Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

Кириш сөз

Кириш сөз

БУЛ китепте тарыхта болгон окуялар тууралуу жазылат. Алар дүйнөгө кеңири таанымал болгон китептен — Ыйык Жазмадан — алынган. Китепте Кудай ааламды жарата баштагандан тартып биздин күндөргө чейинки тарых баяндалат. Ошондой эле Кудайдын келечекке байланыштуу убадалары тууралуу да айтылат.

Бул китептин жардамы менен Ыйык Жазма тууралуу биле аласыңар. Байыркы убакта жашаган адамдар жана алардын кылган иштери менен таанышасыңар. Ошондой эле Кудай адамдарга берген зор үмүт, атап айтканда, жердеги бейиште түбөлүк жашоого болгон үмүт жөнүндө билесиңер.

Китепте 116 аңгеме бар. Алар сегиз бөлүккө бөлүнгөн. Ар бир бөлүктүн башында анын мазмуну кыскача баяндалат. Аңгемелер окуялардын болуп өткөн ирети менен жайгашкан. Бул кайсы окуя кайсынысынан кийин болгонун билүүгө көмөк кылат.

Аңгемелер жөнөкөй тилде жазылган. Андыктан, жаш достор, көбүңөр бул китепти өз алдыңарча окуй аласыңар. Ал эми силер, ата-энелер, бул аңгемелерди балдарыңарга окуп берген сайын, алардын кандай кызыгуу менен угарын көрөсүңөр. Бул китепте балдар үчүн да, чоңдор үчүн да көптөгөн кызыктуу ойлор камтылганына ынанасыңар.

Ар бир аңгеменин аягында Ыйык Китепке шилтемелер берилген. Аңгемелер ошол аяттарга негизделгендиктен, аларды окуп чыкканыңар жакшы.