарган, жоопкерчиликтүү адам болуп чоңоюшун каалайбыз дешет. Бирок алардын иш-аракети балдарынан так өздөрүндөй болушун талап кылып жатканын көрсөтүшү мүмкүн. Алар балдарына өздөрү баалуу деп эсептеген нерселерин, мисалы, кесип тандоого байланыштуу көз карашын таңуулашат. Мунун натыйжасы кандай болот? Балдары кандайдыр бир деңгээлде эркиндикке ээ болору менен ата-энесине каршы чыгып, тескери иш кылышат. Кызыктуусу, балдарын өздөрүнө окшош кылып чоңойтууну көздөгөн ата-энелердин балдары ээнбаш болуп чыгат.

Кыңк этпей баш ийүүнү талап кылуу эмне үчүн туура эмес?

Балдарыңардын туура чечим чыгарган, жоопкерчиликтүү адам болушун каалаарыңар шексиз. Ан үчүн эмне кылышыңар керек? Кыңк этпей баш ийүүнү талап кылуудан эч кандай майнап чыкпай турганын эсиңерден чыгарбагыла. Келгиле, мунун эки себебин карап көрөлү.

1. Балдардан кыңк этпей баш ийүүнү талап кылуу Ыйык Китепте айтылгандарга карама-каршы келет. Жахаба Кудай адамдарды чечим чыгаруу эркиндиги менен жараткан. Ал жашоодо кайсы жолду тандоону ар бир адамдын өзүнө коёт. Мисалы, Адам ата менен Обо эненин тун уулу Кабыл иниси Абылды өлтүрүүнү ойлоп жүргөндө, Кудай ага: «Эгер жакшы иш кылсаң, сени жактырбай коёмбу? Жакшы иш кылбасаң, анда босогоңдо күнөө аңдып жатат. Ал сени кармап алгысы келип жатат, сен ага үстөмдүк кыласыңбы?» — деген (Башталыш 4:7).

Жахаба Кудай Кабылга ачык-айкын кеңеш берген, бирок аны баш ийүүгө мажбурлаган эмес. Кабыл жаман оюнан кайра тартабы, жокпу, өзү чечиши керек болгон. Мындан эмнеге үйрөнсөк болот? Эгер Кудурети күчтүү Кудай жаратууларынан кыңк этпей баш ийүүнү талап кылбаса, анда балдардан ошону талап кылбаганыбыз туура болот беле?! *

2. Кыңк этпей баш ийүүнү талап кылуу, адатта, тескери натыйжа берет. Базарда соода кылып жүргөнүңөрдү элестетсеңер. Бир сатуучу жаныңарды койбой сатып жаткан буюмун ал деп кыйнап жатат дейли. Андай учурда анын жанынан кеткенче шашмаксыңар, чынбы? Ал буюм силерге аябай керек болсо да, жаныңарды койбой таңуулаганы үчүн эле андан алгыңар келмек эмес.

Балаңарга кайсы динди тутушу керектигин, кандай максаттарга умтулушу керектигин айтып, өзүңөр баалуу деп эсептеген нерселерди таңуулай берсеңер, натыйжасы жогорудагы мисалдагыдай болуп калышы мүмкүн. Ооба, мындай иш-аракет кылуунун натыйжасы жакшы болбойт. Тескерисинче, балаңар силер койгон талаптарга каршы чыгышы ыктымал. Балдарынан кыңк этпей баш ийүүнү талап кылган ата-энелердин балдары көбүнчө ээнбаш болуп калышат. Андай болбош үчүн эмне кылсаңар болот?

Балаңардан кичинекей кезинде силер айткандай иш кылышын талап кылчусуңар. Эми болсо көз карашыңарды таңуулабастан, туура иш кылуу эмне үчүн акылдуулукка жатарын түшүнгөнгө жардам бергиле. Мисалы, Кудайдын жолунда жүргөн ата-эне болсоңор, балаңарга Кудайдын осуяттарын аткарып жашоо бактылуу өмүр сүрүүгө шарт түзөрүн түшүнгөнгө жардам бергиле (Ышая 48:17, 18).

Бул жагынан өзүңөр үлгү болгула. Балаңардын кандай адам болуп чоңоюшун кааласаңар, эң алды, өзүңөр ошондой адам болгонго аракет кылгыла (1 Корунттуктар 11:1). Эмнелерди баалай турганыңарды балаңар айкын көрө алгыдай болсун (Накыл сөздөр 4:11). Эгер ал Кудайдан коркконго үйрөнсө жана анын осуяттарын аткарып жашоо акылдуулукка жатарын жакшы түшүнсө, силер жанында болбогон учурда да туура чечим чыгарат (Забур 119:97; Филипиликтер 2:12).

Пайдалуу нерселерге үйрөтүү

Бул журналдын 2-бетинде айтылгандай, балдар көз ачып-жумгуча эресеге жетип, уядан уча турган күн келет (Башталыш 2:24). Андыктан азыр балаңарга өз алдынча жашаганда керек боло турган нерселерди үйрөтүп калышыңар зарыл. Анда эмесе, эмнелерди үйрөтсөңөр болоруна токтололу.

Үй жумуштары. Балаңар тамак жасаганды, кир жууганды, кийим үтүктөгөндү, үй жыйнаганды жана үйдөгү майда-чүйдө нерселерди оңдогонду билеби? Аны ушундай нерселерге үйрөтсөңөр, өз алдынча жашаганда үй иштерине тың болот. Кудайдын байыркы учурда жашаган Пабыл деген кызматчысы: «Бардык жагдайларда колумда болгон нерсеге ыраазы болууга үйрөнгөм»,— деген (Филипиликтер 4:11).

Башкалар менен мамилелешүү. (Жакып 3:17). Балаңар башкалар менен тил табыша билеби? Кимдир бирөө менен талашып-тартыша кеткенде, урушуп кетпейби? Башкаларды сыйлаганга жана келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечкенге үйрөндүбү? (Эфестиктер 4:29, 31, 32). Ыйык Китепте: «Бардык адамдарды урматтагыла»,— деп айтылат (1 Петир 2:17).

Акчаны кармай билүү. (Лука 14:28). Балаңарды дүкөндөн соода кылганга, акчаны кармай билгенге, жөнү жок карыз албаганга үйрөткүлө. Ошондой эле каалаган нерсесин сатып ала бербей, зарыл нерселерди гана алганга жана колдо бар нерсеге ыраазы болгонго үйрөткүлө (Накыл сөздөр 22:7). Ыйык Китепте: «Ичкенге тамагыбыз, кийгенге кийимибиз... болсо, ошого ыраазы бололу»,— деп жазылган (1 Тиметей 6:8).

Кудайдын осуяттарын аткарып жашаганга жана пайдалуу нерселерге үйрөнгөн балдар эр жеткен куракка даяр болот. Ушундай кылуу менен ата-энелер балдарын туура чечим чыгарган, жоопкерчиликтүү адам кылып чоңойто алышат (Накыл сөздөр 23:24).

[Шилтеме]

^ 11-абз. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Күзөт мунарасы» журналынын 2011-жылдын апрель—июнундагы санынын 18, 19-беттерин карагыла.

ОЙЛОНУП КӨРДҮҢӨР БЕЛЕ?

● Ата-энелер балдарын кандай адам кылып чоңойтушу керек? (Еврейлер 5:14).

● Өспүрүм балаңар эресеге жеткенде эмне кылышы керек болот? (Жашыя 24:15).

[25-беттеги сүрөт]

Балаңардын кандай адам болушун каалайсыңар?

Так өзүңөрдөй

Каршы чыга берген ээнбаш

Жоопкерчиликтүү