Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

11–БӨЛҮМ

Биринчи көкжеле

Биринчи көкжеле

НУХ үйбүлөсү менен кемеден чыкканда биринчи кезекте эмне кылганын билесиңби? Ал Кудайга курмандык чалат. Аны бул жердеги сүрөттөн көрсөң болот. Нух Кудайга Топон суудан өзүн жана үйбүлөсүн аман алып калганы үчүн ыраазычылык билдирип, малдан курмандык чалат.

Кандай деп ойлойсуң, анын курмандыгы Жахабага жакканбы? Албетте, жаккан. Ошондуктан ал Нухка мындан ары эч качан дүйнөнү Топон суу менен жок кылбай турганын убадалаган.

Жер кургаган соң, Нух үйбүлөсү менен кемеден чыгып, жерде жашай баштайт. Кудай аларга: «Көп балалуу болгула, жер бети адамдарга толсун»,— деп батасын берет.

Бирок кийин адамдар Топон суу болгонун угуп, дагы ошондой суу каптайт деп коркушмак. Ошондуктан Кудай эми эч качан жер бетине Топон суу каптатпаары жөнүндөгү убадасын адамдардын эсине сала турган бир нерсе берген. Ал эмне экенин билесиңби? Ал — көкжеле.

Адатта, жаан басылып, күн көрүнгөндө, асманда көкжеле пайда болот. Ал көп түстүү болушу мүмкүн. Көкжелени көрдүң беле? Сүрөттөн көрүп жатасыңбы?

Кудай: «Мындан ары адамдар менен айбанаттарды Топон суу менен жок кылбоону убада кылам. Булут бетине көк желе тартам. Көк желе пайда болгондо, аны көрүп убадамды эстейм»,— деп айткан.

Эми көкжелени көргөнүңдө, ал эмнени эсиңе салышы керек? Ооба, Кудайдын Топон суу менен дүйнөнү жок кылбайм деген убадасын.