Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Малавинин тарыхындагы өзгөчө доор: 1000 Падышалык залы курулду!

Малавинин тарыхындагы өзгөчө доор: 1000 Падышалык залы курулду!

Малавинин тарыхындагы өзгөчө доор: 1000 Падышалык залы курулду!

«МЕН Малавиде мындай болот деп эч качан ойлогон эмесмин!». Бул сөздөрдү Огастин деген киши Малавиде Жахабанын Күбөлөрүнүн Кудайга табынган көптөгөн жайлары, Падышалык залдарды, курулганда айткан. 1993-жылы түштүк-чыгыш Африканын Малави деген чакан өлкөсүндө жашаган Жахабанын Күбөлөрүнүн Кудайга табына турган жана Ыйык Китепти изилдей турган ылайыктуу жайлары жок эле. Ал учурда Малавиде 30 000 Жахабанын Күбөсү бар болчу.

Бирок кийин баары өзгөргөн. 2010-жылдын сентябрь айында Малавинин Блантайр деген шаарында Жахабанын Күбөлөрү миңинчи Падышалык залын куруп бүтүшкөн! * Табынуу жайлары курулганга чейин эле Жахабанын Күбөлөрүнүн саны кандайча 30 000ге жеткен? Алар ресурстары чектелүү өлкөдө жашап жатса да, кыска убакыттын ичинде эле кантип 1 000 залды курууга жетишти? Бул куруу иш-чарасын көргөн Жахабанын Күбөлөрү жана коңшу жашаган тургундарда кандай сезимде болушту?

Оор мезгил

1900-жылдардын башында Ыйык Китепти Изилдөөчүлөр (азыр Жахабанын Күбөлөрү деп аталат) Малавиде Ыйык Китепте камтылган жакшы кабарды элге айта башташкан. 1967-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн саны 17 000ге жеткен. Иса пайгамбардын биринчи кылымдагы жолдоочуларындай эле, алар да мыйзамга баш ийген, өкмөт башчыларын сыйлаган адамдар катары белгилүү болушкан. Ошондой эле алгачкы жолдоочулардай болуп, саясий иштерге кийлигишишкен эмес (Жакан 18:36; Элчилер 5:29).

Өкүнүчтүүсү, Малавидеги Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китепте айтылгандарга карманып, айрым иштерди кылбагандыктан, болжолу, 1965-жылы өкмөт башчылары аларды кысымга алып, акыры, 1967-жылы алардын ишине тыюу салып салган. Көп өтпөй көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү негизсиз эле жумуштан айдалышкан, алардын үй-жайын, мүлкүн өрттөп кетишкен же тартып алышкан. Куугунтук күчөтүлгөндүктөн жана Жахабанын Күбөлөрүн бирин калтырбай кырып салат деп коркушкандыктан миңдеген Күбөлөр Мозамбик жана Замбия коңшу өлкөлөрүнө качышкан.

Убакыттын өтүшү менен жагдай жакшы жакка өзгөрүп, башка өлкөгө качып кеткен көптөгөн малавилик Жахабанын Күбөлөрү 1990-жылдардын башында өз өлкөсүнө кайрадан кайтып келишкен. 1993-жылдын 12-августунда 26 жылга созулган тыюу алынып салынганда, алар кандай гана кубанышкан! Бирок аларды башка маселе тынчсыздандыра баштаган. Ошол учурда 583 жыйналышта кызмат кылган 30 000 Жахабанын Күбөсүнүн Кудайга табына турган ылайыктуу жайы жок болчу. Алар бул маселени кантип чечишкен?

Иш менен далилденген сүйүү

Алардын ишине тыюу салынбай калгандан кийинки алгачкы алты жылдын ичинде жергиликтүү Жахабанын Күбөлөрү, ресурстары чектелүү болсо да, бир топ Падышалык залын курууга жетишишкен. Бирок бул оңой болгон эмес. Анткени Жахабанын Күбөлөрүнүн саны жыл сайын өсө бергендиктен, Падышалык залдары улам тартыш боло берген. Бул көйгөй кантип чечилген? Мында Ыйык Китептеги 2 Корунттуктар 8:14тө жазылган принцип чоң роль ойногон. Башка өлкөдө жашаган ишенимдештеринин акча каражаты «тең бөлүштүрүлгөнүнүн» аркасында Малавидеги Жахабанын Күбөлөрүнүн «кем-карчы» толукталган. 1999-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн Жетектөөчү Кеңеши ресурстары чектелүү өлкөлөрдө Падышалык залдарын куруу боюнча атайын программа иштеп чыккан. Ушундай программанын аркасында Малавидеги Жахабанын Күбөлөрү көптөгөн Падышалык залдарын тез аранын ичинде кура алышкан *.

