Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ТАРЫХ БАРАКТАРЫНАН

Константин

Константин

Константин өзүн христиан деп эсептеген Рим императорлорунун биринчиси болгон. Ал дүйнөнүн тарыхына күчтүү таасир эткен. Константин мурда катуу куугунтукталып келген христиандардын динин кабыл алып, христиан дүйнөсүнүн, башкача айтканда, христианчылыктын жаңы түрлөрүнүн пайда болушуна негиз салган. Ошентип, христианчылык тарых багытына таасир эткен «коомдук жана саясий күчтүү курал» болуп калган («Британ энциклопедиясы»).

БУЛ байыркы Рим императору жөнүндөгү маалымат эмне үчүн көңүл бурууга татыйт? Макалада жазылгандардан Константиндин саясий, диний иштери бүгүнкү күнгө чейинки жана бүгүнкү күндөгү чиркөөлөрдүн окууларына, каада-салттарына кандай таасир эткенин билебиз. Келгиле анда, ушуларга токтололу.

ЧИРКӨӨЛӨРДҮН МЫЙЗАМДАШТЫРЫЛЫП, ЖЕКЕ КЫЗЫКЧЫЛЫККА КОЛДОНУЛУШУ

Б.з. 313-жылы батыш Рим империясында Константин, ал эми чыгышында Лициний менен Максимин деген императорлор башкарып турган. Константин менен Лициний баарына, анын ичинде, христиандарга дин тутуу эркиндигин беришкен. Константин империянын биримдигине дин жардам бериши мүмкүн деп ойлогондуктан христианчылыкты коргогон *.

Константин чиркөөлөрдүн ар кандай талаш-тартыштын айынан бөлүнүп жатканына аябай тынчсызданган. Ал аларды бир пикирге келтирүүнү каалагандыктан «туура» окууну негиздеп, аны күчкө салып кабыл алдыргысы келген. Ага жагыш үчүн епископтор, салык төлөөдөн бошотулгандар жана анын колдоосуна ээ болгондор диний көз карашынан баш тартууга аргасыз болушкан. Тарыхчы Чарлз Фримандын айткандарынан көрүнүп тургандай, христиан дининин окууларынын «туурасын» кабыл алуу диний жетекчилерге асмандагы эле эмес, жердеги байлыкка да жол ачкан. Ушундайча, диний жетекчилер дүйнөнүн иштерине зор таасир эткендерден болуп  калышкан. Тарыхчы А. Х. М. Жонс: «Ошентип, чиркөө коргоочуга ээ болгондон тышкары, кожоюндуу да болуп калган»,— деген.

«Чиркөө коргоочуга ээ болгондон тышкары, кожоюндуу да болуп калган». (Тарыхчы А. Х. М. Жонс.)

ЖАҢЫ ДИНДИН ПАЙДА БОЛУШУ

Константин менен епископтордун биргелешип иш алпарганынын натыйжасында жарымы христиандардын, жарымы бутпарастардын (көп кудайларга сыйынгандардын) окууларынан турган дин пайда болгон. Мындан башкача болушу мүмкүн эмес болчу, анткени император чыныгы динди негиздөөнү эмес, диндерди бириктирүүнү көздөгөн. Ал жарандары бутпарастар болгон империяны башкарчу. Константин христиандарга да, бутпарастарга да жагынууга аракет кылган. Бир тарыхчы: «Ал иштерин жана саясатын атайын элге айкын эмес болгудай кылып жүргүзчү»,— деп жазган.

Ал христианчылыкты коргой турганын айтып, ошол эле учурда бутпарастыкты да колдогон. Алсак, Ыйык Китепте туура эмес деп айтылган астрология, төлгө ачуу сыяктуу нерселер менен алектенген (Мыйзам 18:10—12). Римдеги Константин Аркасында анын бутпарастардын кудайларына курмандык чалып жатканы тартылган. Ошондой эле ал күн кудайынын сөлөкөтүн тыйындарга чектирип жана ага сыйынууну жайылтып, аны даңктай берген. Ал тургай өмүрүнүн аягында Умбриядагы (Италия) чакан шаарга өзүнө жана үй-бүлөсүнө ибадаткана курууга, ал жерде кызмат кыла турган дин кызматчыларды дайындоого макулдугун берген.

Константин б.з. 337-жылы өлөрүнө бир нече күн калганда гана христиан катары чөмүлгөн. Окумуштуулардын көбү аны империясындагы христиандардын да, бутпарастардын да саясий колдоосунан айрылгысы келбегендиктен ошенткен деп эсептешет. Анын жашоосу тууралуу билдирүүлөр жана аябай кеч чөмүлгөнү Машаякка чын ниеттен ишенгенине шек туудурат. Көңүлгө аларлык нерсе, Константин мыйзамдаштырган чиркөө аябай күчтүү саясий, диний түзүлүшкө айланган. Ошентип, чиркөө Машаяктан жүзүн буруп, дүйнөнүн иштерине аралашып кеткен. Иса Машаяк шакирттери жөнүндө: «Мен дүйнөгө таандык болбогондой эле, алар да дүйнөгө таандык эмес»,— деп айткан болчу (Жакан 17:14). Дүйнөгө таандык болуп калган ошол чиркөөдөн көптөгөн диний агымдар пайда болгон.

Бул маалыматтан эмнени билүүгө болот? Мындан бүгүнкү күндөгү чиркөөлөр Иса Машаяк айткан нерселерди окутпай турганын биле алабыз. Ал эми Иса Машаяктын окууларын билгибиз келсе, Ыйык Китепти окуп көрүшүбүз керек (1 Жакан 4:1).

^ абз. 6 Бир билдирүүгө ылайык, Константиндин христиан динине чын ниеттен ишенгени талаш болуп келет. Мунун бирден бир себеби «ал көп кудайларга сыйынууну атүгүл бийлигинин аягына чейин ачык эле колдой берген».