Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

10–БӨЛҮМ

Бүткүл дүйнөлүк топон суу

Бүткүл дүйнөлүк топон суу

КЕМЕГЕ кирбеген адамдар мурункудай эле жашап жатышты. Алар Топон суу болоруна баштагыдай эле ишенишкен жок. Атүгүл мурункудан да катуу күлүшсө керек. Бирок алардын шылдыңдоосу узакка созулбайт.

Күтүлбөгөн жерден жамгыр чакалап куйгандай төгө баштайт. Нухтун айтканы туура чыгат! Бирок кемеге кирүүгө өтө кеч болуп калган эле: Жахаба эшикти бекем жаап койгон.

Бир аздан кийин жердин баарын суу каптап, буркан-шаркан түшүп ага баштайт. Ал бак-дарактарды жыгып, чоң таштарды агызат. Адамдардын үрөйү учуп, бийик дөңдөргө качып чыгышат. Алар Нухтун тилин албаганы жана кеменин эшиги ачык кезде ага кирбегени үчүн кандай гана өкүнүшөт! Бирок эми кеч болуп калган.

Суу көтөрүлгөндөн көтөрүлө берет. Жаан 40 күн, 40 түн жаайт. Суу тоолордун бооруна чейин көтөрүлүп, көп өтпөй эң бийик чокуларды да каптап калат. Кудай айткандай, кеменин сыртында калган тирүү жандын баары: адамдар да, жаныбарлар да кырылат. Кеменин ичиндегилер болсо аман калышат.

Нух жана анын уулдары кемени жакшы курушкан. Кеме суу менен кошо көтөрүлүп, суунун үстүндө калкып калат. Анан жаан токтоп, күн ачылат. Бул кандай укмуш көрүнүш болгон! Кай жакты караба — учу-кыйры жок океан. Анын үстүндө кеме гана калкып жүрөт.

Алп адамдар жок болгон. Эми алар эч кимге зыян келтире албайт. Алардын баары энелери жана башка зулум адамдар менен бирге кырылган. Ал эми аталарычы?

Алптардын аталары бизге окшогон адамдар эмес эле. Алар адамдарга окшоп жашоо үчүн асмандан келген периштелер болчу. Ошондуктан Топон суу каптаганда, алар башкалар менен бирге өлбөй, адамдык денесин калтырып, периште болуп асманга көтөрүлүп кетишкен. Бирок алар эми Кудайдын периштелеринен турган үйбүлөгө мүчө боло алышпайт. Андыктан Шайтандын периштелери болуп калышкан жана алар Ыйык Китепте жин-перилер деп аталат.

Кудай жер бетине шамал соктурат, ошондо суу тартыла баштайт. Беш ай өткөндөн кийин, кеме бир тоонун чокусуна келип токтойт. Анын ичиндегилер тоонун чокусун көргөнгө чейин дагы бир топ күн өтөт. Суу улам тартыла берет.

Нух карга деп аталган кара кушту учурат. Ал конорго жер таппай, бир канча убакыттан кийин кайра учуп келет. Нух карганы бир нече жолу учурат, бирок ал кайра эле кемеге келе берет.

Нух суунун тартылган-тартылбаганын билиш үчүн кийинки жолкусунда көгүчкөндү учурат. Бирок конорго жер таппагандыктан көгүчкөн да кайра кайтып келет. Нух көгүчкөндү экинчи жолу учурганда, ал зайтун дарагынын жалбырагын алып келет. Ошондо Нух жер бетинде суу тартылганын билет. Ал көгүчкөндү үчүнчү жолу коё бергенде, көгүчкөн кургак жер тапкандыктан кайрылып келбейт.

Кудай Нухка: «Кемеден чык. Үйбүлөңдү жана жаныбарларды да чыгар»,— дейт. Алар кеменин ичинде бир жылдан ашуун убакыт болушкан. Ошондуктан алар аман калып, кемеден чыкканына кандай гана кубанганын элестетсең!