Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

15–БӨЛҮМ

Лоттун аялы артын карайт

Лоттун аялы артын карайт

ЛОТ жана анын үйбүлөсү Ыбрайым менен чогуу Канаан жеринде жашачу. Бир күнү Ыбрайым Лотко: «Биздин малыбызга бул жер тар болуп жатат. Кел, бөлүнөлү, эгерде сен солго кетсең, мен оң тарапка кетем»,— дейт.

Лот айланага көз чаптырып, суусу, чөбү көп жерди көрөт. Ал Иордан өрөөнү эле. Лот үйбүлөсү, малы менен ошол жакка көчүп, акырында Содом деген шаарга отурукташат.

Содомдун тургундары аябай жаман адамдар эле. Лот ага абдан кайгырат, себеби ал жакшы адам болгон. Буга Кудай да кайгырат. Акыр-аягы, Кудай Содом менен Амордо жашагандардын жаман иштери үчүн ал шаарларды талкалай турганын Лотко айтуу үчүн эки периштесин жиберет.

Алар Лотко: «Аялың менен кыздарыңды алып, бул жерден тезирээк кет!» — деп буйрук беришет. Лот үйбүлөсү менен шашпай койгондуктан, периштелерге аларды шаардан жетелеп чыгууга туура келет. Анан периштелердин бири: «Жаныңарды куткаруу үчүн чуркагыла! Артыңарды карабагыла. Өлүп калбаш үчүн тоого качкыла»,— дейт.

Лот менен кыздары тил алып, Содомдон качып кетишет. Алар бир мүнөткө да токтошпойт, артын да карашпайт. Бирок Лоттун аялы тил албай коёт. Содомдон алысташканда Лоттун аялы токтоп, артын карап жиберет. Ал ошол замат туз мамыга айланып калат. Аны сүрөттөн көрүп жатасыңбы?

Биз мындан чоң сабак ала алабыз. Кудай анын тилин алгандарды сактайт, ал эми тил албагандар жок кылынат.