Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

СТРЕСС МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

Стресc болуп жатасыңарбы?

Стресc болуп жатасыңарбы?

«Ар бирибиз эле стресс болобуз дечи, бирок мен бөтөнчө стресс болуп жатам. Буга бир эле чоң көйгөй эмес, көптөгөн жагдайлар, ар кандай кыйынчылыктар себеп болуп жатат. Анын үстүнө, көп жылдардан бери сай-сөөгүн сыздаткан, акыл-эсин жабыркаткан оорудан азап чегип жаткан жолдошумду багып келатам» (Жилл a).

«Аялым таштап кетип, эки баламды жалгыз тарбиялаганга туура келди. Анысы аз келгенсип, жумушуман да айрылып калдым, машинемди оңдотконго акчам жок кыйналдым. Алапайымды таппай калгам. Ушунчалык стресс болуп, өзүмө кол салсамбы деген да ойлор келди. Бирок мунун туура эмес экенин билчүмүн. Ошон үчүн Кудайга жалынып, азаптан арылтышын сурадым» (Барри).

Жилл менен Барридей болуп, стресс болдуңар беле? Ошондой болсо, кийинки макалалар силерге бир топ жардам берет деп үмүттөнөбүз. Ал макалаларда стресстин себептери, тийгизген таасири жана аны азайтуунун жолдору тууралуу сөз жүрөт.

a Ысымдар өзгөртүлдү.