Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ӨМҮРДҮ ЭМНЕ ҮЧҮН КЫЙБОО КЕРЕК?

Үмүт бар

Үмүт бар

«Мүнөзү жумшактар жерди мураска алышат да, мол тынчтыкка ырахаттанышат» (ЗАБУР 37:11).

Ыйык Китепте адамдын «өмүрү санаага толгону» айтылган (Аюп 14:1). Бүгүнкү күндө кыйынчылыкты баштан кечирбеген бир да жан жок. Айрымдар асманы түнөрүп, кайгынын сур булуту эч качан тарабачудай сезилгендиктен жакшы нерседен таптакыр үмүт үзүп коюшат. Силерде да ушундай учурлар болобу? Эгер ошондой болсо, Ыйык Китепте силердин эле эмес, бүт адамзаттын үмүтүн жандыра турган сөздөр жазылганынан шек санабасаңар болот. Мисалы, андан төмөнкүлөрдү билебиз:

  • Жахаба Кудай биздин эң сонун жашашыбызды каалаган (Башталыш 1:28).

  • Ал жерди бейишке айлантууну убада кылууда (Ышая 65:21—25).

  • Анын убадасы сөзсүз аткарылат. Аян 21:3, 4-аяттарда мындай делет:

    «Кудайдын чатыры адамдардын арасында болот. Кудай алар менен жашайт, алар анын эли болушат. Кудай өзү алар менен болот. Кудай алардын көзүнөн бардык жашты аарчыйт. Мындан ары өлүм болбойт, кайгы да, өкүрүк да, оору да болбойт. Мурункунун баары өтүп кетти».

Бул жөн эле куру кыял эмес. Жахаба бул убадасын сөзсүз ишке ашырат. Анткени ал өзүнүн ой-ниетинин аткарылышын абдан каалайт жана аткарууга кудурети жетет. Ыйык Китепте жазылгандардын аткарыларына шектенбесек болот, мындай үмүт жашаганга күч берет.

КӨҢҮЛГӨ АЛЧУ НЕРСЕ: Сезимиңерди буркан-шаркан түшкөн деңиздеги ары-бери чайпалган кемеге, ал эми Ыйык Китепте жазылгандарды кемени ордунан жылдырбай кармап турган кеме казыкка салыштырса болот.

АЗЫР ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ? Ыйык Китепте адамзаттын келечеги жөнүндө эмне делерин изилдеп көргүлө. Жахабанын Күбөлөрү силерге жардам бергенге даяр. Андыктан силер жакта жашаган Жахабанын Күбөлөрүнө кайрылсаңар же jw.org веб-сайтына кирип, пайдасы зор маалыматтарды алсаңар болот *.

^ абз. 11 jw.org сайтына кирип, АДАБИЯТТАР > ОНЛАЙН КИТЕПКАНА деген жерди карагыла. Ал жерге «депрессия», «өзүн-өзү өлтүрүү» деген сөздөрдү жазып, көбүрөөк маалымат алгыла.