Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

КҮЙҮТ ТАРТКАНДАРГА ЭМНЕ ЖАРДАМ БЕРЕТ?

Канчалык оор болот?

Канчалык оор болот?

Күйүттү ар ким ар кандай көтөрөт. Жакыны каза болгондо айрымдар кайгы-капасын сыртына чыгарбай, ичтен сызып жүрө берет. Өлгөн адамды жоктоп кайгыруунун аркасында адамдын жүрөгүндөгү жарааты айыкса да, күйүт тартуунун «бир эле туура жолу» бар деп айтууга болбойт. Көп нерсе адамдын туулуп-өскөн чөйрөсүнөн, кулк-мүнөзүнөн, турмуштук тажрыйбасынан жана жакын адамы эмне болуп каза болгонунан көз каранды болот.

КАНЧАЛЫК КЫЙНАЛЫШЫ МҮМКҮН?

Адам жакыны көз жумгандан кийин кандай кыйынчылыктарга туш болорун билбеши мүмкүн. Анткен менен жакынынан ажырагандар жалпы жонунан бирдей эле сезимде болуп, бирдей эле кыйынчылыктарга кабылат. Төмөнкү нерселерге көңүл бурсаңар.

Эмоциялык жактан кыйналышы. Адатта, жакынынан айрылганда адам көп ыйлайт, аны эстеп куса болот, маанайы бат-баттан өзгөрүп турат. Ал жөнүндө көп ойлонуп, элеси кайра-кайра көз алдына тартыла берет, түшүнө да көп кирет. Жакынынан айрылган адам башында нес болуп, өзүн жоготуп коюшу жана ишене албашы мүмкүн. Күйөөсү Тимо күтүүсүздөн каза болгондо, Тина кандай сезимде болгонун мындай деп эскерет: «Жаңы укканда дал болуп эле туруп калдым, атүгүл ыйлай албай койдум. Кийин ушунчалык жаман болуп жүрдүм, катуу кайгырган учурларда кээде дем жетпей кетчү. Андан айрылып калганыма такыр ишене албай жүрдүм».

Тынчсызданышы, ачууланышы жана өзүн күнөөлүү сезиши. Иван мындай деп эскерет: «24 жаштагы уулубуз Эрик каза болгондон бир нече убакыт өткөндөн кийин аялым Йоланда экөөбүз негедир көп ачууланчу болдук. Буга өзүбүз да таң калдык, анткени мурун өзүбүздү андай деп ойлочу эмеспиз. Уулубузга жардам бериш үчүн колдон келгендин баарын кылдыкпы деп күмөн санап, өзүбүздү күнөөлөп да жүрдүк». Аялы көпкө ооруп каза болгондон кийин Алехандро да ушундай сезимде болгон. Ал мындай дейт: «Кудай ушунча азап тартышыма жол берип жатканына караганда, аябай жаман кишимин го деген да ойлор келип жүрдү. Анан Кудайды айыптап жаткандай болгонум үчүн кайра өзүмдү күнөөлүү сезчүмүн». Мурунку макалада сөз кылынган Костас: «Мен каза болуп калганы үчүн атүгүл Софияга да ачуум келген учурлар болгон. Анан ошентип жатканым үчүн кайра өзүмдү жемелечүмүн. Анткени анын күнөөсү жок эле да»,— деген.

Оюн топтой албашы. Адамдын ойлору чаржайыт болуп, атүгүл акылга сыйбаган нерселер жөнүндө ойлогон учурлары болушу мүмкүн. Мисалы, күйүт тартып жаткан адамга өлгөн жакыны жанында жүргөндөй сезилиши же үнү угулуп, атүгүл көзүнө көрүнүп кетиши ыктымал. Ошондой эле бир нерсеге көңүл топтоо, бир нерселерди жаттап калуу кыйынга турушу этимал. Тина мындай дейт: «Кээде бирөө менен сүйлөшүп жатканда, оюм талаалап кетчү. Сүйлөп жаткан адамды укпай эле, Тимонун каза болгону жөнүндө ойлонуп кетчүмүн. Анан кайра көңүл топтой албай жатканыма жаман болчумун».

Элден качып калышы. Күйүт тартып жүргөн киши элдин арасында өзүн ыңгайсыз сезиши же кыжырданышы ыктымал. Костас мындай деп ой бөлүшөт: «Кайсы жерде жүрсөм да өзүмдү ашык баш сезип, жубайларга да, бойдокторго да кошула алчу эмесмин». Ивандын жубайы Йоланда болсо мындай дейт: «Биздикине салыштырмалуу майда-чүйдө эле кыйынчылыктарын айтып наалыгандарды уккум келбей кетчү. Бирөөлөр балдары жөнүндө айтып, мактап калганда да аябай жаман болчумун. Алар үчүн чын ниеттен кубансам да, угуп туруш оңой болчу эмес. Жолдошум экөөбүз жашоо улана берерин түшүнүп эле турсак да, башкалар менен сүйлөшүү кыйынга турчу».

