Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

 ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Буркандар

Буркандар

Миллиондогон адамдар Кудайга сыйынганда буркандарды колдонушат. Ыйык Китепте буркандарга сыйынуу туура деп айтылабы? Бул Кудайга жагабы?

Байыркы учурда Кудайга берилген жүйүттөр буркандарды аздектешкенби?

«Жогору турган асмандагы, төмөн турган жердеги же жер бетиндеги суудагы нерселердин сөлөкөттөрүн же түспөлүн жасаба. Аларга табынба да, кызмат кылба» (Чыгуу 20:4, 5).

Байыркы Келишим деп белгилүү болгон Еврей Жазмаларында буркандарды аздектөө туура эмес экени айтылат

КӨПТӨРДҮН ОЮ:

«Жаңы католик энциклопедиясында» айтылгандарга ылайык, жүйүттөр сыйынууда толгон-токой буркандарды колдонушчу «жана аларды өтө кастарлап, аздектешчү» *. Энциклопедияда бул айтылгандарды ырасташ үчүн Иерусалимдеги ибадаткананын дубалдарына жана андагы башка нерселерге жер-жемиштердин, гүлдөрдүн, айбанаттардын чегип тартылганы мисал келтирилген (1 Падышалар 6:18; 7:36).

ЭМНЕНИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

«Жаңы католик энциклопедиясына» каршы пикир айта турган болсок, Кудайга берилген жүйүттөр ибадатканадагы нерселердин же чегилген сүрөттөрдүн эч бирин аздектешкен эмес. Ошондой эле алардын сыйынууда буркандарды колдонгону Ыйык Китептин эч бир жеринде айтылбайт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Өзүмө таандык даңкты башка эч кимге, мактоону оюп жасалган буркандарга бербейм» (Ышая 42:8).

 Алгачкы христиандар сыйынууда буркандарды колдонушканбы?

«Кудайдын ибадатканасы менен буркандардын ортосунда кандай байланыш бар?.. Арам нерсеге жолобогула» (2 Корунттуктар 6:16, 17).

Католик чиркөөсүнүн тарыхы баяндалган бир китепте мындай делет: «Алгачкы христиандар үчүн чиркөөгө буркандарды коюу деген ойдун өзү эле жийиркеничтүү болмок жана аларга табынууну же алардан тиленүүнү бурканга сыйынуу деп эсептешмек» («History of the Christian Church»)

КӨПТӨРДҮН ОЮ:

«Жаңы католик энциклопедиясында» мындай деп жазылган: «Алгачкы христиандардын сыйынууда буркандарды колдонгону эч талашсыз. Анткени христиандардын катакомбалары — алгачкы христиандардын чеберчилигин далилдеген галереялар... Катакомбалардын ыйык деп эсептелген, сыйынууга арналган бөлүктөрү жана өлүк коюлчу жерлери атүгүл мифологиялык сүрөттөр менен кооздолгон» *.

ЭМНЕНИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Ал катакомбалардагы — өлүктөрдү коюу үчүн жасалган жер алдындагы жайлардагы — эң эски деп эсептелген сүрөт 3-кылымга таандык. Бул Иса Машаяк өлгөндөн 200 жылдай убакыт өткөндөн кийин гана тартылган дегенди билдирет. Ошондуктан «Жаңы католик энциклопедиясында» «алгачкы христиандар» деп жазылгандар, чынында, эң алгачкы христиандар эмес. Тактап айтканда, Жаңы Келишим деп белгилүү болгон Грек Жазмаларында айтылган, 1-кылымдагы христиандар эмес. Ал эми катакомбалардагы сүрөттөр, болгону, өздөрүн христиан деп атагандардын башкаларды өз динине тартыш үчүн 3-кылымга чейин эле сыйынууда буркандарды колдонуп калганын көрсөтүп турат *.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Бурканга табынуучулуктан качкыла» (1 Корунттуктар 10:14).

Сыйынууда буркандар колдонулушу керекпи?

«Өзүңөрдү буркандардан сактагыла» (1 Жакан 5:21).

Ыйык Китепте сыйынууда буркандарды колдонуу керектиги айтылбайт. Мына ошо себептен Жахабанын Күбөлөрү буркандарга сыйынбайт, ошондой эле алардын үйлөрүндө же сыйынган жерлеринде буркандар жок

КӨПТӨРДҮН ОЮ:

«Жаңы католик энциклопедиясында»: «Бурканды аздектөө же аларга сыйынуу... буркандын өзүнө да, буркан жасалган затка да багытталбайт, ал буркан кимди билдирсе, ошого гана багытталат»,— деп айтылат.

ЭМНЕНИ БИЛИШИҢЕР КЕРЕК?

Иса Машаяк жолдоочуларына кантип тилениш керектигин үйрөтүп жатканда, буркандарды колдонуу керектигин айткан эмес. Ооба, Ыйык Китептин эч бир жеринде Кудайга сыйынуу үчүн буркандарды колдонуу керектиги айтылбайт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

«Кудайың Жахабага сыйын, ага гана ыйык кызмат кыл» (Матай 4:10).

^ абз. 7 «Жаңы католик энциклопедиясында» «аздектөө» деген сөз «сыйынуу» деген мааниде колдонулган.

^ абз. 13 Бул контекстте сүрөттөр, иконалар, эстеликтер, символдор жана башка аздектелген нерселердин баары буркандар деген маанини камтыйт.

^ абз. 14 Сыйынууда буркандарды колдонуу байыркы элдерде, анын ичинде Египетте, Грецияда, Индияда кеңири тараган.