Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Рахмат дегенди унутпагыла!

Рахмат дегенди унутпагыла!

Рахмат дегенди унутпагыла!

СИЛЕРГЕ акыркы жолу кимдир бирөө качан ыраазычылыгын билдирип кат жазды эле? Силерчи? Акыркы жолу кимдир бирөөгө ыраазычылыгыңарды билдирип качан кат жаздыңар эле?

Элдин баары эле Интернет аркылуу байланышып калган азыркы заманда кат жүзүндө ыраазычылык билдирген учурлар өтө сейрек болуп калды. Бирок ыраазычылыгыбызды дал ошентип кагаз бетине түшүрүп, өз колубуз менен жазганыбыз адамдарга өзгөчө жагымдуу болот. Төмөндө ошондой катты кантип жазса болоруна байланышкан кеңештер берилген.

1. Компьютерге эмес, колго жазгыла.

2. Атынан атап кайрылгыла.

3. Белек берген болсо, аны кантип колдоноюн деп жатканыңарды жазгыла.

4. Каттын соңунда дагы бир ирет ыраазычылык билдиргиле.

Мындай кат кишинин жүрөгүн жылытып, көңүлүн көтөрөт.

Ошондуктан эмкиде кимдир бирөө силерге меймандостук көрсөтсө, жакшылык кылса же белек берсе, анын кылганын баалай турганыңарды, ыраазы экениңерди билдирип, рахмат айтканды унутпагыла.

[28, 29-беттердеги кутуча/сүрөттөр]

Кымбаттуу Роза эже! 2

Мага белек кылган саатыңызга чоң рахмат! 3 Мендей уйкучуга ылайыктуу белек экен. Эртең мененкисин уктап калчу элем, эми эрте туруп калдым. Өткөн жумада биздикине келгениңизге аябай кубандым. Үйүңүзгө жакшы эле жетип алдыңызбы? Эмки келгениңизди чыдамсыздык менен күтөм.

Жакшы белек бергениңизге дагы бир жолу чоң рахмат! 4

Иниңиз,

Руслан

[Сүрөт]

1

[29-беттеги кутуча]

КЕҢЕШ

● Эгер кимдир бирөө силерге акча берсе, ыраазычылыгыңарды билдирип кат жазганда анын канча бергенин жазбай эле: «Берешендигиңизге чоң рахмат. Мен сиз берген акчага ... » — деп, каякка жумшаганы жатканыңарды жазып койсоңор болот.

● Ыраазычылык катыңарга белекке тиешелүү гана нерселерди жазгыла. Катка, мисалы, эс алууга каякка барганыңарды же ооруканага барганыңарды жазбай эле койгонуңар оң.

● Белек анча ылайыктуу болбой калса, ал тууралуу жазбай эле койгонуңар жакшы. Мисалы: «Көйнөгүңүзгө чоң рахмат! Бирок ал мага чоң болуп калды»,— деп жазганыңар орунсуз болуп калмак.

[29-беттеги кутуча]

Ыйык Китеп бизди дайыма башкаларга ыраазычылык билдирүүгө үндөйт (Лука 17:11—19). Кудайга кайрылып, тиленгенибизде да ага «бардык нерсе үчүн ыраазычылык билдиришибиз» керек (1 Тесалоникалыктар 5:17, 18).