Малавидеги Жахабанын Күбөлөрү бир кездерде жыйналыш жолугушууларын мектептерде, бастырмаларда, атүгүл, кээде бактын түбүндө өткөрүшчү. Ал эми азыр 1 230 жыйналыш Кудайга табыныш үчүн жана Ыйык Китептен билим алыш үчүн жакшынакай имараттарда чогулушат. Малавидеги 75 000ден ашуун Жахабанын Күбөсү дүйнөнүн чар тарабында жашаган ишенимдештеринен келген жардамга абдан ыраазы.

Жахабанын Күбөлөрү жөнөкөй, колдонууга ылайыктуу залдарды курууну каалагандыктан да тез аранын ичинде көп залдарды кура алышкан. Алар өзгөчөлөнгөн, ашепке кооз имараттарды курууга аракет кылышкан эмес. Тескерисинче, Кудайды даңктай турган, Ыйык Китепти ыңгайлуу шарттарда окуп-изилдегенге шарт түзгөн, жөнөкөй имараттарды курууну каалашкан.

Жергиликтүү тургундарга да жакшы болду

Мурун Малавидеги Жахабанын Күбөлөрүн табынуу жайы жок болгондугу үчүн шылдыңдашчу. Ошондуктан айрым Жахабанын Күбөлөрү Ыйык Китептеги кабарга кызыккандарды жыйналышка чакыргандан уялышчу. Падышалык залы курулганда, алардын канчалык сүйүнгөнүн элестетип көрсөңөр! Ошондон кийин алар кошуналарын жана кызыккандарды жыйналышка тартынбай чакыра башташкан. Бир айылда жаңы курулган Падышалык залына 698 киши келген.

Көптөгөн Жахабанын Күбөлөрү жана жергиликтүү тургундар алар жашаган жерде кооз жана бекем курулган зал болот деп эч качан ойлошкон эмес. Жогоруда кеп кылынган Огастин жыйналыш жолугушууларын бактын түбүндө өткөргөн күндөрдү мындай деп эскерет: «Аба ырайы жакшы болуп турганда жыйналыш жолугушууларын эшикте өткөрүү абдан жагымдуу болчу. Бирок жаан көп жааган айларда аябай жүдөчүк». Нөшөрлөп жааган жаанга калып көргөн болсоңор, Огастиндин айткандарын жакшы түшүнүп жатсаңар керек.

Огастин бир жолу «Чимванье» деген жыйналышка барганда кандай окуя болгонун эстеп, мындай дейт: «Бастырманын астында жыйналыш өткөрүп жатканбыз. Бастырманын саманынын арасында чага турган уулуу жөргөмүштөр бар экенин билген эмеспиз. Баяндама окуп жатканымда, бир жөргөмүш өйдө жактан так бутумдун түбүнө түшүп калды. Элдин арасынан бирөө: „Огастин, өлтүр алдагыны, өлтүр!“ — деп кыйкырып жиберди. Мен бутум менен басып салдым. Өзүңөр көрүп тургандай, азыр тирүүмүн». Учурда ал жыйналыш жаңы залга чогулат. Аларда мындай көйгөйлөр эми жок.

«Биздин жердин бермети»

Малавиде көптөгөн кооз Падышалык залдары курулгандан кийин, жергиликтүү эл жана айыл башчылары Жахабанын Күбөлөрүн сыйлап калышты. Төмөндө алардын айрымдарынын ойлору жазылган.

✔ «Жахабанын Күбөлөрүнүн Кудайга табынган жайлары жана алардын арасында өкүм сүргөн сүйүү менен биримдик — биздин жердин бермети. Биз, башка диндин өкүлдөрү, алардан үлгү алышыбыз керек» (Чабвензидеги жергиликтүү башчы).

✔ «Мени баарынан да Жахабанын Күбөлөрүнүн биримдиги суктандырат. Биз чиркөөбүздү он жыл мурун эле куруп баштаганбыз. Эмгиче бүтө элекпиз. Качан бүтөрү да белгисиз. Биздин айылга ушундай эң эле бир кооз имарат курганыңарга силерге ыраазычылык билдиргим келет» (Чигвенембедеги айыл башчысы).

