Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЖЕРЛЕР ЖАНА ЭЛДЕР

Белизге саякат

Белизге саякат

ЧАКАН өлкө болсо да, Белиздин табияты ар түрдүү келет. Анын жапжашыл тропикалык токойлору жан сергитсе, аралдарды курчаган көк-жашыл суулары көргөн көздү кубантат. Бирок Белиз ошонусу менен эле суктандырбайт.

Ал жакты байырлаган канаттуу-куштардын, жан-жаныбарлардын түрлөрү жүздөп саналат. Жаныбарлар дүйнөсүнө баш бага турган болсок, түркүн-түстүү тукандарды жана жерде да, сууда да зуулдап жүргөн кериктердин тукумуна кирген, мурду пилдикиндей салаңдаган Бэрд тапирин көрө алабыз. Ошондой эле америка кабыланын да кезиктирүүгө болот. Айта кетмекчи, дүйнөдөгү кабыландар багылган коруктардын эң биринчиси Белизде пайда болгон. Белиз өлкөсү ошонусу менен да сыймыктанат.

Белиз кабыландар коругу менен сыймыктанат

Белиз бир учурда гүлдөп турган Майя цивилизациясынын бир бөлүгүнө кирген. 16-кылымда испан конкистадорлору ал жакты басып алган, бирок майя элин толук багынта алган эмес. Кийинчерээк ал аймак британиялыктардын карамагына өтүп, 1862-жылы Британия Гондурасынын ээлиги деп жарыяланган. Белиз эгемендикке 1981-жылы жеткен.

 Жаратылышы сыяктуу эле, белиздиктердин тек-жайы да ар түрдүү. Креолдор, чыгыш индейлер, гарифуналар, майялар жана местизолор — негизги этностук топтордун айрымдары гана. Алар ачык-айрым, сылык-сыпаа келишет. Балдар чоң кишилерге «мисс», «мистер» деп кайрылышат, ал эми жооп бергенде «ооба, мадам» же «жок, сэр» деп айтышат.

Белиз шаарындагы базар

Белизде Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштары криол (Белиз), англис, кытай (мандарин), майя (мопан), испан тилдеринде жана немис диалектисинде өткөрүлөт, ошондой эле ал жакта америка жаңдоо тилинде өткөн жыйналыштар да бар. 2013-жылы Белиздеги 40 кишинин бири Жахабанын Күбөлөрү менен бирге Иса Машаяктын өлгөн күнүн эскерүү кечесине катышышкан.

БИЛЕСИҢЕРБИ? Белизде 290 километрден ашык аралыкка созулуп жаткан коралл рифи бар. Ал — чоңдугу боюнча дүйнөдө биринчи орунда турган Австралиядагы Чоң Тоскоол рифинен кийинки эле орунду ээлеген рифтин бөлүгү.

Белиздеги коралл рифи чоңдугу боюнча дүйнөдө 2-орунда турган рифтин бөлүгү