Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2–БӨЛҮМ

Кооз бак

Кооз бак

БУЛ сүрөттөгү жердин кооздугун карачы! Гүлдөрдү, бак-дарактарды, чөптөр менен жаныбарларды карасаң. Сүрөттөн пил менен арстанды таба аласыңбы?

Бул кооз бак кайдан пайда болгон? Кел анда, Кудай биз үчүн жерди кантип даярдаганын билели.

Алгач Кудай жерди жашыл чөп менен каптап, анан көптөгөн майда өсүмдүктөрдү жана бак-дарактарды жаратат. Алар өсүп, жер аябай кооз болуп калат. Бак-дарактар айлананы көркүнө чыгаргандан сырткары, пайдалуу да келет. Себеби көбү абдан даамдуу мөмө байлайт.

Андан кийин Кудай суудагы балыктарды, асманда учкан куштарды жаратат. Ошондой эле иттерди, мышыктар менен аттарды жана ар кандай чоң-кичине жаныбарларды да жаратат. Сенин үйүңдүн жанында кандай айбанаттар жашайт? Кудайдын ушунун бардыгын биз үчүн жаратканына кубанышыбыз керек эмеспизби?

Акырында Кудай жердин бир бурчуна өзгөчө орун даярдайт. Анан ал жерди Эйден багы деп атайт. Андагы нерселердин баары аябай кооз, эч кемчиликсиз жаратылган. Кудай бүт жер жүзүнүн ушундай сонун жайга айланышын каалаган.

Бирок сүрөттү дагы бир жолу карасаң. Кудайдын ою боюнча эмне жетишпегенин билесиңби? Кел анда, ошол тууралуу билели.