Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Акыр заман жөнүндөгү чындык

Акыр заман жөнүндөгү чындык

АКЫР ЗАМАН туурасында эл арасында жүргөн, жакшылыктан үмүт үздүргөн кептердин баарынын үч жалпылыгы бар. Биринчи жалпылыгы: алардын баары — келечекте эмне болорун эч качан так айта албаган тек гана адамдардын божомолдоосу. Экинчиси: элдин айтуусу боюнча, адамдын акыр заманда аман калышы анын кандай адам экенинен эмес, кокустуктан көз каранды болот. Үчүнчүсү: көптөрдүн ою боюнча, акыр замандан аман өткөндөр андан ары жашаш үчүн да күрөшүшү керек болот.

Ыйык Китепте жазылгандар жогоруда айтылгандардан кыйла айырмаланат. Ага ылайык, жакында адамзаттын жашоосунда чоң өзгөрүү болот. Бирок ал китепте Кудайдын мыйзамдарын аткаргандардын баары сөзсүз аман калары айтылат. Андан тышкары, Ыйык Китепте жердин куйкаланып, же тескерисинче, муз болуп тоңуп калары эмес, бейишке айланары алдын ала айтылган.

Бирок көптөргө буга ишенүү кыйын. Алсак, айрым сынчылар Ыйык Китепте улуу алааматтын, ошондой эле Армагедондун болору, андан кийин жерди Кудайдын Падышалыгы миң жыл башкарары, жердин Бейишке айлана тургандыгы жөнүндө жазылгандарды ойдон чыгарылган нерсе катары көрүшөт. Бул темалар боюнча диний окууларды изилдеген адистердин да талаш-тартышы түгөнбөй келет. Мисалы, ал адистердин бири алардын арасында Ыйык Китептеги бир да башка тема боюнча мынча көп ой-пикирлердин жазылбаганын айткан. Натыйжада буга карата болгон ойлор ого бетер чиеленишип калган.

Бирок, чынында, Ыйык Китепте жазылгандарды түшүнүү анчалык деле кыйын эмес. Анткени ал — Кудайдын Сөзү. Жараткан Кудай болсо биздин келечегибизди табышмактаткысы келбейт. Ыйык Китепте кандай суроолорго жооп камтылганына көңүл бурсаңар. Эгер бул тууралуу көбүрөөк билгиңер келсе, Жахабанын Күбөлөрүнөн «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» деген китепти сурасаңар болот.

Жер менен адамзат жок болуп кетеби?

«Адил адамдар жерди мураска алып, жер бетинде түбөлүк жашашат» (Забур 37:29).

Кимдер аман калат?

«Жерде чынчыл адамдар жашайт, айыпсыз кишилер калат. Ыймансыздар болсо жер бетинен жок кылынат, ишенимсиздер тукум курут болушат» (Накыл сөздөр 2:21, 22).

Кудай байыркы убакта да ыймансыз адамдарды жок кылды беле?

Кудай «байыркы дүйнөнү аябастан, ыймансыздардын дүйнөсүнө топон суу каптаткан. Ал эми адилдиктин кабарчысы болгон Нухту жана аны менен кошо дагы жети адамды сактап калган. Андан тышкары, ыймансыздарга келечекте эмне болорун көрсөтүш үчүн, Содом жана Амор шаарларын күлгө айлантып, аларга чыгарган өкүмүн ишке ашырган» (2 Петир 2:5, 6).

Ал күндүн качан келерин так билсе болобу?

«Ал күндү жана саатты эч ким: асмандагы периштелер да, Уул да билбейт, Атам гана билет. Нухтун күндөрүндө кандай болсо, адам Уулунун катышуусунун убагында да ошондой болот. Топон суунун алдында, Нух кемеге кирген күнгө чейин, адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен. Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин, алар ойлонушкан эмес. Адам Уулунун катышуусунун убагында да ошондой болот» (Матай 24:36—39).

Ал күнгө жакын калганын эмнелерден көрүүгө болот?

«Акыркы күндөрдө өзгөчө оор мезгилдин келерин бил. Себеби адамдар өзүн өзү сүйгөн, акчаны сүйгөн, мактанчаак, бой көтөргөн, акарат кылган, ата-энесинин тилин албаган, жакшылыкты билбеген, ишенимсиз, жакындарын сүйбөгөн, эпке-сөзгө келбеген, жалаа жапкан, өзүн өзү кармай албаган, ырайымсыз, жакшылык кылгысы келбеген, чыккынчы, өз дегенин бербеген, текебер, Кудайдын ордуна ырахатты сүйгөн, Кудайга берилгендей болуп көрүнгөн, бирок берилгендигин иш жүзүндө көрсөтпөгөн адамдар болушат» (2 Тиметей 3:1—5).

Адамзаттын келечеги кандай болот?

Кудай адамдардын «көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти» (Аян 21:4).

Ыйык Китепте келечек тууралуу бүт баары майда-чүйдөсүнө чейин жазылбаганы менен, андан адамзатты абдан жакшы жашоо күтүп турганын билүүгө болот. Ал жашоонун канчалык жакшы болорун азыр элестетиш кыйын болсо да, Жахаба Кудайдын өз убадасын аткарууга кудурети жетерине эч шектенбесеңер болот.

«Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт»