Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

МУКАБАДАГЫ ТЕМА | ТУРМУШ АГЫМЫНА ТУРУШТУК БЕРҮҮ МҮМКҮНБҮ?

Көйгөй: түгөнбөгөн түйшүк

Көйгөй: түгөнбөгөн түйшүк

БАЛКИМ, силерге балдарыңарга кам көргөндөн тышкары, алдан-күчтөн тайып калган ата-энеңерге да кам көрүүгө туура келип жаткандыр. Өмүрлөшүңөргө да жардам беришиңер керектир. Андан сырткары, жумуштагы милдеттериңер да бар. «Айла жок, баарына жетишишим керек»,— деп ойлойттурсуңар. Бирок бүт баарына жетишкенге аракет кылганыңар өзүңөргө да, башкаларга да дайыма эле пайдалуу боло бербеши мүмкүн. Анда кандай кылыш керек?

БАЙЫРКЫ УБАКТАГЫ МИСАЛ

Бир учурда байыркы ысрайыл элинде Муса пайгамбар жалгыз өзү сот болгон. Ал жумурай журттун ишин териштирүүгө жетишишим керек деп ойлосо керек. Бирок кайын атасы ага: «Мындай кылганың жакшы эмес. Өзүңдү... кыйнап коёсуң»,— деп айтып, элге сот жүргүзүүгө ылайыктуу эркектерди дайындоону кеңеш кылган. Алар иштин көбүн өз мойнуна алып, Муса пайгамбарга оор маселелерди гана билдирип турушмак. Кайын атасы ага, эгер ошондой кылса, сот катары өз милдетин жакшы аткара аларын, элге да жеңил болорун айткан (Чыгуу 18:17—23).

УЧУРДАГЫ МИСАЛ

Буга чейин айтылгандай, Делина нерв жана булчуң ткандарынын жыйрылышынын бузулуусунан кыйналып келет. Анын үстүнө, оорулуу үч агасына кам көрөт. Ал мындай дейт: «Стресс болбош үчүн иштин баарын бир учурга үйүп албаш керектигин жана кылчуларын кийинкиге калтырбай өз учурунда кылыш керектигин түшүндүм. Ошондой эле жагдай-шартыңды башкаларга айткан жакшы экен. Анын аркасында жолдошум жана башкалар мага дайыма жардам берип турушат. Мен жакшы көргөн иштеримди да кылып турам, мисалы, күнүгө эртең менен бир аз убакыт бакчада иштегенди жакшы көрөм».

«Бардык нерсенин өз убагы бар» (Насаатчы 3:1)

ЭМНЕ КЫЛСАҢАР БОЛОТ?

Эгер түгөнбөгөн түйшүк басып баратса, төмөнкү кеңештерди колдонуп көргүлө.

  • Силерге кимдер жардам бере аларын ойлонуп көргүлө. Балким, балдарыңар, туугандарыңар же жакын жашаган досторуңар көмөк кыла алаттыр.

  • Башкаларга ал-акыбалыңарды түшүндүргүлө. Алсак, жумушуңар оор болуп жатса, жетекчиңер менен сүйлөшкүлө. Ага шарт койбой, тек гана жагдайыңарды түшүндүрсөңөр, жумушуңарды жеңилдетип коюшу мүмкүн.

  • Бир жуманын ичинде канча иш кыларыңарды жазып алып, кайсыларын бирөөгө тапшырса болорун ойлонуп көргүлө.

  • Конокко же дагы башка ушу сыяктуу жерлерге чакырганда жакшылап ойлонгула. Эгер убактыңар же дарманыңар жок болсо, бара албай турганыңарды айткыла.

Жыйынтык: Эгер көп нерсе кылууга аракет кылсаңар, акыр-аягы эч нерсе кыла албай калышыңар мүмкүн.