Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кымгуут түшкөн дүйнөдө эмне кылсаңар болот?

Кымгуут түшкөн дүйнөдө эмне кылсаңар болот?

Балким, дүйнөдө болуп көрбөгөндөй күч алып жаткан кырсык-каргашалардын эпкини силерге да тийип жаткандыр. Төмөндө айтылгандардын кайсынысына учурда туш болуп жатасыңар?

  • Согуштар

  • Эпидемиялар

  • Табигый кырсыктар

  • Жакырчылык

  • Бейкалыстык

  • Кылмыштуулук

Кандайдыр бир каргаша болгондо көптөр нес болуп, алапайын таппай калышат. Айрымдар болсо баарына кол шилтеп, өздөрүн таштап салышат. Бирок андайда адам өзүн колго алып, дароо иш аракет кылбаса, жагдайы ого бетер оорлоп кетет.

Андан сырткары, жакындарыбызды, ден соолугубузду коргош үчүн, күнүмдүк турмушубузду улап кетиш үчүн жана бактылуу болуш үчүн чечкиндүү иш аракет кылышыбыз керек.

Кымгуут түшүп жаткан дүйнөдөгү үрөйдү учурган окуялардын жеке силерге тийгизген таасирин азайтыш үчүн азыр эмне кылсаңар болот?