Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Сыры ачыла элек көз жаш

Сыры ачыла элек көз жаш

АДАМ баласы жарык дүйнөгө келгенден тартып көз жаш анын өмүрлүк жандоочусуна айланат. Бир адис ымыркайдын ыйлаганы сырткы чөйрө менен байланышуу жолу экенин айткан. Алсак, ал ачка болгонун, ооруганын, колго алышын каалап жатканын ыйлап билдирет. Бирок убакыттын өтүшү менен байланышуунун башка да жолдору пайда болот. Анда адам эмне үчүн ыйлайт?

Мунун себептери көп. Мисалы, кайгырганда, капаланганда, ооруганда же көкүрөгүбүз муңга толгондо ыйлайбыз. Бирок көңүлдү шат кылган кубанычтуу сезимге чулганганда, ийгиликке жеткенде же кандайдыр бир жакшылык болгондо да көзүбүзгө жаш алабыз. Андайда кубанганыбыздан ыйлайбыз. Башкалардын ыйлаганын көргөндө да, көз жашыбыз эрксизден куюлуп кетет. «Бирөө ыйлап жатса, эмнеден улам ыйлабасын, мен да токтоно албай кетем»,— дейт Мария. Кээде кинодогу, китептеги ойдон чыгарылган окуяларга да ыйлайбыз.

Адамдын көз жаш төгүшүнө эмне себеп болбосун, ыйды таасири күчтүү, сөзү жок тил десек болот. Бир китепте бул тууралуу: «Кыска убакыттын ичинде ушунча көп нерсени билдирүүнүн мындан башка жолдору аз»,— деп жазылган. Башкалардын көз жашы бизге таасир этпей койбойт. Мисалы, кимдир бирөөнүн кайгырып ыйлап жатканына кайдыгер карай албайбыз, себеп дегенде бул анын кыйналып жатканынан кабар берет. Ошондуктан андай адамды жубатууга же ага жардам бергенге аракет кылабыз.

Адистердин айрымдары адам ыйлаганда жеңилдей түшөт жана сезимдерди дайыма ичке катып, ыйлабай жүрө берүү ден соолукка зыян дешет. Башкалары болсо ыйдын ден соолукка, эмоциялык саламаттыкка пайдалуу экенине илимий далил жок экенин айтышат. Эмне деп айтышпасын, бир сурамжылоодо аялдардын 85 пайызы, эркектердин 73 пайызы ыйлагандан кийин бир топ жеңилдеп каларын билдиришкен. «Кээде бугумду чыгарып ыйлап алышым керектигин сезем. Ыйлап алгандан кийин кадимкидей эс ала түшөм, жагдайга  болгон көз карашым да өзгөрүп калат»,— дейт Ноеми деген бир аял.

Бир сурамжылоодо аялдардын 85 пайызы, эркектердин 73 пайызы ыйлагандан кийин бир топ жеңилдеп каларын билдиришкен

Бирок киши ыйлагандыктан эле эмес, жанындагылар аны жубатып же жардам бергендиктен да жеңилдейт. Ал эми ага ал күткөндөй мамиле кылынбаса, жаман акыбалда калышы же уялышы мүмкүн.

Азырынча көз жаштын сыры толугу менен ачыла элек. Бирок аны Жаратканыбыз берген, ички сезимдерибизди билдирүүгө шарт түзгөн таң калтырарлык жөндөмдүүлүктөрдүн бири деп айтууга болот.