Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

2-БӨЛҮК

Топон суудан тартып Мисирден чыкканга чейин

Топон суудан тартып Мисирден чыкканга чейин

Топон суудан сегиз гана адам аман калган, бирок убакыттын өтүшү менен алардын саны миңдеп көбөйгөн. Дүйнөлүк Топон суудан 352 жыл өткөндөн кийин, Ыбрайым төрөлөт. Кудай ага Ыскак аттуу уул берүү менен убадасын кантип аткарганын билебиз. Кийин Ыскактын эки уулунан Кудай Жакыпты тандаганы тууралуу окуйбуз.

Жакыптын үйбүлөсү чоң болгон. Анын 12 уулу жана бир нече кызы болгон. Жакыптын 10 уулу иниси Жусупту жек көрүп, Мисирге кулчулукка сатып жиберишет. Жусуп кийин Мисирде атактуу башкаруучу болот. Катуу ачарчылык болгондо, Жусуп агаларынын жүрөгү өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн билүү үчүн аларды сынайт. Акырында Жакыптын үйбүлөсү, ысрайылдыктар, Мисирге көчүп барышат. Бул Ыбрайым төрөлгөндөн 290 жыл өткөндөн кийин болгон.

Ысрайылдыктар кийинки 215 жылды Мисирде өткөрүшөт. Жусуп өлгөндөн кийин, алар кул болуп калышат. Бир нече убактан кийин Муса төрөлөт, Кудай ал аркылуу ысрайыл элин Мисир кулчулугунан бошотот. ЭКИНЧИ бөлүктө жалпы жонунан 857 жылдын ичинде болуп өткөн окуялар баяндалат.

 

БУЛ БӨЛҮКТӨ

11-АҢГЕМЕ

Биринчи көкжеле

Көкжелени көргөндө эмнени эстешибиз керек?

12-АҢГЕМЕ

Адамдар бийик мунара курат

Бул иш Кудайга жакпагандыктан, ал аларды жазалаган. Анын таасирин азыр да сезип жатабыз.

13-АҢГЕМЕ

Ыбрайым — Кудайдын досу

Эмне себептен Ыбрайым гүлдөгөн Ур шаарын калтырып, чатырларда жашап калган?

14-АҢГЕМЕ

Кудай Ыбрайымдын ишенимин сынайт

Эмне үчүн Кудай Ыбрайымдан уулу Ыскакты курмандыкка чалууну айткан?

15-АҢГЕМЕ

Лоттун аялы артын карайт

Лоттун аялы менен болгон окуядан кандай сабак алсак болот?

16-АҢГЕМЕ

Ыскак жакшы кызга үйлөнөт

Ребекка эмнеден улам жакшы колукту болгон? Сулуу болгону үчүнбү? Же башка нерседен уламбы?

17-АҢГЕМЕ

Бири-бирине окшобогон эгиздер

Ыскак Эйсапты көбүрөөк жакшы көрчү, ал эми Ребека Жакыпты жакшы көрчү.

18-АҢГЕМЕ

Жакып Харанга жол тартат

Жакып Рахелди сүйсө да, биринчи Леяга үйлөнөт. Эмне үчүн?

19-АҢГЕМЕ

Жакыптын чоң үйбүлөсү

Ысрайылдын 12 уруусу Жакыптын уулдарынын атынан аталып калганбы?

20-АҢГЕМЕ

Динанын жамандыкка кабылышы

Кудайдын мыйзамына баш ийбегендер менен дос болуунун кесепети кандай болот?

21-АҢГЕМЕ

Жусупту биртуугандары жек көрөт

Жусуптун агалары эмне үчүн аны өлтүргүсү келген?

22-АҢГЕМЕ

Жусуп зынданга салынат

Жусупту зынданга туура эмес иш кылган үчүн эмес, туура иш кылган үчүн түшүп калат.

23-АҢГЕМЕ

Фараондун түштөрү

Жети уй менен жети буудайдын бир окшош жагы болгон.

24-АҢГЕМЕ

Жусуп биртуугандарын сынайт

Жусуп агаларынын аны кулчулукка сатып жибергенден бери өзгөргөн-өзгөрбөгөнүн кантип билет?

25-АҢГЕМЕ

Жакыптын үйбүлөсү Мисирге көчүп келет

Эмне үчүн Жакыптан тараган эл жакыптыктар эмес, ысрайылдыктар деп аталып калган?

26-АҢГЕМЕ

Аюб Кудайга болгон берилгендигин сактайт

Аюб мал-мүлкүнөн, ден соолугунан, балдарынын баарынан айрылган. Бул Кудайдын жазасы беле?

27-АҢГЕМЕ

Мисирди каардуу падыша башкарат

Эмне үчүн фараон ысрайылдыктардын жаңы төрөлгөн эркек балдарын өлтүрүүнү буйруган?

28-АҢГЕМЕ

Ымыркай Мусанын аман калышы

Ысрайылдык жаңы төрөлгөн эркек балдар өлтүрүлүшү керек болсо да, Мусанын энеси уулун аман алып калган.

29-АҢГЕМЕ

Муса эмне үчүн качып кеткен?

40 жашка толгон Муса ысрайылдыктарды кулчулуктан куткарууга даярмын деп ойлогон. Бирок чын эле ошондой беле?

30-АҢГЕМЕ

Күйүп турган бадал

Кудай Мусага ысрайылдыктарды Мисирдеги кулчулуктан бошотууга убакыт келгенин айтат. Аны ынандырыш үчүн бир нече керемет көрсөтөт.

31-АҢГЕМЕ

Муса менен Арун фараонго келишет

Эмне үчүн фараон ысрайылдыктарды коё бербей коёт?

32-АҢГЕМЕ

Он жаза

Фараон Кудайдын айтканын укпай, ысрайылдыктарды коё бербей койгондо, Кудай Мисирге 10 жаза жиберет.

33-АҢГЕМЕ

Кызыл деңизден өтүү

Муса Кудайдын күчү менен Кызыл деңизди экиге бөлгөндө, ысрайылдыктар деңиздин кургак түбү менен өтүп кетишет.