Ден соолуктун начарлашы. Көбүнесе, адамдын тамакка болгон табити, салмагы өзгөрөт, ошондой эле уйкусу начарлайт. Атасы көз жумган жылы Арондун уйкусу качып, аябай кыйналган. Ал мындай дейт: «Күнүгө түндө бир убакта ойгонуп алып, атам жөнүндө ойлонуп, кирпик какпай жата берчүмүн».

Алехандро ден соолугуна байланыштуу себеби аныкталбаган көйгөйлөрдүн болгону тууралуу мындай дейт: «Доктурга бир нече жолу көрүндүм, бирок баары жакшы болуп чыкты. Күйүттөн улам ден соолугум начарлап кеткен окшойт деп ойлогом». Бара-бара ага сезилип жаткан симптомдор жоголуп кеткен. Ошондой болсо да Алехандронун доктурга көрүнгөнү туура болгон. Кайгыруу иммун системасын алсыратышы, бар ооруну күчөтүп жибериши же жаңы ооруну чакырышы мүмкүн.

Маанилүү иштерди кылууда кыйынчылыктардын пайда болушу. Иван мындай деп эскерет: «Эрик каза болуп калганда, туугандарыбызга, досторубузга эле эмес, башкаларга да, анын ичинде жумуш берүүчүсү менен ижара ээсине да угузуш керек болду. Толтура документтерди да бүтүрүш керек эле. Анан Эриктин кийимдерин, буюм-тайымдарын да карап чыгыш керек болду. Кабыргабыз майышып, алсырап, оюбуз бир жерде болбой турганда буларды бүт көңүлүбүздү коюп кылуу оңой болгон жок».

Айрымдар көз жумган жакыны кылып жүргөн иштерди кылыш керек болгондо да аябай кыйналышат. Мисалы, Тина мындай дейт: «Акча маселесине, жумушубузга байланыштуу нерселерди Тимо бүтүрчү. Мунун баары менин мойнума артылганда ого бетер стресс болуп, колуман келеби деп сарсанаа болдум».

Жан дүйнөнү жабыркаткан, көбүрөөк көңүл топтоону талап кылган жана алсыраткан кыйынчылыктар күйүттү ого бетер оордотот. Жакынынан айрылганда адам катуу кайгыга батары бышык. Бирок муну алдын ала билип алуу күйүттү көтөрүп кеткенге жардам бериши ыктымал. Ошол эле учурда жакынынан айрылгандардын баары эле саналып өткөн кыйынчылыктардын баарын сөзсүз башынан өткөрбөшү мүмкүн. Андан тышкары, жакыны каза болгондо күйүт тартуу табигый эле нерсе экенин билүү дагы сооротот.

КАЙГЫДАН АРЫЛА АЛАМБЫ?

Эмнени күтсө болот? Күйүт түбөлүккө созула бербейт, убакыттын өтүшү менен басаңдайт. Бирок бул күйүт тарткан адамдын кайгыдан толугу менен арыларын же каза болуп калган жакынын таптакыр унутуп каларын билдирбейт. Ошентсе да жүрөгүн сыздаткан кайгы акырындап басаңдайт. Ал жакыны эсине түшө калганда, үйлөнгөн же каза болгон күнү сыяктуу белгилүү бир күндөрдө катуу кайгырып, жүрөгү оорушу мүмкүн. Анткен менен күйүт тартып жүргөндөрдүн көбү өтө чөгүп кетпей, кайраттанып, күнүмдүк иштерине аралаша баштайт. Айрыкча, үй-бүлө мүчөлөрү же достору колдоо көрсөтсө жана өзү да күрөшкөнгө бел байласа, мындай кылуу жеңил болот.

Канчалык узакка созулат? Айрымдар бир нече ай катуу кыйналышы мүмкүн. Көптөргө өздөрүн жакшыраак сезип калгыча, бир же эки жыл керек болушу ыктымал. Кээ бирөөлөргө андан көп убакыт талап кылынат *. Алехандро: «Мен үч жылдай катуу күйүт тартып жүрдүм»,— дейт.

Өзүңөргө карата чыдамдуу болгула. Кез-кезде күнүмдүк түйшүктөн тыным алып тургула. Ошондой эле күйүтүңөр түбөлүккө созула бербей турганын эсиңерден чыгарбагыла. Жүрөктү сыздаткан кайгынын басаңдашына жана узакка созулуп кетпешине эмнелер жардам берет?

Жакыны каза болгондо күйүт тартуу табигый эле нерсе

^ 17-абз. Адамдын күйүтү катуу болуп, өтө узакка созулуп кетсе, ал «өтө оор» же «өнөкөт» күйүт деп аталган илдетке чалдыгышы мүмкүн. Андайда психикалык саламаттык боюнча адистерге кайрылуу туура болот.