Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

8–БӨЛҮМ

Жердеги алптар

Жердеги алптар

БОЮ үйдүн төбөсүнө жеткен адам жаныңа келсе, кандай ойдо болот элең? Ал, чынында эле, алп адам! Бир убакта жерде алп адамдар жашаган. Ыйык Китепте алардын аталары периштелер болгону айтылат. Бирок кантип мындай болушу мүмкүн эле?

Жаман периште, Шайтан, дайыма кыйынчылыктарды пайда кылып турганын эстесең. Ал Кудайдын периштелерин да азгырууга аракет кылган. Убакыттын өтүшү менен айрым периштелер Шайтандын тилин ала башташат. Алар Кудай тапшырган ишин таштап, адам кейпин кийип, жерге түшүп келишкен. Эмне үчүн экенин билесиңби?

Ыйык Китепте Кудайдын ошол балдары жердеги сулуу аялдарды көрүп, алар менен жашагысы келгени айтылат. Алар жерге келип ошол аялдарга үйлөнүшкөн. Кудай периштелерди асманда жашоо үчүн жараткандыктан, бул жаман иш болгон деп айтылат Ыйык Китепте.

Ал периштелер менен аялдардан төрөлгөн балдар башка балдардан айырмаланып турган. Адегенде бул анча деле байкалбаса керек. Бирок алар барган сайын чоңойгондон чоңоюп, күчкө толуп, акыры алптарга айланышкан.

Алар аябай мыкаачы болушкан. Абдан чоң жана күчтүү болгондуктан, алар адамдарга дайыма зыян келтиришкен. Алптар ар бир адамды өздөрүндөй жаман кылууга аракеттенишчү.

Ал убакта Энох өлгөн болчу, бирок жерде бир жакшы киши жашаган. Анын аты Нух эле. Ал дайыма Кудайдын эркин аткарчу.

Бир күнү Кудай ага жаман адамдарды жок кылууга убакыт келгенин айтат. Бирок Кудай Нухту, анын үйбүлөсүн жана көптөгөн жан-жаныбарларды сактап калууну ниет кылат. Кел эми, Кудай ал ниетин кантип ишке ашырганын көрөлү.