Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

5–БӨЛҮМ

Оор жашоонун башталышы

Оор жашоонун башталышы

ЭЙДЕН багынын сыртында жашоо Адам ата менен Обо эне үчүн абдан кыйын болгон. Алар тамак таап жеш үчүн оор эмгектенишкен. Алардын айланасын кооз, мөмөлүү дарактардын ордуна тикенек менен отоо чөп басып кеткен. Кудайдын тилин албоо жана Аны менен болгон достуктан айрылуу ушуга алып келген.

Баарынан жаманы, Адам ата менен Обо эне акыр-аягы өлүшмөк. Кудай бир даракты көрсөтүп, анын жемишинен жесеңер өлөсүңөр деп эскерткенин эстесең. Кудай айткандай эле, алар жемишти жеген күндөн баштап өлүм жолуна түшүшкөн. Адам ата менен Обо эненин Кудайдын тилин албаганы кандай гана акылсыздык болгон!

Алар Эйден багынан куулгандан кийин балалуу болушкан. Андыктан балдары да картайып, акыры өлүшмөк.

Эгер Адам ата менен Обо эне Жахабанын тилин алышса, өздөрү да, балдары да бактылуу болмок. Бардыгы жер бетинде түбөлүк жана бактылуу жашашмак. Эч ким картайып, ооруп, өлмөк эмес.

Кудай адамдардын түбөлүк, бактылуу жашашын каалайт. Ошондой эле алардын келечекте түбөлүк жашаарын убада кылууда. Ал убакта жер жүзү аябай кооз болгондон сырткары, адамдардын баары чың денсоолукта болуп, Кудай менен жана бири-бири менен дос болушат.

Обо эне Кудайдын досу болбой калгандыктан, бала төрөө ал үчүн жеңил болгон эмес. Ал аябай кыйналган. Жахабага баш ийбегендиктен анын канчалаган кыйынчылыктарга туш болгонун көрдүңбү?

Адам ата менен Обо эне көп балалуу болушкан. Биринчи баласынын атын — Кабыл, экинчисиникин Абыл деп коюшкан. Алар эмне болгонун билесиңби?