Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Жылдыздар жашообузга таасир эте алабы?

Жылдыздар жашообузга таасир эте алабы?

Ыйык Китепте эмне делет?

Жылдыздар жашообузга таасир эте алабы?

Ал мени сүйөбү?

Бүгүн жолго чыксам болобу?

Ошол жумушка орношомбу?

КӨПТӨР жогорудагыдай суроолорго астрология * жооп берет деп ишенишет. Жылдыздар чынында эле жашообузга таасир эте алабы? Келечегибизди, өзүбүздүн кандай экенибизди билгенге жардам береби? Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?

Жылдыздар келечегибизге таасир этеби?

Айрымдар: «Келечегибиздин кандай болору маңдайыбызга жазылган, андан эч жакка качып кутула албайбыз. Жылдыздар болсо келечегибизди билгенге жардам берет»,— дешет. Бирок Ыйык Китепте андай эмес экени айтылат. Ал китепте Кудайдын бизге тандоо эркиндигин бергени, ошондой эле жашообуздун кандай болору кандайдыр бир деңгээлде өзүбүздөн көз каранды экени жазылган. Мисалы, Кудай ысрайыл элине мындай деген: «Мен сага өмүр менен өлүмдү, бата менен каргышты сунуш кылдым. Асман менен жер кылган иштериңдин баарына күбө болот. Өзүң да, тукумуң да өмүр сүрүшү үчүн, өмүрдү танда» (Мыйзам 30:19).

Бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, Жахаба Кудай ысрайыл элине алардын келечеги өздөрүнөн көз каранды экенин айткан. Ысрайылдыктар анын осуяттарына баш ийишсе, Кудай аларга батасын бермек. Ал эми баш ийишпесе, өздөрү эле кыйналмак.

Ойлонуп көргүлө: Эгер ар бир ысрайылдыктын келечегинин кандай болору жылдыздардан көз каранды болсо, Кудай аларды өмүрдү тандаганга үндөйт беле? Кудайдын аларды өздөрүнөн көз каранды болбогон иштери үчүн жоопко тартканы адилеттүүлүккө жатат беле?

Жогорудан көргөнүбүздөй, Ыйык Китепте жашообуздун кандай болору жылдыздардан эмес, чыгарган чечимдерибизден көз каранды экени айкын көрсөтүлгөн (Галатиялыктар 6:7).

Жылдыздар кандай адам болорубузга таасир этеби?

Көптөгөн астрологдор баары маңдайга жазылган дегенге ишенбей турганын айтышат. Алардын бири: «Тагдырыбыз өзүбүздүн колубузда. Бирок качан төрөлгөнүбүз кандай адам болорубузга таасир этет»,— деген. Мындай ойдо болгондор аз эмес. Алар: «Жылдыздар менен планеталар жерге таасир этип жатса, адамдарга кантип таасир эте албасын?» — дешет. Бул тууралуу Ыйык Китепте эмне делет?

Албетте, Ыйык Китеп адамдын организми жана аалам жөнүндө майда-чүйдөсүнө чейин жазылган илимий китеп эмес. Ошондой болсо да анда Жахаба Кудайдын асман телолорун кандай ниет менен жаратканы айтылат. Алсак, асман телолорун жаратканда Кудайдын эмне дегени жөнүндө Башталыш китебинин 1-бөлүмүнүн 14, 15-аяттарында мындай делет: «Күн менен түндү бөлүп турушу үчүн асман мейкиндигинде чырактар пайда болсун. Алар... мезгилдерди ... көрсөтүп турат жана жерге жарык берип турушу үчүн... кызмат кылат».

Ойлонуп көргүлө: Эгер Кудай жылдыздарды биздин кандай адам болорубузга таасир эте тургандай кылып жаратса, ал жөнүндө бизге айтпай коёт беле?

Анда кандай жыйынтык чыгарсак болот? Жылдыздар — Кудайдын колунан бүткөн жансыз нерселер, алар адамдын кандай болоруна таасир эте албайт.

Жетекчиликти кайдан издесек болот?

Келечегибизди жана өзүбүздүн кандай адам экенибизди билгибиз келгени жакшы. Бирок келечегибиздин кандай болорун билгенге, өзүбүздү түшүнгөнгө жылдыздар эмес, башка нерсе жардам берет.

Ыйык Китепте Жахаба Кудайдын «аягында эмне болорун башынан эле айтары» жазылган (Ышая 46:10). Ал бизди бактылуу кыла турган нерсени ишке ашырууну ниет кылган (Ышая 55:10, 11). Эмнени ниет кылганы тууралуу Ыйык Китептен окуй алабыз. Анда эмне үчүн азап-чегип жатканыбыз, адамзат туш болуп жаткан кыйынчылыктарды Кудайдын кантип жок кылары да айтылган * (2 Петир 3:13; Аян 21:1—4).

Андан тышкары, Ыйык Китепте өзүбүздүн кандай экенибизди, жакшы жакка өзгөрүш үчүн эмне кылышыбыз керектигин билгенге жардам берген эң сонун кеңештер бар. Ыйык Китепте жазылгандар өзүбүздү чынчылдык менен текшергенге жардам берет. Мисалы, анда Жахабанын «кайрымдуу», «ачууланганга шашпаган», «кечирүүгө даяр» Кудай экени айтылат (Чыгуу 34:6; Забур 86:5). Биз да ушундайбызбы? Ыйык Китеп бизге кемчилигибизди көргөнгө жана кайсы жагынан оңолушубуз керектигин түшүнгөнгө көмөк кылат.

Жылдыздар келечегибизди жана кандай адам экенибизди билгенге жардам бере албайт. Андыктан жылдыздардан жардам издегенден көрө, «Кудайдын рухунун жетеги менен жазылган жана окутуу үчүн, ашкерелөө үчүн, оңдоо үчүн пайдалуу» болгон Ыйык Китепке кайрылганыбыз маанилүү (2 Тиметей 3:16, 17).

[Шилтемелер]

^ 6-абз. Астрология — асман телолору адамдын жашоосуна таасир этет жана өзүн түшүнгөнгө жардам берет деген максатта күндү, айды, планеталарды, жылдыздарды изилдеген илим.

^ 19-абз. Кудайдын ой-ниети жөнүндө көбүрөөк билиш үчүн Жахабанын Күбөлөрү тарабынан чыгарылган «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин 3-бөлүмүн карагыла.

ОЙЛОНУП КӨРДҮҢӨР БЕЛЕ?

● Кудай асман телолорун эмне үчүн жараткан? (Башталыш 1:14).

● Кандай адам экенибизди кантип билсек болот? (Еврейлер 4:12).

● Келечегибиздин кандай болорун каяктан биле алабыз? (Ышая 46:10).