Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акыр заман. Коркунуч каптоодо

Акыр заман. Коркунуч каптоодо

БУГА чейинки макалада сөз кылынган акыр заманга байланыштуу имиштерден тышкары, чынында эле көпчүлүктү ойлондурган фактылар да бар. Көптөр калктын санынын тездик менен өсүшү жана анын кесепетинде суу менен тамак-аш тартыш болору жөнүндө ойлонуп, тынчсызданышат. Айрымдар болсо бүткүл дүйнөлүк финансылык кыйроодон коркушат. Ал эми табигый кырсыктар, эпидемиялар, же болбосо ядролук согуш тууралуу эмне деп айтууга болот? Ушулардын баары бүткүл дүйнөнүн кыйрашына алып келиши мүмкүнбү?

Эмесе, ушулардын айрымдарына кыскача токтололу. Жогоруда айтылгандар бүтүндөй адамзаттын өмүрүнө коркунуч туудурбаганы менен, азыркы коомдун кыйрашына себеп болушу мүмкүн деп айтууга болот.

Алп жанар тоолор

1991-жылы Филиппиндеги Пинатубо жанар тоосунун атылганынын кесепетинде 700дөн ашуун киши каза таап, 100 000дей киши үйсүз калган. Жанар тоодон күл аралашкан чоң коюу булут 30 километрдей бийиктикке көтөрүлүп, кайра жерге түшкөн. Натыйжада өсүмдүктүн баары куйкаланып, үйлөрдүн, имараттардын чатырлары кулап калган. Пинатубо жана башка жанар тоолор атылгандан кийин климаттын өзгөргөнү бир нече жыл бою байкалган.

Алп жанар тоолор, тарых барактарында жазылып калган жанар тоолордун кайсынысынан болбосун, жүз эсе ашып түшүп, алда канча чоң кыйроого алып келиши мүмкүн. Алар, кыйратуучу күчкө ээ болгондон тышкары, бүт жер шарындагы климатты өзгөртүп, түшүмдүн начарлашына жана ачарчылыктын кеңири кулач жайышына себеп болушу ыктымал.

«Жанар тоолор бир канча километрге созулган аймакка чейинки өсүмдүктөрдү, жан-жаныбарларды күйгүзүп кетсе, алп жанар тоолор бүт Жер планетасынын климатын өзгөртүп, айрым өсүмдүктөр менен жаныбарларды тукум курут кылышы мүмкүн» («Нэшнл жиогрэфик»).

Астероиддер

1908-жылы бир күнү эртең менен Сибирдин Ванавара айылындагы дүкөндүн алдында отурган бир киши күтүүсүздөн болгон катуу жарылуудан улам отургучунан ыргып кеткен. Аба ушунчалык ысып кеткендиктен, үстүндөгү кийими ага өрттөнүп жаткандай сезилген. Жарылуунун очогу 60 километрдей алыстыкта болчу. Мындай чоң жарылуу диаметри, болжолу, 35 метрге, салмагы 100 000 тоннага жеткен астероиддин эпкини болчу. Жердин атмосферасына сүңгүп кирген соң ал астероид аба басымынын жана температуранын өтө жогорулаганынан улам жарылып кеткен. Ошондо бөлүнүп чыккан энергиянын кубаттуулугу Хиросима шаарына ташталган бомбанын көлөмүндөй 1 000 бомбанын кубаттуулугуна барабар болгон. Анын кесепетинен Сибирь токоюнун 2 000 квадрат километрдей жерин от жалмап кеткен. Демек, чоңураак астероиддер андан да чоң кырсыкка учуратары бышык. Андай астероиддер Жерге түшсө, укмуштуудай чоң оттуу шамалды, куюнду жаратат да, абанын температурасы кескин түрдө төмөндөп, көптөгөн жаныбарлар, өсүмдүктөр жок болуп кетет.

«Кометалар, астероиддер Жерге дайыма эле сокку уруп келген. Андай учурлар мурун көбүрөөк болгону менен, келечекте да кайталанышы толук ыктымал. Болгону, качан болору белгисиз» (Пенн Стейт университетинин астрономия жана астрофизика боюнча башкы лектору Крис Палма).

Климаттын өзгөрүшү

Окумуштуулар Жердеги температуранын жогорулашы, аба ырайынын кескин өзгөрүшү, мөңгүлөрдүн эриши, шуру (коралл) рифтеринин, ошондой эле жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүнүн жок болуп баратышы бүткүл дүйнөлүк климаттын өзгөргөнүнүн белгиси деп эсептешет. Бул азыр талаш маселе болгону менен, көптөр мунун себеби көмүрдүн, мунай заттын, жаратылыш газынын — көмүр кычкыл газын көп өлчөмдө бөлүп чыгарган күйүүчү кендердин — оор өнөр жайларында жана унаа тармагында көп колдонулганында деп ойлошот.

Айрым адистер андай зыяндуу газдар абага көтөрүлүп, Жерди каптап калгандыктан, Жер күнөскананын (теплицанын) ичинде калгандай болот да, жылуулук космоско жайыраак тарап, температура жогорулайт деп ырасташат. Андан тышкары, бак-дарактар көмүр кычкыл газын сиңирип тургандыктан, токойлордун көп кыйылышы климаттын кескин түрдө өзгөрүшүнүн дагы бир себеби деп эсептелүүдө.

