Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

6–БӨЛҮМ

Жакшы уул менен жаман уул

Жакшы уул менен жаман уул

ЭМИ Кабыл менен Абылды карасаң. Экөө тең чоңойгон. Кабыл эгин, жер-жемиш өстүргөн дыйкан болду.

Абыл болсо койчу. Ал козу бакканды жакшы көрөт. Анын козулары чоңоюп, көп өтпөй койлору көбөйөт.

Бир күнү Кабыл менен Абыл Кудайга тартуу алып келишет. Кабыл — өзү өстүргөн жер-жемиштерден, ал эми Абыл койлорунун эң жакшысын алып келет. Жахаба Абылды жана анын тартуусун абдан жактырат. Ал эми Кабыл менен анын тартуусун жактырбайт. Себебин билесиңби?

Абылдын тартуусу Кабылдыкынан жакшы болгон үчүн эмес, Абыл жакшы адам болгондуктан Кудайга жаккан. Ал Жахабаны жана биртууганын сүйөт. Кабыл болсо жаман адам, ал өзүнүн инисин жек көрөт.

Ошондуктан Кудай Кабылга оңолуш керектигин айтат. Бирок Кабыл тил албай коёт. Ал Кудайдын Абылды жакшы көргөнүнө абдан ачууланат. Анан бир күнү Кабыл Абылды талаага чакырат. Экөө талаада жалгыз калганда, ал инисин, Абылды, урат. Аябай катуу ургандыктан, Абыл өлүп калат. Кабылдын кылганы абдан жаман иш болгон, чынбы?

Абыл өлсө да, Кудайдын эсинде. Ал жакшы адам болчу, Жахаба андай адамдарды эч качан унутпайт. Ошондуктан келечекте Жахаба Кудай аны тирилтет. Абыл тирилтилгенден кийин кайра эч качан өлбөйт. Ал жерде түбөлүк жашайт. Абылга окшогон жакшы адамдар менен таанышуу кандай сонун болот ээ?

Бирок Кудайга Кабылга окшогон адамдар жакпайт. Ошондуктан инисин өлтүргөнү үчүн Кудай Кабылды жазалап, үйүндөгүлөрүнөн алыс кетирип жиберет. Кабыл ал жакка карындаштарынын бирин ала кетет, кийин аны аялдыкка алат.

Бир нече убакыт өткөндөн кийин Кабыл аялы экөө балалуу болот. Адам ата менен Обо эненин башка балдары да үйлөнүп, кыздары турмушка чыгып, балалуу болушат. Ошентип, жерде адамдар көбөйө баштайт. Кел, алардын айрымдары менен таанышалы.