Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

12–БӨЛҮМ

Адамдар бийик мунара курат

Адамдар бийик мунара курат

АРАДАН көптөгөн жылдар өттү. Нухтун балдары балалуу болушту. Анын неберелери чоңоюп, алардан да балдар төрөлдү. Ошентип, жер бетинде адамдар көбөйдү.

Ошол кезде Нухтун Нимрот аттуу чөбөрөсү жашаган. Ал адамдарды да, айбанаттарды да өлтүргөн жаман киши болгон. Мындан тышкары, ал өзүн падыша кылып, башкаларга бийлик жүргүзгөн. Ошондуктан Нимрот Кудайга жаккан эмес.

Ал убакта адамдардын баары бир тилде сүйлөчү. Нимрот аларды башкарыш үчүн, бардыгын чогуу жашаткысы келген. Анын эмне кылганын билесиңби? Ал адамдарга шаар жана анын ичине бийик мунара курууну буюрган. Карасаң, бул сүрөттө адамдар кыш куюп жатышат.

Ал иш Жахаба Кудайга жаккан эмес. Кудай адамдардын бардык жерге тарашын каалаган. Адамдар болсо: «Келгиле, шаар жана асман тиреген мунара курабыз; ушуну менен атыбызды чыгарабыз!» — дешкен. Алар Кудайды эмес, өздөрүн даңктоону каалашкан.

Ошондуктан Кудай адамдардын мунара курушуна тоскоолдук кылган. Анын эмне кылганын билесиңби? Ал күтүлбөгөн жерден адамдарды ар башка тилдерде сүйлөтүп койгон. Куруучулар бири-бирин түшүнбөй калышкан. Ошол себептен алардын шаары Бабыл деп аталган, бул сөз «аралашуу» дегенди билдирет.

Ошондо адамдар Бабылдан башка жактарга кете башташат. Бири-биринин тилин түшүнгөн адамдар өз-өзүнчө топ болуп, ар кайсы жерлерде жашап калышат.