Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жашообузду ким оңдой алат?

Жашообузду ким оңдой алат?

Ыйык Китепте эмне делет?

Жашообузду ким оңдой алат?

«Бийлик башындагылардын актанганы жарабайт. Эл аларды жарым-жартылай эмес, бүт күчүн жумшап көйгөйлөрдү чечип берет деп күтөт» (БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУНУН БАШКЫ КАТЧЫСЫ ПАН ГИ МУН).

БИЗ азыр, Ыйык Китепте айтылгандай, «өзгөчө оор мезгилде» жашап жатабыз (2 Тиметей 3:1). Азыркы жаңылыктар согуш, террорчулук, экономикалык жаңжалдар, жаратылыштын кыйрашы жөнүндөгү суук кабарларга толгон.

Анда жашообуз оңолот деп үмүттөнсөк болобу? Азыркы өкмөттөр дүйнөдөгү көйгөйлөрдү чечип бере алабы? Же жардамды башка жактан издешибиз керекпи?

Көптөр эмне дейт?

Көптөгөн улуттар Кудай аларды колдойт деп эсептешет. Мисалы, Америка Кошмо Штаттарынын жарандарынын өзүнүн өлкөсүнө берген антында алардын «Кудай колдогон эл» экени айтылат. Алардын акчаларында жана тыйындарында да «Кудайга таянабыз» деген жазуу бар.

Анткен менен Кошмо Штаттарда жашагандардын арасында көптөр Кудайга ишенбейт. Бизди Кудай колдойт деп эсептеген башка улуттардын арасында деле Кудайга ишенбегендер көп. Бирок Кудайга ишенгендер да Кудай адамдардын жашоосуна канчалык кийлигишерине карата ар кандай көз карашта.

● Кээ бирөөлөр Кудайдын адамзат менен таптакыр иши жок, адамдар өздөрү каалагандай бийлик жүргүзүшөт деп ойлошот.

● Башкалары Кудай адамзатты азыркы өкмөттөр аркылуу башкарып жатат жана ал өкмөттөрдүн жашоону оңдош үчүн кылып жаткан иш-аракетине батасын берет деп эсептешет.

Силер ушул эки ойдун кайсынысына кошулат элеңер?

Ойлонуп көрсөңөр: эгер биринчиси туура болсо, анда биздин абалыбыз аябай кыйын болмок. Эгер экинчиси туура болсо, анда: «Кудай бир улутту экинчисинен жогору коёбу? Мисалы, эки улут бири-бирине каршы согушка чыгып, экөө тең Кудайга жалынып, жеңишке жетүүнү тилесе, Кудай кимисин колдойт? Эч кимисин колдобой коюшу да мүмкүнбү?» — деген суроолор пайда болот.

Ыйык Китепте эмне делет?

1. Адам баласы өзүн-өзү башкара тургандай жаратылган эмес. Ыйык Китепте: «Басып бараткан адам өз кадамын багыттай албайт»,— деп айтылат (Жеремия 10:23). Бул сөздөрдүн калетсиздигин тарых тастыктап келет. Бийлик башындагылар, ниети канчалык таза, канчалык жакшы болбосун, жашоону жакшы жакка өзгөртө алышкан жок. Тескерисинче, «адамдын адамга бийлик кылышы зыян алып келди» (Насаатчы 8:9).

2. Кудай адамзаттын жашоосуна абдан кызыкдар. Биздин азыркы абалыбызга Кудай кайдыгер карабайт. Ал биздин көйгөйлөрүбүздүн баарын чечип бериш үчүн жакында «эч качан кыйратылбай турган» Падышалыгын орнотот (Даниел 2:44).

3. Кудайдын Падышалыгы — Кудай түзгөн өкмөт. Айрым өлкөлөрдө көптөр Кудайга кайрылганда, Иса Машаяктын үлгү иретинде айткан «Асмандагы Атабыз» деген тиленүүсүн кайталашат. Алар Кудайдан: «Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»,— деп тилешет (Матай 6:10). Байкасаңар, бул тиленүүгө ылайык, Кудайдын Падышалыгы аркылуу Кудайдын эрки асманда эле эмес, жерде да аткарылат.

4. Өзүнүн Падышалыгы аркылуу Кудай биздин жашообузду сөзсүз оңдойт. Силерге буга ишенүү кыйынбы? Анда Ыйык Китепте бул туурасында эмне делерине көңүл бурсаңар:

● Эң башында, Кудай адам баласын жаратканда, ага тынчтык, бейкуттук өкүм сүргөн эң сонун шарттарды түзүп берген (Башталыш 1:27—31).

● Азыркы дүйнөдөгү абал Кудайдын жерге карата болгон баштапкы ой-ниети өзгөрүп калды дегенди билдирбейт (Забур 37:11, 29).

● Кудай, өзүнүн жерге жана адамзатка байланыштуу баштапкы ой-ниети аткарылып, жашообуз оңолуш үчүн, чара көргөн (Жакан 3:16).

Кудайдын Падышалыгы деген эмне экенин жана Жаратканыбыз жашообузду кандайча өзгөртөрү тууралуу көбүрөөк билгиңер келеби? Анда ушул журналды басып чыгаргандарга, Жахабанын Күбөлөрүнө, кайрылсаңар болот. Эмкиде жолукканда, балким, алар менен төмөндөгү суроолорду талкуулап көрөттүрсүңөр:

Кудайдын Падышалыгы деген эмне?

Кудайдын Падышалыгы орногондо, эмнелер өзгөрөт?

Андай өзгөрүүлөр качан жана кандайча болот?

ОЙЛОНУП КӨРДҮҢӨР БЕЛЕ?

● Эмне үчүн бийлик башындагылар жашоону оңдой алышпайт? (Жеремия 10:23).

● Кудай адамзаттын жашоосуна кайдыгер карабай турганын кайдан билебиз? (Жакан 3:16).

● Кудайдын Падышалыгы жердеги жашоону кандайча өзгөртөт? (Забур 37:11, 29).

[27-беттеги кыстырма]

Бийликтегилер көйгөйлөрдүн баарын чечип бере алабы? Же жардамды башка жактан издешибиз керекпи?