Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Максаттар чиймеге окшош. Күч-аракет жумшоонун аркасында аларды ишке ашыра аласың

ЖАШТАРГА

12 Максаттар

12 Максаттар

БУЛ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?

Максат бул ишке ашышын самаган тек гана кыял эмес. Чыныгы максат ойлонуштурууну, ылайыкташа билүүнү жана көп күч-аракет жумшоону талап кылат.

Максаттар кыска мөөнөттүү (бир нече күн же жума талап кылынган), орточо мөөнөттүү (бир канча айдын ичинде аткарыла турган) жана узак мөөнөттүү (бир же андан көп жылда жете турган) болот. Узак мөөнөттүү максаттарга кичинекей максаттар аркылуу жете аласың.

ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?

Койгон максаттарыңа жетсең, өзүңдү ишенимдүү сезесиң, башкалар менен болгон достугуң чыңдалат жана кубанычың артат.

Өзүңдү ишенимдүү сезүү. Анча чоң эмес максат коюп, ага жеткенде өзүңдү ишенимдүү сезип, андан да чоңураак максаттарга умтула баштайсың. Ошондой эле курбу-курдаштардын кысымы сыяктуу күнүмдүк кыйынчылыктар менен күрөшкөндөн көп коркпой каласың.

Достук мамиле. Көптөр максат коюп жашаган, тагыраак айтканда, эмнени каалап жатканын билген жана ошого жетүүгө умтулган адамдар менен дос болгусу келет. Андан сырткары, достукту бекемдөөнүн жакшы жолдорунун бири — башка бирөө менен чогуу бир максатты көздөө.

Кубаныч. Максат коюп, ага жеткениңде канааттануу аласың.

«Мага максат койгон аябай жагат. Мунун аркасында дайыма бир нерсе менен алек болосуң, бир нерсеге умтулуп жашайсың. Максатыңа жеткенде артка кылчая карап: „Оо, оюмду ишке ашырдым! Көздөгөнүмө жеттим!“ — дейсиң» (Кристофер).

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Шамалды караган үрөн сеппейт, булутту караган оруп-жыйбайт» (Насаатчы 11:4).

ЭМНЕ КЫЛСАҢ БОЛОТ?

Максат коюп, аны жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү кадамдарды жаса.

Аныкта. Жеткиң келген максаттардын тизмесин түзүп, аларды маанилүүлүгү боюнча, мисалы, биринчи, экинчи, үчүнчү деп белгилеп чык.

Пландаштыр. Ар бир максатыңа байланыштуу төмөнкүлөрдү кыл:

  • Акылга сыярлык мөөнөт кой.

  • Кандай кадамдарды жасасаң болорун ойлонуштур.

  • Кандай тоскоолдуктар болору, аларды кантип жеңе аларың тууралуу ойлон.

Иш-аракет кыл. Максатыңа байланыштуу нерселердин баарын майда-чүйдөсүнө чейин ойлонуштуруп бүтмөйүнчө күтүп отура бербе. «Максатыма жетиш үчүн адегенде эмне кылсам болот?» — деп ойлонуп көр. Анан ошону кыл. Ар бир кадамды жасаган сайын ийгилигиң тууралуу ой жүгүрт.

ЫЙЫК КИТЕПТЕГИ ПРИНЦИП: «Аракетчилдин ой-максаттары ийгиликке жеткирет» (Накыл сөздөр 21:5).