Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Төгөрөктүн төрт бурчунда

Кошмо Штаттар

Айрым полиция кызматкерлери техниканы колдонуп машине менен кубалоону коопсузураак кылууда. Алсак, кызмат машинесинин тумшугуна кысылган абанын жардамы менен GPS билдиргичтерин аткан шайман орнотууда. GPS билдиргичтери качып бараткандардын машинесине жабышып калгандыктан, аларды коопсуз ылдамдыкта кубалоо мүмкүн.

Индия

Бир эсептөөгө ылайык, септин айынан чыккан талаш-тартыштан саатына бир аял өлөт. Сеп берүүгө жана сеп алууга мыйзам тарабынан тыюу салынганына карабай бул салт дагы деле бар. 2012-жылы 8200дөн ашуун аял сепке канааттанбай калган күйөөсүнүн же кайындарынын колунан каза тапкан.

Швейцария

Үч карлыгачка (Tachymarptis melba) бекитилген билдиргичтердин жардамы менен алардын Африкага жетиш үчүн 200 күндөн ашуун убакыт тынымсыз учканы белгилүү болгон. Буга чейин деңиз жаныбарлары гана ошончо узак убакыт бою токтоосуз жол жүрө алат деп эсептелип келген.

Африка мүйүзү

2005-жылдын апрелинен 2012-жылдын декабрына чейин деңиз каракчылары Африка мүйүзүнүн жээгинен 179 кеме басып алышкан. Дүйнөлүк банктын билдирүүсүнө ылайык, кемелерди кайтарып алууга дээрлик 413 миллион доллар кеткен.