✔ «Силердин иштегениңерди көрүп таң калбай койбойт экенсиң. Ушунчалык тез, анан калса абдан таза иштейт экенсиңер. Силердин араңарда биримдик болбосо, мындай болмок эмес болуш керек» (Чьюзирадагы жергиликтүү башчы).

Ооба, Падышалык залдарын куруу иштери элдин көз жаздымында калган эмес. Алсак, Чичева/чиньянжа—англис сөздүгүндө Жахабанын Күбөлөрү жөнүндө мындай делген: «Жахабанын Күбөлөрү көптөгөн [Падышалык залдарын] курушту».

«Бул Падышалык залынын курулушун керемет десе болот»

2011-жылдын 30-январында Блантайрдагы «Маньове» деген жыйналыш Малавидеги миңинчи Падышалык залынын арноо аземин өткөрүштү. Ошол жыйналышка барган бир Жахабанын Күбөсү: «Бул Падышалык залынын курулушун керемет десе болот. Көптөн бери эңсеп келген тилегибиз аткарылды!» — деген.

«Мен зал курулуп жатканда бир да күндү калтырбай жардам бергени барып жаттым,— дейт „Маньове“ жыйналышына барган бир жаш кыз.— Биз жашаган жерде Кудайга табына турган ушундай кооз залдын курулушуна аз да болсо кол кабыш кылганыма кубанам».

«Падышалык залын куруш үчүн бийликтегилерден уруксат алуу кыйынга турду,— дейт жыйналышта жоопкерчиликти колго алган бир Жахабанын Күбөсү.— Уруксат алалы деп бийликтегилерге канча бардык. Жергиликтүү башчы Линесс Чикаонека аттуу айым бийликтегилерди уруксат берүүгө көндүрүш үчүн көп чуркады».

Бир жолу Чикаонека айым жыйналышта жоопкерчиликти колго алган Жахабанын Күбөсүнө кошулуп, уруксат алганы бийликтегилерге барган. Ал бийликтегилерге мындай деген: «Мен Жахабанын Күбөлөрүнүн биздин айылга Падышалык залын курушун каалайм. Алар жакшы адамдар. Буга чейин алар менен бир да жолу көйгөй болгон эмес». Бийлик өкүлү дароо эле макул болуп, кол коюп берген.

Чикаонека айым Падышалык залынын арноо аземи өткөндө абдан кубанып: «Биздин айылда ушундай кооз имараттын курулганына абдан сүйүнүп, сыймыктанып турам»,— деген.

Малавилик Жахабанын Күбөлөрү жана башка адамдар өлкө боюнча Падышалык залдарынын курулганына азыркыга чейин ыраазычылыктарын билдирүүдө. Бул өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрү кан-жанын аябай күжүрмөн эмгектенгенин аркасында азыр Падышалык залдарына 1993-жылдагыдай чоң муктаждык жок. Бирок «Падышалык жөнүндөгү... жакшы кабарды» уккандар көбөйүп, жаңы жыйналыштар уюшулган сайын, Падышалык залдарына болгон муктаждык дагы деле боло берет (Матай 24:14). Андыктан Жахабанын Күбөлөрү дүйнө жүзүндөгү ишенимдештеринин акчалай жардам көрсөткөнүнө абдан ыраазы *.

Жахабанын Күбөлөрү биринчи кезекте Жахаба Кудайга ыраазычылык билдирет. Алар Дөөтү пайгамбардын айткандарына кошулушат. Ал: «Сен жараткан бардык элдер келип, сага таазим кылышат, оо, Жахаба, ысмыңды даңкташат. Анткени сен улуусуң, кереметтүү иштерди жасайсың, сен, жалгыз сен Кудайсың»,— деген (Забур 86:9, 10).

[Шилтемелер]

^ 3-абз. Учурда Падышалык залдардын саны 1 030дан ашты.

^ 9-абз. 1999-жылдан бери карай эсептегенде, Жахабанын Күбөлөрү ресурстары чектелүү болгон 151 өлкөдө 23 786 Падышалык залын курду.

^ 28-абз. Жахабанын Күбөлөрүнүн дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлүп жаткан иши ыктыярдуу тартуулар менен каржыланат.

[22-беттеги сүрөт]

Падышалык залдары курулганга чейин жыйналыш жолугушуулары көбүнчө ушундай бастырмаларда өткөрүлчү

[22-беттеги сүрөт]

Учурда жыйналыш жолугушуулары ушундай Падышалык залдарында өткөрүлөт

[22-беттеги сүрөт]