Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Бактылуу жашоонун жолу — акылмандык

Бактылуу жашоонун жолу — акылмандык

«Согушту, жакырчылыкты, оору-сыркоону, балдардын кордолуп жатканы сыяктуу дүйнөдөгү жаман нерселерди көргөндө жүрөгүм кадимкидей мыкчылып кетет. Ошентсе да келечегибиз жакшы болоруна үмүттөнөм» (РАНИ) *.

Рани Ыйык Китептен Кудурети Чексиз Жаратканыбыз жөнүндө жана чыныгы акылмандыкты ал гана бере аларын билген. Ошонун аркасында чыныгы бакытты тапкан. Кийинки макалалардан Кудай берген акылмандык төмөнкү жактардан кандайча жардам бере аларын биле аласыңар:

  • үй-бүлөлүк бакыт

  • башкалар менен жакшы мамиледе болуу

  • ыраазы боло билүү

  • азап-кайгынын, өлүмдүн себеби

  • жаркын келечекке болгон үмүт

  • Жаратканыбыз жөнүндө билим алуу, аны менен ынак мамиле түзүү

Ошондой эле Жаратканыбыздын өзүнүн билимин чектелүү эле адамдарга эмес, баарына берери жөнүндө биле аласыңар.

^ 2-абз. Бул журналдагы ысымдар өзгөртүлдү.