Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Өзү бармактай, көзү чарадай

Өзү бармактай, көзү чарадай

АЙРЫМДАР аны көрүп: «А-ий, жакшынакай экен!» — дешсе, башкалары: «И-и, кебетеси кантет!» — деши мүмкүн. Денесинин узундугу 12,5 сантиметрдей, салмагы 114 граммдай болгон ал макулуктун буттары илмейип ичке келет, жүнү жумшак болот, тостойгон көздөрү болсо жылтылдап турат. Ал эмне болгон макулук? Ал — узун согончок.

Эмесе, анын Филиппинди байырлаган бир түрү менен жакыныраак таанышып көрөлү. Бир караганда, анын көзү, кулагы, колу-буту жана таманы менен куйругу кичинекей денесине ылайык келбегендей көрүнөт. Бирок жакшылап карай келгенде, анын мындай түзүлүшү мыкты ойлонуштурулуп жаратылганын түшүнөбүз.

КУЛАГЫ. Узун согончок кагаздай ичке кулактарын түрө да, жаза да алат жана угулар-угулбас дабыштарды тыңшай алат. Бул ага жапайы мышык сыяктуу жырткычтардан сактанууга эле эмес, жеминин кайсы жерде турганын так аныктоого да жардам берет. Түн киргенде ал кара чегирткелердин, термиттердин, коңуздардын, канаттуулардын жана бакалардын дабышына кулак төшөй баштайт. Анан дабыш чыккан жакка башын буруп, жемин издеп кирет.

КОЛУ. Узун согончоктун колу ичке бутактарга жармашууга эң сонун ылайыкташтырылган. Анын манжаларынын учунда машиненин дөңгөлөктөрүндөгүдөй быдырлары бар. Андай быдырлардын болушу абдан зарыл, анткени ал уктаганда да бутакка жармашып алып уктайт. Бутакка оролгон астында быдырлары бар узун куйругу да аны ойгонгонго чейин былк эттирбей кармап турат.

КӨЗҮ. Башка бир да сүт эмүүчүнүн көзү денесине салыштырмалуу мынчалык чоң эмес. Узун согончоктун көзү мээсинен да чоң, ошондой эле эч жакка кыймылдабай, дайыма түз карап турат. Муну анын кемчилиги деп айтууга болобу? Жок, анткени көзү кыймылдабаганы менен, мойну, кайсы тарапка болбосун, 180 градуска бурула алат.

ШАМДАГАЙЛЫГЫ. Буттары узун болгондуктан, бул кенедей жырткыч 6 метр узундукка чейин секире алат. Бул анын денесинин узундугунан 40 эсеге көп. Узун согончок түнкүсүн аңчылык кылат. Ал жемин укмуштуудай шамдагайлык менен, жаза кетирбей шап кармайт.

Узун согончок үй шарттарында көпкө жашабайт. Мунун бир себеби ал тирүү курт-кумурскалар менен азыктанганды аябай жакшы көрөт жана тамаксоо келет. Ошондой эле эркиндикти жакшы көрөт. Филиппин эли ал өзгөчө жандыкка дайыма суктанып келет. Анткени өзү бармактай, көзү чарадай ал токой жаныбарынын дээрлик ар бир дене мүчөсү кишини таңдандырат.