Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Спиритизм

Спиритизм

Өлгөндөр менен байланышууга аракет кылуу туурабы?

«Өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылбагыла,.. Болбосо алардын айынан таза эмес болуп каласыңар» (Лебилер 19:31).

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Көптөр, жакыны өлгөндөн кийин, анын жаны кыйналып жаткан жокпу деп сарсанаа болушат. Ошондуктан: «Ал жөнүндө билиш үчүн арбактар менен сүйлөшө алган далдалчыга барсамбы? Балким, ошондон кийин кабатырланбай каламбы?» — деп ойлошот.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Ыйык Китептен тирүүлөрдүн тээ байыртадан бери эле өлгөндөр менен байланышууга аракет кылып келгенин билүүгө болот. Ошо себептен Жахаба Кудай ысрайыл элине: «Элиңдин арасында... өлгөндөрдү чакыргандарга кайрылгандар,.. өлгөндөр менен сүйлөшкөндөр болбосун. Анткени буларды кылгандардын баары Жахаба үчүн жийиркеничтүү»,— деген (Мыйзам 18:10—12). Ошондой эле Ыйык Китепте спиритизмдин кайсы түрү менен болбосун алектенгендердин, башкача айтканда, өлгөндөр менен байланышууга аракет кылгандардын «Кудайдын Падышалыгын мурасташпай» турганы айтылат (Галатиялыктар 5:19—21).

 Өлгөндөр тирүүлөргө таасирин тийгизе алабы?

«Тирүүлөр өлөрүн билет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт» (Насаатчы 9:5).

КӨПТӨР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Көптөр өлгөндөр жашоонун башка түрүнө өтүп, андан ары жашай берерине ишенишет. Ошондуктан алардан кабар алгысы келиши мүмкүн. Же болбосо зыян келтирбеши үчүн, аларды тынчтандыруу керек деп ойлошот. Ошол үчүн алар менен байланышканга аракет кылышат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Тирүүлөр өлөрүн билет, ал эми өлгөндөр эч нерсе билбейт... Алардын сүйүүсү да, жек көрүүсү да, кызганычы [тирүү кезинде туйган сезимдери] да жок болот» (Насаатчы 9:5, 6). Ооба, Ыйык Китепте өлгөндөрдүн эч нерсе кыла албай турганы айтылат. Алар ойлоно да, иш-аракет кыла да алышпайт, Кудайга да сыйына алышпайт. «Өлгөндөр [Кудайды] даңктабайт, жымжырт жайга түшкөндөр даңктабайт» (Забур 115:17).

Анда эмнеге далдалчылар кээде туура айтат?

«Тирүүлөр жөнүндө өлгөндөрдөн сурамак беле?» (Ышая 8:19).

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Айрымдар далдалчылардын өлгөн адам, анын үй-бүлөсү же достору гана билген маалыматты да айта аларын айтышат.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

1 Шемуел китебинин 28-бөлүмүндө Шабул деген падышанын Кудайдын мыйзамын бузуп, өлгөндөр менен байланыштырган далдалчы аялга барганы жазылат. Ал аны көзү өтүп кеткен Шемуел пайгамбар менен байланыштырат. Бирок ал чын эле Шемуел пайгамбар беле? Жок. Ал Шемуел пайгамбар болуп көрүнгөн жин болчу.

Ал жин «жалгандын атасы» деп аталган Шайтандын кызматчысы болгон (Жакан 8:44). Эмне үчүн жиндер өлгөндөр андан ары да жашоосун уланта берет деген ойду жайылтышат? Алардын максаты — Кудайды калпычы кылып көрсөтүү жана анын Ыйык Китепке жаздырган сөздөрүнүн тууралыгына шек туудуруу (2 Тиметей 3:16).

Анда адам өлгөндөн кийин баары бүтөт деп ойлошубуз керекпи? Жок. Ыйык Китепте көрдө «уктап жаткандардын» келечекте тирилери айтылат * (Жакан 11:11—13; Элчилер 24:15). Азыр болсо алар жөн гана уктап жатышат.

^ абз. 16 «Ыйык Китеп чынында эмнеге окутат?» китебинин «Өлгөн жакындарыбыз үчүн кандай үмүт бар?» деп аталган 7-бөлүмү. Аны www.pr418.com/ky сайтынан онлайн түрүндө окуй аласыңар.