«Эгер Жердеги жылуулуктун деңгээли ушул бойдон кала берсе жана көмүр кычкыл газынын бөлүнүп чыгышы азайбаса, көптөгөн окумуштуулардын айтымында, Жердин температурасы жогорулай берет да, натыйжада климат чукул өзгөрө баштайт. Деңиз деңгээли көтөрүлүп, жээкти бойлой жашагандардын өмүрүнө чоң коркунуч туулат» («A Mind for Tomorrow: Facts, Values, and the Future»).

Жугуштуу оорулар

14-кылымда күлапса оорусунан 2 жылдын ичинде Европанын калкынын үчтөн бир бөлүгү кырылып калган. Ал эми 1918—1920-жылдары испан сасык тумоосунан 50 000 000дой киши каза тапкан. Ал оорулар ошол убакта бир жерден экинчи жерге жетүү азыркыдай оңой, бат болбогондуктан гана жер бетине тарап кеткен эмес. Ал эми бүгүнкү күндө шаарлардын тездик менен көбөйүп жатканы, саякаттоонун мурункуга караганда алда канча оңой болуп калганы ушундай оорулардын бардык континенттерге тарап кетүү ыктымалдыгын жогорулатууда.

Мындай табигый жугуштуу оорулардын кеңири кулач жайышы коркунучтуу экени айтпаса да түшүнүктүү. Бирок бүгүнкү күндө адамзатка адамдар өздөрү ойлоп-таап, өз колу менен жасаган оорулар да, башкача айтканда, бактериологиялык куралдар да коркунуч туудурууда. Адистер ушул тармак боюнча билими бар адамдардын чакан эле тобу Интернет аркылуу керектүү жабдууларды сатып алып, эч бир дарыга моюн сунбаган ооруларды чыгарышы мүмкүн деп кооптонушууда.

«Табигый оорулар адамзатка дагы деле чоң коркунуч туудурууда. Бирок ооруларды козгогон бактериялар — же көптөгөн дарыларга туруштук бергендери, же атайын жасалгандары — душмандын колуна тийсе, бүтүндөй адамзатка коркунуч туулат» (Массалык кыйратуу куралдары колдонулган террорчулукту изилдөө борбору).

Жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүнүн жоголуп баратышы

Акыркы 5 жылдын ичинде АКШда аары баккандар жыл сайын аарылардын 30дай пайызы белгисиз бир себептен эле жоголо баштаганын байкашууда. Аарылардын адамга тийгизген пайдасы чоң. Алар бал менен камсыз кылгандан тышкары, көптөгөн өсүмдүктөрдү, анын ичинде жүзүмдү, алманы, сояны жана пахтаны чаңдаштырышат. Демек, биздин жашообуз алардан көз каранды.

Ошондой эле биздин жашообуз фитопланктондордон (балырлардан) жана курт-кумурскалардан көз каранды. Мисалы, фитопланктондор болбосо, балыктар кырылып калат. Ал эми курт-кумурскалар болбосо, топурак жумшартылбай калат да, түшүм начарлайт. Жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн ушул сыяктуу түрлөрүнүн жоголуп баратышы тамак-аштын азайышына, ачарчылыкка, ал эми ачарчылык зомбулуктун күч алышына, баш аламандыкка алып келет. Айлана-чөйрөнүн булганышы, калктын санынын өсүшү, табигый ресурстардын кыянат колдонулушу, жаныбарлардын жашаган аймагынын барган сайын тарып баратышы, климаттын өзгөрүшү — ушунун баары жаныбарлардын айрым түрлөрүнүн тукум курут болушуна алардын табигый себептерден улам азайышынан 1000 эсе көп шарт түзүүдө.

«Адамдардын айынан жыл сайын жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн 18 000—55 000 түрү жок болууда» (БУУнун Өнүктүрүү программасы).

Ядролук согуш

1945-жылдын август айында болгон окуялар ядролук жарылуунун бир шаарды бир заматта тыптыйпыл кыла аларын көрсөттү. Ядролук жарылуунун кыйратуучу күчү укмуштуудай чоң болот. Анын натыйжасында айлана-тегеректин баары талкаланат, анын согуу толкунунан, ал пайда кылган шамалдан, оттон, ысыктан, радиациядан миңдегендер набыт болот. Радиациянын таасиринен улам тамак-аш менен суу ууланат. Эгер ядролук согуш башталса, тонналаган чаңдар көккө көтөрүлүп, күндүн нурун өткөрбөй жерди каптап калат да, абанын температурасы дароо төмөндөйт. Натыйжада өсүмдүктөрдүн баары өлүп, адамдар менен жаныбарлар тамак-ашсыз калат. Бүгүнкү күндө ядролук согушту баштаганга кудурети жеткен тогуз өлкө бар деп эсептелет. Дагы бир нече өлкө ядролук куралдарды жасоо проектисинин үстүнөн иштөөдө деп божомолдонот. Террордук уюмдар болсо ядролук куралга жетүүнү эле эңсеп турушат.

«Ядролук согуш адамзат коомуна эң чоң коркунуч туудуруп келет... Азыркы күндө дүйнө жүзү боюнча дагы деле 25 000дей ядролук курал бар... Эртеби-кечпи, андай курал террорчулардын колуна тиет» (Тынчсызданган окумуштуулар союзу).