Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

1–БӨЛҮМ

Кудай жарата баштайт

Кудай жарата баштайт

БИЗДЕГИ жакшы нерселердин бардыгы Кудайдан. Ал күндүз жарык болушу үчүн — күндү, түнкүсүн аябай караңгы болбошу үчүн, жылдыздар менен айды жараткан. Кудай бизди жашасын деп жерди да жараткан.

Бирок күн, ай, жылдыздар жана жер эң биринчи болуп жаратылган эмес. Эң биринчи эмне жаратылганын билесиңби? Адегенде Кудай өзүнө окшогон рухий жаратууларды жараткан. Биз Кудайды көрө албаганыбыздай эле, аларды да көрө албайбыз. Алар Ыйык Китепте периштелер деп аталат. Периштелер Кудай менен асманда жашоо үчүн жаратылган.

Кудай жараткан биринчи периште өзгөчө болгон. Ал Кудайдын тун Уулу болгон жана Атасы менен бирге эмгектенген. Ал периште Кудайга башка нерселердин баарын, анын ичинде күндү, айды, жылдыздарды жана жерди жаратууга жардам берген.

Ал убакта жер кандай болгон? Башында жерде эч ким жашаган эмес. Жердин баарын суу каптап турчу, андан башка эч нерсе жок болчу. Бирок Кудай жерде адамдардын жашашын каалаган. Ошондуктан жерди биз үчүн даярдай баштаган. Ал эмнелерди кылган?

Биринчиден, жерге жарык керек эле. Андыктан Кудай жерге күндүн нурун бурган. Ал күн менен түндүн алмашып турушуна кам көргөн. Анан Кудай суунун үстүнө кургактыкты чыгарган.

Алгач жердин үстүндө эч нерсе болгон эмес. Ал бул сүрөттөгүдөй эле. Анда гүлдөр, бактар, жаныбарлар да болгон эмес. Сууда бир да балык жок болчу. Жердеги жашоо адамдар менен жаныбарларга жагымдуу болушу үчүн, Кудай дагы көп нерселерди кылышы керек эле.