Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

4–БӨЛҮМ

Эмне үчүн үйүнөн ажырап калышкан?

Эмне үчүн үйүнөн ажырап калышкан?

КАРАСАҢ, Адам ата менен Обо эне кооз Эйден багынан куулуп чыгыптыр. Себебин билесиңби?

Алар бир жаман иш кылышкан. Ошол үчүн Жахаба аларды жазалаган. Ал экөөнүн эмне кылганын билесиңби?

Алар Кудай кылба деген нерсени кылышкан. Кудай Адам ата менен Обо энеге каалаган дарактын мөмөсүнөн жешсе болорун айткан. Бирок алар бир дарактын мөмөсүнөн жебеши керек эле: жесе өлүшмөк. Ал дарак Кудайдыкы болчу. Башка бирөөнүн бир нерсесин уруксатсыз алуу туура эмес экенин билебиз, чынбы? Анда Адам ата менен Обо эне эмне кылды болду экен?

Бир күнү Обо эне бакта жалгыз жүргөндө, ага жылан сүйлөйт. Элестетсең, ал Обо энеге Кудай жебегиле деген дарактын мөмөсүн жей бергиле дейт. Бирок Жахаба жыланды сүйлөй алгыдай кылып жараткан эмес. Демек, жыландын ордуна башка бирөө сүйлөгөн. Ал ким болду экен?

Ал Адам ата эмес эле. Анда ал Жахабанын эң алгачкы жаратууларынын бири болсо керек. Алар периштелер деп аталат жана жер жаратылганга чейин пайда болушкан. Биз аларды көрө албайбыз. Периштелердин бири абдан текебер болуп чыгат. Ал Кудайдай башкаруучу болууну ойлоно баштайт. Анан адамдардын Жахабага эмес, ага баш ийишин каалайт. Жыландын ордуна ошол периште сүйлөгөн.

Ал периште Обо энени алдаган. Обо эне анын мөмөнү жесең, Кудайдай болосуң деген сөзүнө ишенет. Ошондуктан ал өзү да, Адам ата да мөмөдөн жейт. Кудайдын тилин албагандыктан алар кооз бактагы үйүнөн айрылып калышат.

Бактыга жараша, Кудай бир күнү бүт жер бетин кайрадан Эйден багына окшогон кооз жайга айландырат. Ал ишке сен кантип катыша аларың тууралуу кийинчерээк билебиз. Кел, азыр болсо Адам ата менен Обо эненин эмне болгонун карап көрөлү.