Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

7–БӨЛҮМ

Эржүрөк адам

Эржүрөк адам

ЖЕРДЕ адамдар көбөйгөндө, алардын көпчүлүгү Кабылга окшоп жаман иштерди кыла башташат. Бирок бир адам алардан айырмаланып турчу. Анын аты Энох эле. Ал эржүрөк адам болгон. Айланасындагылар жаман иштерди кылышса да, Энох Кудайга кызмат кыла берген.

Ал убактагы адамдар эмне үчүн көптөгөн жаман иштерди жасашканын билесиңби? Адам ата менен Обо энеге Кудайга баш ийбей, тыюу салынган жемишти жегенге ким түрткү берди эле? Ооба, жаман периште. Ыйык Китепте ал Шайтан деп аталат. Ошол периште бардык адамдарды жаман иштерге түртүүгө аракет кылат.

Бир жолу Жахаба Кудай адамдарга алар уккулары келбеген кабарды айттыруу үчүн Энохту жиберет. Ал кабар мындай эле: «Кудай бир күнү каардуу адамдарды жазалайт». Адамдар аны укканда абдан ачууланышса керек. Алар атүгүл Энохту өлтүрүүнү каалашат. Андыктан Кудайдын ой-ниетин жарыялаш үчүн Энох эржүрөк болушу керек.

Кудай Энохтун жаман адамдардын арасында көпкө чейин жашашына жол берген эмес. Ал 365 гана жыл жашаган. Эмне үчүн «365 гана жыл» деп жатабыз? Себеби ал кезде адамдар азыркыга караганда алда канча күчтүү болушкан жана узак жашашчу. Мисалы, Энохтун баласы Матушал 969 жыл жашаган!

Энох өлгөндөн кийин, адамдар барган сайын бузула беришкен. Ыйык Китепте «алардын бардык ойлору, жүрөгүндөгү каалоолору ар убакта жамандык» болгону жана «жер бети... жаман иштерге толуп кеткени» тууралуу айтылат.

Ошол учурда жерде эмне үчүн азап-кайгынын абдан көп болгонунун бир себебин билесиңби? Шайтан адамдарга жаман иштерди кылууга түрткү берүүнүн ыкмасын тапкан. Ал тууралуу кийинки аңгемеден билебиз.