Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1-бөлүк

Дүйнөнүн жаралышынан Топон сууга чейин

Дүйнөнүн жаралышынан Топон сууга чейин

Асман менен жер кайдан пайда болгон? Күн, ай, жылдыздар жана жердеги көптөгөн башка нерселерчи? Ыйык Китепте булардын бардыгын Кудай жараткан деп айтылат. Андыктан бул китеп жаратуу жөнүндөгү ыйык китептик аңгемелер менен башталат.

Адегенде Кудай өзүнө окшогон рухий жаратууларды жаратканын билебиз. Алар периштелер деп аталат. Ал эми жер биз, адамдар, үчүн жаратылган. Кудай алгачкы эркек менен аялды, Адам менен Обону, жаратып, аларды кооз бакка жайгаштырган. Бирок алар Кудайдын тилин албай коюп, жашоо укугунан айрылып калышкан.

Адам жаралгандан дүйнөлүк Топон сууга чейин 1656 жыл өтөт. Ал убакыт аралыгында көптөгөн жаман жаратуулар жашаган. Асманда көзгө көрүнбөгөн каардуу рухий жаратуулар — Шайтан менен анын жин-перилери, ал эми жерде Кабыл жана ага окшогон көптөгөн жаман кишилер жашаган. Ал адамдардын айрымдары укмуштуудай күчтүү болушкан. Бирок жерде Абыл, Энох жана Нух деген жакшы адамдар да жашаган. БИРИНЧИ бөлүктөн ушул адамдар жана алар менен болгон окуялар тууралуу окуйбуз.

 

БУЛ БӨЛҮКТӨ

1-АҢГЕМЕ

Кудай жарата баштайт

Башталышта бардыгы кантип жаратылганы кыскача айтылат. Аны атүгүл балдар да түшүнө алат.

2-АҢГЕМЕ

Кооз бак

Башталыш китебинде Кудайдын бир жерге Эйден багын отургузганы айтылат. Кудай бүт жер бетинин ошол кооз бактай болушун ниет кылган.

3-АҢГЕМЕ

Биринчи эркек менен аял

Кудай биринчи кишилерди, Адам ата менен Обо энени жаратып, аларды кооз Эйден багына жайгаштырган. Алар биринчи түгөй болушкан.

4-АҢГЕМЕ

Эмне үчүн үйүнөн ажырап калышкан?

Башталыш китебинде адамдар баштапкы бейиштен эмне болуп ажырап калганы айтылат.

5-АҢГЕМЕ

Оор жашоонун башталышы

Эйден багынан куулуп чыккандан кийин Адам ата менен Обо эне көп кыйынчылыктарга туш болушкан. Эгер алар Кудайдын тилин алышса, өздөрү да, балдары да бактылуу өмүр сүрүшмөк.

6-АҢГЕМЕ

Жакшы уул менен жаман уул

Башталыш китебиндеги Кабыл менен Абыл жөнүндөгү окуя Кудайга жагыш үчүн кандай адам болушубуз керектигин жана кеч болуп кала электе жаман жолдон бурулушубуз керектигин эскертет.

7-АҢГЕМЕ

Эржүрөк адам

Энохтун үлгүсү тегерегибиздеги адамдар жаман болсо да, Кудайга жаккандай иш кыла аларыбызды көрсөтүп турат.

8-АҢГЕМЕ

Жердеги алптар

Башталыш китебинин 6-бөлүмүндө башкаларга кордук көрсөткөн нефилимдер тууралуу айтылат. Ал алп кишилер Кудайга баш ийбей, жерге адам кейпин кийип келген периштелердин балдары болчу.

9-АҢГЕМЕ

Нух кеме курат

Нухтун замандаштары эскертүүгө кулак какпай койгондуктан өмүрүнөн айрылган. Ал эми Нух жана анын үй-бүлөсү Кудайдын айтканын угуп, аман калышкан.

10-АҢГЕМЕ

Бүткүл дүйнөлүк топон суу

Элдер Нухка ишенбей, аны шылдыңдап күлүшкөн. Бирок жаан төгө баштаганда жаактары жап болгон. Нух, анын үй-бүлөсү, жаныбарлар топон суудан кантип аман калган?