Мазмунун көрсөтүү

Мазмунун тизмесин көрсөтүү

16–БӨЛҮМ

Ыскак жакшы кызга үйлөнөт

Ыскак жакшы кызга үйлөнөт

БУЛ сүрөттөгү кыздын ким экенин билесиңби? Анын аты — Ребека. Аны тосуп чыккан киши болсо Ыскак. Ребека Ыскакка турмушка чыкканы жатат. Кандайча мындай болот?

Ыбрайым уулу Ыскакка жакшы колукту алып бергиси келет. Ал уулунун канаандык кыздарга үйлөнүшүн каалабайт. Анткени канаандыктар жалган кудайларга сыйынышат. Ошондуктан Ыбрайым кулун чакырып, ага: «Туугандарым жашаган Харанга барып, уулум Ыскакка ошол жерден аял алып келишиңди каалайм»,— дейт.

Кул ошол замат он төөнү алып, узак сапарга чыгат. Ал Ыбрайымдын туугандары жашаган жерге жете бербей кудуктун жанына токтойт. Күн кечтеп калган. Адатта, ал шаарда жашаган аялдар ошол убакта суу алуу үчүн кудукка келишчү. Ошондуктан Ыбрайымдын кулу Жахабага: «Сен Ыскакка тандаган колукту мага жана төөлөрүмө кудуктан суу сузуп берсин»,— деп тиленет.

Көп өтпөй Ребека суу алганы кудукка келет. Ыбрайымдын кулу суу сураганда, Ребека суу берет. Андан кийин суусаган төөлөрдү да сугарат. Төө сууну көп ичкендиктен, Ребекага оор эмгектенүүгө туура келет.

Ребека төөлөрдү сугарып бүткөндө, Ыбрайымдын кулу андан атасынын атын сурайт. Алардын үйүндө түнөөгө орун бары-жогун да сурайт. Ребека: «Атамдын аты — Бетуел жана конуп кетүүгө да орун бар»,— деп жооп берет. Бетуел Ыбрайымдын тууганы Нахордун баласы экенин кул билчү. Ошондуктан ал чөгөлөп, Жахабага аны Ыбрайымдын туугандарыныкына алып келгени үчүн ыраазычылык билдирет.

Ыбрайымдын кулу ошол эле кечте Бетуел менен Ребеканын агасы Лабанга кандай максат менен келгенин айтат. Экөө тең Ребеканын кул менен кошо кетип, Ыскакка турмушка чыгуусуна каршы болбойт. Ребекадан кандай ойдо экенин сурашканда, ал эмне деп жооп берген? Ал «ооба» деп, баргысы келерин айткан. Эртеси күнү алар төөгө минип, Канаанды көздөй узак сапарга чыгышат.

Көздөгөн жерине алар кечке жуук жетишет. Ребека талаада келаткан кишини көрөт. Ал Ыскак эле. Ыскак Ребеканы көргөндө аябай сүйүнөт. Апасынын өлгөнүнө үч эле жыл болгондуктан, Ыскак апасын эстеп, куса болуп жүргөн. Эми болсо ал Ребеканы абдан жакшы көрүп калат жана кайрадан бактылуу болот.