Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ӨМҮРДҮ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫЙБОО КЕРЕК?

Жардам алса болот

Жардам алса болот

«Бардык түйшүгүңөрдү [Кудайга] арткыла, анткени ал силерге кам көрөт» (1 ПЕТИР 5:7).

Жагдайды жакшы жакка өзгөртө албай тургандай көрүнгөндө, жашагандан көрө, өмүр менен кош айтышуу туурадай сезилиши ыктымал. Бирок чындап жардам бере турган нерселер бар. Келгиле анда, ошолорго токтололу.

Кудайдын жардамы. Кудайдан тиленүү өзүбүздү жакшы сезүүнүн эле же кайгынын чеңгелинен чыгуунун эле айласы эмес. Тиленүү — бизге дайыма кам көргөн Жахаба Кудай менен сүйлөшүү. Ал жүрөгүбүздү эмне өйүп жатканын ага айтышыбызды каалайт. Ыйык Китепте: «Жүгүңдү Жахабага арт, ошондо ал сени колдойт»,— деп жазылган (Забур 55:22).

Ошо себептен Кудайга учурдагы кыйынчылыктарыңарды айтып тиленгиле. Тиленип жатканда ага Жахаба деп ысмынан кайрылып, жүрөгүңөрдөгүнүн баарын төккүлө (Забур 62:8). Жахаба Кудай аны жакын досуңардай көрүшүңөрдү абдан каалайт (Ышая 55:6; Жакып 2:23). Аны менен качан болбосун жана кайсы жерде болбосун, сүйлөшө аласыңар.

Өзүн-өзү өлтүрүүнү алдын алуу боюнча Америка уюмунун билдирүүсүнөн өз өмүрүн кыйгандардын 90 пайызынын же андан көбүнүн өзүн өлтүргөн маалда психикалык оору менен ооруп жатканы айкын болгон. Көп учурда алардын оорусу өз учурунда аныкталган эмес жана тийиштүү түрдө дарыланган эмес.

Башкалардын жардамы. Силердин өмүрүңөр башкалар үчүн да — үй-бүлөңөр, досторуңар үчүн да — кымбат. Балким, алар силерди ойлоп, сарсанаа болуп жүргөндүр. Силерди ойлогон адамдардын ичинде атүгүл тааныш эмес адамдар да болушу мүмкүн. Алсак, Жахабанын Күбөлөрү башкаларга Кудай жөнүндө айтып жүргөндө жашоодон тажап жүргөн адамдарды жолуктуруп калышат. Алардын айрымдары кайгысын көтөрө албай мүңкүрөп калганын жана өз өмүрүн кыюуга аракет кылганын айткан учурлар да болот. Жахабанын Күбөлөрүнүн Ыйык Китепте жазылгандарды үйдөн үйгө кыдырып айтканы андай адамдарга жардам бергенге шарт түзүп келет. Жахабанын Күбөлөрү, Иса пайгамбардан үлгү алып, бардык адамдардын камын ойлошот. Алар силерге да жардам бере алышат (Жакан 13:35).

Адистердин жардамы. Өз жанын кыюу жөнүндөгү ойлордун келгени — адамдын психикалык оору менен, алсак, өтүшүп кеткен депрессия менен ооруп жатканынын белгиси. Эгер психикалык оору менен ооруп калсаңар, андан эч качан уялбагыла. Ал кадимки эле оору менен бирдей. Депрессияны «бир аз суукка урунуп калганга» салыштырса болот. Аны менен ким болсо да ооруп калышы ыктымал, бирок андан айыгуу мүмкүн *.

КӨҢҮЛГӨ АЛЧУ НЕРСЕ: Адатта, депрессиянын терең орунан өз алдынча чыгуу мүмкүн эмес. Бирок башкалардын жардамы менен сөзсүз чыга аласыңар.

АЗЫР ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ? Депрессия сыяктуу психикалык ооруларды дарылаган мыкты адиске кайрылгыла.

^ абз. 8 Өмүрүңөрдү кыюу жөнүндөгү ой такыр кетпей койсо жана андай каалоо күчтүү болсо, жардам көрсөтө турган мекемелерге же депрессияны дарылай турган ооруканаларга кайрылгыла. Ал жакта жардам бере ала турган атайын адистер болот.