Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Еврей тамгалары менен жазылган Кудайдын аты Ыйык Китептин байыркы кол жазмаларында көп жолу кезигет

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

Кудайдын аты

Кудайдын аты

Миллиондогон адамдар Кудайга Теңир, Алла же жөн эле Кудай деген сыяктуу улуу наамдар менен кайрылышат. Бирок Кудайдын аты бар. Кандай деп ойлойсуңар, ага атынан кайрылышыбыз керекпи?

Кудайдын аты ким?

АЙРЫМДАР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

 

Өздөрүн христиан деп эсептегендердин көбү Кудайдын аты Иса деп айтышат. Башкалар Кудуреттүү Кудай жалгыз эле болгондуктан, аны атынан атоонун зарылдыгы жок деп ойлошот. Кээ бирлер болсо Кудайды атынан атоо таптакыр эле орунсуз деген көз карашта.

ЫЙЫК КИТЕПТЕ ЭМНЕ ДЕЛЕТ?

 

Кудурети Күчтүү Кудайдын аты Иса эмес, анткени ал Кудурети күчтүү Кудай эмес. Ал өзүнүн жолдоочуларына Кудайдан: «Атабыз, сенин ысмың ыйыкталсын»,— деп тилениши керектигин айткан (Лука 11:2). Иса өзү да Кудайдан: «Ата, өз ысмыңды даңкта»,— деп тиленген (Жакан 12:28).

Ыйык Китепте Кудайдын: «Мен Жахабамын. Бул — менин ысмым»,— деп айтканы жазылган (Ышая 42:8). «Жахаба» деген сөз — Кудайдын атын билдирген еврей тилиндеги ЙХВХ деген төрт үнсүз тамганын кыргыз тилиндеги котормосу. Ал ысым Ыйык Китептин Еврей Жазмалары деп белгилүү болгон бөлүгүндө 7 000дей жолу кездешет *. Бул ысым «Кудай», «Кудурети Күчтүү», «Теңир» деген сыяктуу наамдардын кайсынысынан болбосун, ошондой эле Ыбрайым, Муса, же Дөөтү деген ысымдардын баарынан көбүрөөк кездешет.

Ыйык Китептин бир да жеринде Жахабанын анын атын урмат-сый менен колдонууга тыюу салганы жазылган эмес. Кайра, Ыйык Китептен Кудайдын кызматчыларынын аны атынан атап, ага эркин кайрылганын билүүгө болот. Алар атүгүл балдарына Кудайдын атын кошуп ат коюшкан. Мисалы, Илияс деген ат «Менин Кудайым Жахаба» дегенди, ал эми Закарыя деген ат «Жахаба эстеди» дегенди билдирет. Алар Кудайдын атын күндөлүк турмушта да кеңири колдонушкан (Рут 2:4).

Кудай аны атынан аташыбызды каалайт. Ыйык Китеп бизди: «Жахабага ыраазычылык билдиргиле, анын ысмын чакыргыла»,— деп үндөйт (Забур 105:1). Ошондой эле Ыйык Китепте Кудайдын «анын ысмы тууралуу ой жүгүрткөндөрдү» жактырары жазылган (Малаки 3:16).

«Сенин ысмың Жахаба экенин, жер үстүндөгү Эң Жогорку Кудай жалгыз сен экениңди баары билсин» (Забур 83:18).

Кудайдын атынын мааниси кандай?

Айрым окумуштуулар еврей тилинде «Жахаба» деген ысым «Болтурат» деген маанини туюнтарын айтышат. Бул аныктама Кудай, анын эрки аткарылышы үчүн, ким болууну кааласа, ошол боло аларын жана башкаларды да болтура аларын билдирет. Мындай ысымды алып жүрүүгө кудуреттүү Жаратканыбыз гана татыктуу.

МУНУ БИЛҮҮ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

 

Кудайдын атын билгениңер ал жөнүндөгү оюңарга таасир этет. Ошонун аркасында ага мурункудан жакыныраак болуп каласыңар. Атын билбеген бирөөгө чынында эле кантип жакын болмок элеңер? Ооба, Кудайдын силерге өзүнүн атын ачып бергенинин өзү эле — ага жакын болушуңарды каалап жатканынын белгиси (Жакып 4:8).

Жахабанын ысмынын маанисине жараша убадасына дайыма турган Кудай экенине эч шектенбесеңер болот. Ошондуктан Ыйык Китепте: «Сенин ысмыңды билгендер сага таянышат»,— деп жазылган (Забур 9:10). Кудайдын аты анын сүйүү, ырайымдуулук, боорукердик, адилеттүүлүк сыяктуу сапаттары менен тыгыз байланышта экенин билген сайын, ага болгон ишенимиңер бекемделе берет (Чыгуу 34:5—7). Жахабанын убадаларын дайыма аткарарын жана эч качан өзүнүн сапаттарына каршы келген ишке барбай турганын билүү бизди абдан кубаттандырат!

Кудуреттүү Кудайдын атын билүү, чынында эле, чоң сыймык. Ошонун аркасында азыр да, келечекте да Кудайдын батасын ала аласыңар. Кудай: «Ысмымды таанып-билгени үчүн коргойм»,— деп убада берген (Забур 91:14).

«Жахабанын ысмын чакырган ар бир адам куткарылат» (Жоел 2:32).

Кудайдын аты көптөгөн тилдерге которулган

^ 9-абз. Ыйык Китептин көптөгөн котормолорунда Кудайдын аты алынып салып, «ТЕҢИР» деген чоң тамга менен жазылган наамга алмаштырылган. Кээ бир котормолордо Кудайдын аты белгилүү бир аяттарда жана шилтемелерде гана жазылган. Ыйык Китептин «Жаңы дүйнө котормосунда» Кудайдын аты тийиштүү жерлердин бардыгында колдонулган.