Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудайдын табияты

Кудайдын табияты

Кудайдын денеси кандай?

«Кудай — Рух» (Жакан 4:24).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте Кудайдын рух экени айтылат (2 Корунттуктар 3:17). Ал абдан жогорку абалды ээлейт жана аны көрө албайбыз. Ыйык Китепте: «[Кудай] Түбөлүктүктүн Падышасы — өлбөс, көрүнбөс»,— делет (1 Тиметей 1:17). Ошондой эле: «Кудайды эч ким эч качан көргөн эмес»,— деп жазылат (1 Жакан 4:12).

Ай-ааламдан жогору турган Жараткан Кудайдын кандай экенин элестете албайбыз. Ышая пайгамбар: «Кудайды кимге окшоштурасыңар, кимге салыштырасыңар?» — деп жазган (Ышая 40:18). Атүгүл кастарлоо сезимин туудурган асман да Кудурети Күчтүү Кудайга тең келбейт (Ышая 40:22, 26).

Бирок Кудайды бетме-бет көрүп, аны менен сүйлөшө алган аң-сезимдүү жаратуулар бар. Эмне үчүн алар Кудайды көрүп, аны менен сүйлөшө алышат? Анткени алар да рух жана асманда жашашат (1 Падышалар 22:21; Еврейлер 1:7). Ал жаратуулар периштелер деп аталат. Иса пайгамбар периштелер тууралуу: «[Алар] асманда Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат»,— деген (Матай 18:10).

 Кудай бардык жерге таралган күчпү?

«Ошондуктан мындай деп тиленгиле: „Асмандагы Атабыз, ысмың ыйыкталсын“» (Матай 6:9).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китепте Кудай бардык жерге таралган күч деп айтылбайт. Иса пайгамбар аны «Атага» салыштырган. Мындан Кудайдын касиет-сапаттары бар экенин билүүгө болот. Ошондой эле анын «жашаган жайы» асманда (Матай 6:9; 18:10; 1 Падышалар 8:43).

Жердеги жашоосунун акырында Иса пайгамбар: «Мен дүйнөгө Атамдан келгем. Азыр болсо дүйнөнү калтырып, Атама баратам»,— деп айткан (Жакан 16:28). Ал өлүп, рух болуп тирилгенден кийин «Кудайдын алдында туруш үчүн... асмандын өзүнө кирген» (Еврейлер 9:24).

Кудайдын ушундай экенин билгенибиз абдан маанилүү. Анткени Кудайдын касиет-сапаттары бар, тирүү Кудай экенин билсек, аны таанып-билип, ага жакындай алабыз (Жакып 4:8). Андан сырткары, Кудайга жакпаган сыйынуудан, мисалы, сөлөкөттөргө, жансыз нерселерге сыйынуудан алыс болобуз. Ыйык Китепте: «Балдарым, өзүңөрдү буркандардан сактагыла»,— делет (1 Жакан 5:21).

Адамдар кандайча Кудайга окшош болуп жаралган?

«Кудай өзүндөй кылып адам жаратты, аны өзүнө окшош кылып жаратты. Аларды эркек-аял кылып жаратты» (Башталыш 1:27).

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ? Адам баласы Кудайдын сүйүү, адилеттүүлүк, акылмандык сыяктуу касиет-сапаттарын чагылдыра алат. Ошондуктан Ыйык Китепте: «Кудайды туурагыла, анткени силер анын сүйүктүү балдарысыңар... Сүйүү жолунда жүргүлө»,— деп айтылат (Эфестиктер 5:1, 2).

Кудай бизди жаратканда эрк боштондугун берген. Ошол себептен туура же туура эмес иш кылууну өзүбүз чече алабыз жана башкаларды сүйөрүбүздү ар кандай жолдор менен далилдей алабыз (1 Корунттуктар 13:4—7). Андан тышкары, чыгармачылык кыла алабыз, кооз нерселерди көргөндөн ырахат алып, жаратылышка суктана алабыз. Баарынан да маанилүүсү, биз Жараткан Кудайды, анын эркин таанып-билүүгө болгон каалоо менен жаралганбыз (Матай 5:3).

Ыйык Китепте жазылгандар кандайча жардам берет? Кудай жөнүндө канчалык көбүрөөк билип, аны туураган сайын, анын эркине ылайык жашаганга ошончолук аракет кыла баштайбыз. Мунун аркасында жашообуз маңызга толуп, жан дүйнөбүз тынч болот (Ышая 48:17, 18). Ооба, Кудай анын сапаттары адамдардын жүрөгүн козгоп, жүрөгү таза адамдарды ага жакындатарын жана ошонун аркасында алардын түбөлүк өмүр аларын билет (Жакан 6:44; 17:3).