Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Тропик токоюнун канаттуу багбаны

Тропик токоюнун канаттуу багбаны

БАГБАНДАР жакшы түшүм алыш үчүн үрөндү өз убагында жакшы жерге себүү маанилүү экенин жакшы билишет. Кызыктуусу, тропик токоюна үрөн өз убагында — түнүчүндө — асмандан себилет. Бул ишти аткарган канаттуу багбандар «Эски Дүйнөнүн мөмө-жемиш менен азыктанган жарганаттары» деп аталышат. Алардын айрым түрлөрү «канаттуу түлкүлөр» деп да белгилүү *.

Урук себүү

Мөмө-жемиш жарганаттарынын көбү азык издеп түнкүсүн учушат. Алар мөмө-жемиштен тышкары, гүлдөрдүн ширесин да жакшы көрүшөт. Азыктангандан кийин сиңбей калган данектер менен уруктарды бөлүп чыгарып салышат. Ошондой эле гүлдөрдүн даамдуу ширесин соруп, аларды чаңдаштырышат. Бул да багбанчылык иштин бир бөлүгү болуп эсептелет.

Мөмө-жемиш жарганаттары бир түндүн ичинде көп жерди кыдыргандыктан, барган жердин баарына урук себишет. Мөмөлөрдүн уруктары жарганаттардын тамак сиңирүү органдары аркылуу өтүп, «жер семирткичке» аралашып бөлүнүп чыгат. Бул алардын жакшы өсүшүнө шарт түзөт. Андыктан тропик токоюндагы көптөгөн өсүмдүктөрдүн чаңдашышы, уруктарынын ар кайсы жерге чачырашы канаттуу багбандардан көз каранды экени таң калыштуу эмес.

 Канаттуу багбандар көп жерди аралап, алыс жактарга учкандыктан навигациялык жөндөмгө ээ болгондон сырткары, көрө да алышат. Алардын көздөрү караңгыда биздикинен жакшы көрөт. Алар атүгүл өң-түстөрдү да ажырата алышат. Ошондуктан караңгыда эле эмес, жарыкта да уча алышат.

Тукум улоо

БИЛЕСИҢЕРБИ? Багытын ультрадобуштун жардамы менен аныктаган башка жарганаттардан айырмаланып, мөмө-жемиш жарганаттарына азыгын табууга көрүү, жыт билүү органдары жардам берет. Алардын топчудай болгон көздөрү түнкүсүн аң улоого эң эле ылайыктуу.

Самоада байырлаган жарганаттардын канаттуу түлкүлөр деп аталган түрүнө киргендердин (Pteropus samoensis) эркеги менен ургаачысы өмүр бою чогуу жашашат. Ургаачылары балдарын курсагында бир нече жума көтөрүп, чоңойгонго чейин эмизип багышат. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн алардын балдарына көбүнчө ургаачылары кам көрөрү айкын болгон. Мөмө-жемиш жарганаттарынын өзгөчө 2 түрү бар. Алардын ургаачылары «аначынын» ишин аткарып, башкаларына тууганга жардам беришет.

Учурда тропик токойлору көп кыйылып жаткандыктан, мөмө-жемиш жарганаттары тукум курут болуп кетүү коркунучу алдында турат. Тынч океандын түштүгүндөгү аралдарда байырлаган мөмө-жемиш жарганаттарынын жок болуп кетиши орду толгус кыйроого учуратышы мүмкүн. Анткени ал аралдардагы айрым өсүмдүктөрдү ошол жарганаттар гана чаңдаштырышат. Андыктан канаттуу багбандардын зор эмгегин жогору баалашыбыз керек.

^ абз. 2 Эски Дүйнөнүн жарганаттары Африкада, Азияда, Австралияда жана Тынч океан аралдарында байырлайт.