Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

14–БӨЛҮМ

Кудай Ыбрайымдын ишенимин сынайт

Кудай Ыбрайымдын ишенимин сынайт

ЫБРАЙЫМДЫН эмне кылганы жатканын карасаң. Ал колуна бычак алып, өз баласын өлтүргөнү жатат окшойт. Эмне себептен? Кел, адегенде Ыбрайым менен Сара кандайча балалуу болгонун билели.

Кудай аларга балалуу болушарын убада кылганын эстесең. Ыбрайым менен Сара аябай карып калгандыктан, бул мүмкүн эместей көрүнгөн. Бирок Ыбрайым Кудайдын мүмкүн эмес нерсени кыла аларына ишенген. Андан кийин эмне болгон?

Кудай убада бергенден кийин толук бир жыл өтүп, Ыбрайым — 100гө, Сара 90го чыкканда уулдуу болушат. Атын Ыскак коюшат. Ошентип, Кудай убадасын аткарат!

Ыскак чоңойгондо, Жахаба Ыбрайымдын ишенимин сынайт. Ал: «Ыбрайым!» — деп чакырат. Ыбрайым: «Мен мына»,— дейт. Кудай ага: «Уулуңду, жалгыз уулуң Ыскакты, алып, мен айткан тоого бар. Ошол жерде аны өлтүрүп, курмандыкка чал»,— дейт.

Муну укканда Ыбрайым кандай гана капаланган, анткени ал уулу Ыскакты абдан жакшы көрчү. Кудай Ыбрайымга анын тукуму Канаан жеринде жашаарын убадалаганын эстесең. Эгерде Ыскак өлүп калса, Кудайдын ал убадасы кантип аткарылат? Ыбрайым муну түшүнбөсө да Кудайга баш ийген.

Ал тоого чыгып, курмандык чалынуучу жай жасайт да, Ыскакты байлап, анын үстүнө жаткырат. Анан аны өлтүрүү үчүн бычагын алат. Бирок ошондо Кудайдын периштеси: «Ыбрайым! Ыбрайым!» — деп чакырат. «Мен мына»,— дейт Ыбрайым.

«Балага тийбе, аны эч нерсе кылба,— дейт Кудай.— Эми сенин мага ишенериңди билдим, анткени жалгыз уулуңду менден аяган жоксуң».

Ыбрайымдын Кудайга болгон ишеними кандай күчтүү болгон! Ал Жахаба үчүн мүмкүн болбогон эч нерсе жок экенине жана Ыскакты тирилте аларына ишенген. Бирок, чынында, Кудай Ыбрайымдын өз уулун өлтүрүшүн каалаган эмес. Ошондуктан ал Ыбрайымдын жанындагы бадалга кочкорду мүйүзүнөн чырмалтып коёт да, аны Ыскактын ордуна курмандыкка чалууну айтат.