Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ЫЙЫК КИТЕПТИН ДООРУ БҮТКӨНБҮ?

Көөнөрбөс баалуулуктар. Берилгендик

Көөнөрбөс баалуулуктар. Берилгендик

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Баары никени баалашсын, нике төшөгү булганбасын» (Еврейлер 13:4).

ПАЙДАСЫ: Айрымдар бул принципти заман талабына ылайык келбейт деп эсептешет. Бирок алар катуу жаңылышат. Ойноштук Ыйык Китеп жазылган учурда адамдардын жүрөгүн кандай жараласа, азыр деле ошондой жаралайт (Накыл сөздөр 6:34, 35).

Жезенин жубайы, бала-чакасы бар. Ал мындай дейт: «Жубайым экөөбүздүн бири-бирибизге болгон берилгендигибиз мамилебизди бекемдеп, бактылуу болушубузга шарт түзүүдө. Үй-бүлөдө жубайлардын бири-бирине ишенгени абдан маанилүү. Ойноштук ортодогу ишеничти бузгандан тышкары, балдарга да залакасын тийгизет».

Лигаянын * үй-бүлөсү бузулганы калган. Ал: «Мен жаман адамдар менен достошо баштагам. Аларга кошулуп „түнкү жашоо“ өткөрүп, күйөөмдүн көзүнө чөп салгам»,— дейт. Ошондой жашоо Лигаяны бактылуу кылганбы? Жок. Тескерисинче, күйөөсү менен көп чатакташып, аябай бактысыз болчу. Лигая мындай деп кошумчалайт: «Кандай иштерге барганымды ойлогондо ата-энемдин „жаман чөйрө жакшы адаттарды бузат“ деген сөздөрдү бекеринен айтпаганын түшүндүм» (1 Корунттуктар 15:33).

Лигая андан ары сөзүн улап: «Мындан да жаман болуп кете электе баарын токтотууну жана бул жолкусунда Ыйык Китепти жөн эле окуп койбой, андагы жазылган кеңештерди колдонуп көрүүнү чечтим»,— дейт. Мунун жыйынтыгы кандай болгон? Ал үй-бүлөсүн сактап калган, андан тышкары, күйөөсү да ага жылуу-жумшак мамиле кылып, сыйлай баштаган. Лигая сөзүн: «Менин жашоом Ыйык Китептеги кеңештерди колдонуунун аркасында өзгөрдү. Мурунку жашоомду таштаганыма жана дос сөрөйлөрдөн кол үзгөнүмө эч өкүнбөйм»,— деп жыйынтыктайт.

^ абз. 6 Айрым ысымдар өзгөртүлдү.